Акыркы кездерде “Ирак жана Шам исламий мамлекети” (ИШИМ) тобуна каршы күрөшүү үчүн АКШ башчылыгында араб жана Батыш мамлекеттеринен эл аралык союз түзүлүшү мусулман дүйнөсүндө кеӊири талкууланууда.
Көптөгөн исламий аалымдар бул долбоорду “жаңы крестүүлүк согушу” деп баалап, катуу сындап чыгышты.
Максат, ыкма жана ал тургай Ирак жана Шамда тикеленген “халифалык”ты четке кагып жаткан көз карандысыз исламий аалым жана саясатчылар аларга байланыштуу проблемалар Ислам Үммөтүнүн ички иши болуп, негизги максаттары Үммөткө жана айрыкча Исламга каршы күрөшкө каратылган Батыштын бул иштерге аралашуусуна жол коюуга болбойт деп эсептешүүдө.
Биринчилерден болуп Эл аралык исламий уламалар кеӊешинин төрагасы шайх Юсуф ал-Карзовий нааразылыгын билдирди. Ал берген билдирүүдө, өзү “ИШИМ”ди таптакыр колдоп-кубаттабаса да, “ИШИМ”ге каршы Америка тарабынан түзүлгөн союзду четке кага тургандыгын билдирди.
О.э. Араб (Перс) булуӊу мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин шаръий аалымдар лигасынын төрагасы Ажил ан-Нашмий да нааразылыгын билдирди. Анын билдирүүсүндө, Батыш жана араб мамлекеттери тарабынан террорго каршы түзүлгөн союз, Исламга каршы болгон эӊ кооптуу союз экендиги айтылат. Мындан тышкары анын кабар беришинче, бул долбоор коркунучтарын биринчилерден болуп ачып берген адам – бул Түркиянын президенти Режеп Таййиб Эрдаган. Тарыхты окугандарга белгилүү болгондой, Усманий Халифалыктын кулашына да ушуга окшогон союз себепкер болгон. Түрк ММКларынын кабар беришинче, Түркия “Ирак жана Шам ислам мамлекети”не каршы түзүлгөн эл аралык союзга катышууну четке какты.