Биз 1960-жылдын 16-ноябрында Жалал-Абад областында төрөлгөн жана учурда Бишкек шаарында жашап жаткан муслима эжебиз Кыпчакбаева Сайракан Кенжетаевна Кыргызстандын күч органдары тарабынан 2014-жылдын 27-март күнү Бишкек шаардык Биринчи-Май райондук сотуна чакыртылганы жана эч кандай негизсиз чыгарылган соттун чечими менен Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайына камап коюлганы жөнүндө кабар берген элек.
Бул муслима эжебизди Кыргызстан Кылмыш кодексинин 299 – (этникалык, диний жана улуттар аралык чатак келтирип чыгарууга аракет кылуу) беренеси менен, айрыкча Хизбут-Тахрир исламий саясий партиясына мүчө болгондукта айыптап жатышат. Кыпчакбаева Сайракан эжебиз экинчи топтогу майып болушуна карабастан, бир өзү аял башы менен беш баланы т.а. төрт уул жана бир кызды тарбиялап, чоӊойтту. Анын жалгыз кызы да өзү сыяктуу экинчи топтогу майып болуп, энесинин кароосуна муктаж, өз алдынча аракет кыла албайт. А бирок, бул муслима эжебиз үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу, карамагында оорулуу кызы болушуна карабастан УКМК кызматкерлери жана Биринчи-Май райондук соту ар кандай адамдык сезимдерди бир сетке жыйыштырып коюп Сайракан эжебизди эч бир негизсиз камакка алышты. Сайракан эжебиз аз кандуулук оорусунун натыйжасында колдорундагы тырмактары түшүп кеткендиги жана кан басымы өтө төмөндөп кеткени себептүү медициналык жардамга жана дарыланууга муктаж болушуна карабастан убактылуу сактоочу камакканада ага эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөдү.
Эжесинин жана балдарынын тийиштүү мамлекеттик мекемелерге муслима эжебизге медициналык жардам көрсөтүүнү сурап кайрылган бардык кайрылуулары жоопсуз калды, өкмөт да буга эч кандай көӊүл бурбады.
Кыпчакбаева Сайракан алты ай бою убактылуу кармоочу камакта ар кандай медициналык жардам же дары-дармексиз кармап турулгандан кийин 2014-жылдын 10-сентябрь күнү Биринчи-Май райондук сотунда судья Субанкулов А.А төрагалыгы астында о.э. прокурор Жаманкулов Э.М. жана актоочу Жунусов Ж.М. катышуусунда соттук отурум болуп өттү. Соттук отурумда Сайракан эжебиз менен бирге 1986-жылдын 17-мартында Нарын областында төрөлгөн, үй-бүлөлүү, эки жаш баланын энеси болгон муслима карындашыбыз Орозбекова Гүлзина Качкыновнанын да иши каралды.
Кыпчакбаева Сайракан эжебизге Хизбут-Тахрир сабында иш-аракет алып барганы үчүн мурун да т.а. 2011-жылдын 2-август күнү дал ушул Биринчи-Май райондук соту тарабынан үч жыл мөөнөткө шарттуу кесилип, бир жылдык сыноо мөөнөтү белгиленген эле. Бирок, бул өкүмдү өзү үчүн Аллахтын сыноосу катары кабыл алган муслима эжебиз даъватын бир мүнөткө да токтотпогон эле.
Соттук отурумда Сайракан эже жана Гүлзина карындашыбызды Кыргызстан Кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен айыптап, тинтүү маалында алардын үйүнөн Хизбут-Тахрир китептери менен бирге табылган “Куранды түшүнүүнү көздөй”, “Балдарга белек”, “Тандалган хадистер”, “Муслималардын эӊ зарыл болгон суроолоруна жооптор” китептери далил зат катары сунушталып, Сайракан эжебизге карата алгачкы шарттуу жазаны кошкон абалда сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, жазаны аялдар камагында өтөй турган болду.
Орозбекова Гүлзина карындашыбыз биринчи жолу соттолуп жатканы, карамагында эки жаш баласы бар экендиги эске алынуу менен үч жыл мөөнөткө шарттуу түрдө кесилип, бир жылдык сыноо мөөнөтү дайындалды.
Кыргызстандын расмий бийлиги Ислам дини жана анын баалуулуктарына каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө эркектер эле эмес, тескерисинче, алсыз аялларды да эркинен ажыратуудан уялбай калды. Мындан бир аз мурда УКМК кызматкерлери тарабынан 1976-жылы 5-март күнү Жалал-Абад шаарында төрөлгөн Токтобаева Жумазия Сүйүтбековнанын 2014-жыл, 1-апрель күнү Бишкек шаарындагы жашап жаткан үйүндө тинтүү өткөргөн. Тинтүү маалында анын үйүнөн Хизбут-Тахрирге тиешелүү болгон китептер табылгандыктан Кыргызстан Кылмыш кодексинин 299 – (этникалык, диний жана улуттар аралык чатак келтирип чыгарууга аракет кылуу) беренеси боюнча айыптап камакка алынган эле. Кийинчерээк 2014-жыл, 24-июнь күнү Биринчи-Май райондук сотунда Ибраев М.Т төрагалыгында болуп өткөн соттук отурумда Токтобаева Жумазия карындашыбызды 4 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган болчу.
Бийликке келгенге чейин Ноокат окуясы боюнча мусулмандардын камакка алынышын каралап, “ла илаха иллаллах деп айтканы үчүн адамдарды камакка алуу акылга туура келеби” деп таӊ калгандыгын билдирген Атамбаев, Ислам жана мусулмандарга каршы ашкере күрөштө активдүүлүгүн көрсөткөн жана бул жолдо адамдарды өлтүрүүдөн да кайра тартпаган Бакиевден ашып түшүүдө.
Атамбаев өкмөтү ууру, каракчы жана адам өлтүргүчтөрдү эч экиленбестен азаттыкка чыгарып жаткан болсо да, Роббим Аллах деген мусулман эркек жана аялдарды камакка таштап жатат. Расмий бийлик бул аркылуу сөзү менен иши дал келбестигин көрсөтүүдө.