Өлкөнүн өнүгүүсүнө экономиканын таасири чоң экендиги талашсыз. 3-дүйнө өлкөлөрүндө экономиканын жогорулашына тоскоол болуучу факторлордун бири – ал мамлекеттин тышкы карыздары. Андыктан, Кыргызстандын тышкы карыздарынан кабар алсак.
Жалпысынан 2013-жылдын ноябрь айындагы жыйынтыгы боюнча сырткы карыз $2, 746 млрдка жеткен. Мындан келип чыгып, кантип мындай абалга кептелдик, эмнеге көп карыз алсак дагы өнүкпөйбүз, мындан ким пайда көрөт, бул көйгөйдөн арылуунун жолу кандай – мына ушундай суроолор туулбай койбойт.
Эми Кыргызстан кимге канча карыз экендигин кыскача карап өтсөк
Негизи тышкы карыз 2 түргө бөлүнөт
А) эки тараптуу ( башка мамлекеттерге болгон карыз)
- КЭРге $527 миллион 647 миң
- Россия федерацисына $300 миллион
- Японияга $269 миллион 317 миң
- Германияга $100 миллион 240 миң ж.б жалпысынан эки тараптуу карыз $1 миллиард254миллионду чапчыйт.
Б) ар тараптуу ( ДБ, АБ, ЭВК ж.б)
- Дүйнөлүк банкка $654,843 миллион
- Азия өнүктүрүү банкына $584,916 миллион ж.б.
Ар тараптуу карыздар жалпысынан $1,492 миллиардды түзөт.
Бул кредиттер көбүнчө 0.75% -5%дык көлөмдөгү төлөмдөр менен 20-30 жылга берилет.
Кыргызстан бул кредиттерди жабуу үчүн 2012-жылы бюджеттен 4,3млрд сом жумшаган. Жана 2013-жылы бул көрсөткүч 5,6 млрд сомго жогорулаган. Өкүнүчтүүсү сырткы карыз жылдан-жылга жогорулап барууда.Эгерде мындай көрсөткүчтө улана бере турган болсо, финансылык кризис болот, өлкө өнүкмөк түгүл, анда туруксуздук жаралат.
Мамлекет бул карыздардан бүгүнкү капиталисттик экономикалык эрежелерге негиздеп кутулмакчы болот:
1) Алтын валюталык резервден төлөйт
2) Карыз берген мамлекеттин инвесторлорун киргизет, проектилерин кабыл алат. (Мисалы, Россиянын “Газпромуна” “Кыргызгаз” берилгени сыяктуу).
3) Секвестр ( мамлекеттик кызмат орундарын кыскартат же айлык акы, пенсияны азайтат ж.б.у.с)
4) Карызды төлөө үчүн кайра кредит алат.
Ооба, мындай жол менен Кыргызстан бул карыздардан арыла албасы бештен белгилүү, жада калса мындай жол менен ал дагы да карызга бата берет. Себеби 1) Мамлекет алган кредиттерин киреше алып келе турган тармактарга жумшабайт. Тескерисинче кирешелүү тармактарды башка мамлекеттерге, инвесторлорго кармата берет ( ГЭС, алтын кендери сыяктуу). А алынган кредиттер болсо көбүнесе бюджеттин дефицитин жоюуга иштетилет. 2) Карызды төлөө үчүн кайра кредит алуу карызды көбөйткөндөн башкага алып барбайт. 3) Дефицитти жоюу үчүн жалаң эле секвестр ыкмасын колдонуу, ансыз да жашоо турмушу оор болуп турган элди эзип жиберет. Бийликке болгон нааразылык көтөрүлүштөрдү келтирип чыгарат. Алардын кесепети миллиондогон чыгымдарды жаратат.
Жогоруда көргөнүңүздөрдөй ар бир акылын иштеткен адам бизге окшогон мамлекеттерди колонизатор капиталисттер ушундай акыбалга салып койгонун көрө алат. Муну менен алар 3-мамлекеттерди аларга кызмат кылдырып, алардын кен байлыктарын талап-тоноп, дайыма өздөрүнө көз каранды кылып коёт.
Албетте, башка көйгөйлөр сыяктуу эле, мусуман өлкөлөр үчүн карыздардан арылуунун жолу да – бул Халифалык. Себеби, Халифалык гана адилетсиз колонизатордук эрежелерди жокко чыгарып, Аллах тарабынан түшүрүлгөн адилеттүү түзүм менен башкарат.
Мисалы, кредиттер маселесине келсек, Исламда пайыздуу кредит алуу да, анын пайызын төлөө да арам кылынган.
Алла Таала айтат:
}يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنتُمْ مُؤْمِنِينَ{
– «Эй момундар, Алладан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, сүткордук саркындыларын таштагыла». [2:278]
О.э. ибн Маажа ибн Масъуд аркылуу
«أَنَّهُ لَعَنَ آكِلَ الرِّبَا وَمُؤَكَّلَهُ وَشَاهِدَيْهِ وَكَاتِبِهِ»
«Пайгамбар r сүткордукту жегенди, жедиргенди, күбөлөрүн жана катчысын наалаттады»дегенин риваят кылган.
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم المسلمون شركاء في ثلاث في الماء والكلإ والنار
Ал эми газ, алтын сыяктуу кендерибиздин, ГЭСтер сыяктуу тармактарыбыздын пайыздуу карыздар акысына чет элдик инвесторлорго берилиши арам.
Анткени, алар жалпы жарандардын мүлкү болуп саналат. Андыктан, Халифалык аларды империалисттер колуна тапшырып койбойт. Алардын өзүнөн пайдалануу үчүн калкка шарт түзүп берет о.э. алардан түшкөн кирешени ар бир жаранга бөлүп берет.