Россия чет өлкөдөгү аскерий базаларын, ошону менен бирге Орто Азияда жайгашкан базаларын активдүү абалга келтирүүнү улантат. Бул тууралуу Россия коргоо министри Сергей Шойгу министрликтин жалпы жыйынында билдирди.
Россиянын коргоо министри: “Биз чет өлкөдөгү аскерий базаларыбызды, айрыкча, Кыргызстан, Тажикстан жана Армениядагы аскерий базаларыбызды күчөтүүнү улантабыз”, – деди.
Жыйындан бир аз мурда Сергей Шойгу Россия куралдуу күчтөрү Белорусияда да аскерий ишмердүүлүгүн баштагандыгын билдирип өттү. “Интерфакс” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, Россия мурунку Советтер Союзу мамлекеттеринин бир болгон Белорусияга да өз аскерлерин жайгаштырган.
Агенттикке берген интервьюсунда Шойгу: “Биз Белорусияда негизги пландарыбызга ылайык келген көрүнүштө Россия армиясын жайгаштырдык жана аскерлерибиз ал жерде кызмат өтөй баштады”, – деди.