Америка менен түзүлгөн ар кандай аскерий союз кооптуу жана шаръий түрдө арам болуп, тезинен аны токтотуу керек!

287
0

Бүгүн Малайзияда (Келантан жана Тренгану региондорунда) АКШ кошуундары турат. Алар Малайзия кошуундары менен бирге 2014-18 Керис машыгууларын өткөрмөкчү. Керис машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт, анын курамына өлкөнүн экинчи бөлүмүндөгү сегиз бригада кирет. Бул машыгуулар 13-сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт. Бул туурасында «ушул эки тараптуу аскерий операциянын негизги максаты – табигый кырсыктар менен күрөшүүдө өз ара билим жана тажрыйба алмашуу о.э. БУУнун тынчтыкты сактоочу операцияларын аткаруу» деп айтылды. Бул машыгууларга Американын Гавайдагы базасынан 540 америкалык аскер жана 638 малайзиялык аскер катышат.

Хизб-ут-Тахрир–Малайзия жалпысынан өлкөнүн күчтөрүн, өзгөчө Малайзия куралдуу күчтөрүн эскертип, аларды мындай операцияны о.э. Америка менен түзүлө турган ар кандай аскерий союзду тезинен токтотууга чакырат. Себеби, Америка Исламга каршы согуш алып барып жаткан иш жүзүндө согуш абалындагы куфр мамлекети болуп, Исламдын биринчи номердеги душманы. Акыйкатта болсо, Америка кылмыш, жырткычтык очогу эсептелип, бүткүл Ислам дүйнөсүндөгү, өзгөчө, Ортоңку Чыгыштагы проблемалар жана туруксуздуктардын себепчиси болуп турганда, деги, кандай тынчтык операциясы жөнүндө сүйлөө мүмкүн?! Америка бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарды террор кылып жатканда, деги, кандай тынчтык операциясы жөнүндө сүйлөө мүмкүн?! Малайзия бийлиги муну эсепке албайбы?! Америка менен эки тараптуу аскерий машыгуу өткөрүү арам болушунан тышкары, ал себептүү өлкө кооптуу абалга кабылып, өлкөнүн аскерий потенциалынын чоң бөлүгү душмандын чеңгелине түшөт… Аскерий кубат душман менен аскерий машыгуулар алып баруу аркылуу душманга моюн сундурулушунун ордуна, тескерисинче, ага каршы турушу керек! Америка Исламга каршы согуш алып барып жаткан иш жүзүндө согуш абалындагы куфр мамлекети болгондуктан аны менен Малайзия ортосунда узак мөөнөттүү аскерий кызматташтыктын уланышы шаръий өкүмдү бузуу болуп, Исламда ачык-айкын арам кылынган. Бул мамлекет Афганистан, Ирак, Пакистан, Яман сыяктуу өлкөлөрдөгү ага-инилерибизди жана эже-карындаштарыбызды кыргын кылган о.э. Палестина жана Сирия сыяктуу башка исламий өлкөлөрдө мусулмандардын массалык түрдө кыргын кылынышын колдоп-кубаттаган. Шек-күмөнсүз, Америка жетекчилигиндеги терроризмге каршы күрөш деген нерсе түпкүлүгүндө Исламга каршы алып барылып жаткан согуштан башка нерсе эмес. Бул мамлекет менен шариятта уруксат берилген жападан-жалгыз мамиле – согуш абалы!

Ислам кафирлерден жардам суроону арам кылган, Расулуллах A айтат:

«لا تَسْتَضِيئُوا بِنَارِ الْمُشْرِكِينَ»

«Мушриктер отунан жардам сурабагыла». Бул нерсе Заххак Gнун ушул хадисинде да келген: «Расулуллах A Ухуд согушуна чыкты. Ошондо бир хасна же хашна тобуна туш келип: Ким алар, деп сурады. Алар баланча яхудийлер деп жооп берилген соң: Биз кафирлерден жардам сурабайбыз, деди». Хафиз Абу Абдуллах икая кылып, санадын Абу Хамид Саидийге алып барат: «Расулуллах A согушка чыгып, Вада тоосунан өтүп, бир жамаатка туш келди. Ким алар, деп сураганда: Алар Кайнака мууну, Абдуллах ибн Саламдын кербени, деп жооп беришти. Ал зат: Исламга киришкенби, деп сурады. Жок, алар өз дининде калышкан, деп жооп беришти. Ошондо ал зат: Айткыла, кайтып кетишсин, биз мушриктерден жардам сурабайбыз, деди». Демек, бул маселе абдан ачык-айкын т.а. кафир мамлекеттер менен аскерий кызматташтык кылуу шаръий түрдө арам. Ошентип, Малайзия менен Америка ортосунда кандай гана түрдө болбосун, союз түзүү жана эки тараптуу аскерий машыгууларды өткөрүү эч кандай шартсыз албетте тезинен токтотулушу керек.

 Абдулхаким Усман

Хизб-ут-Тахрирдин Малайзиядагы

басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Телефон: 03-89201614

Электрондук почта: htm@mykhilafah.com

Веб баракча: www.mykhilafah.com

Дареги: Khilafah Centre, 47-1, Jalan 7/7A,

Seksyen 7, 43650 Bandar Baru Bangi, Selangor

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here