Сиз электрондук сайтыңызда 2014-жылы 20-октябрь күнү Сайфиддин Амирийдин калемина таандык «Хизб-ут-Тахрир идеясындагы караңгы, зордукчул жана такфирчил көз караш» деген макаласын басып чыккансыңар. Макаланын аталышынан жана анын мазмунунан бул автор Хизб-ут-Тахрирди жаман көрүшү ачык-айкын көрүнүп турат, бул жек көрүү авторду Хизбге калыстык менен карашына тоскоол кылып гана калбастан, ал тургай, Хизбге каршы жалган жалаа жабууга да үндөгөн.
Биз бул макалада жалган, алдоо жана акыйкаттарды бурмалоо орун алганы үчүн анын басылып чыкканын каралоо менен бирге, калыстыктын изи да болбогон жана акыйкатты издөөдөн абдан алыс болгон макаланы басып чыкканыңарга өтө таң калганыбызда да билдиребиз. Арийне, сизден бул автордун макаласында көрсөтүлгөн нерселерге берилген ушул раддияны басып чыгышыңызды үмүт кылабыз. Бул үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз.
Алгач, Хизб-ут-Тахрир жөнүндө кыскача кириш сөз зарыл:
Хизб-ут-Тахрир – саясий хизб, мабдасы – Ислам. Хизб Үммөт Исламды тагдырий маселе катары кабыл алышы үчүн жана Аллах түшүргөн нерсе менен башкарууну турмушка кайтаруу максатында Үммөткө жетекчилик кылуу үчүн Үммөт арасында жана аны менен бирге иш-аракет алып барат. Демек, Хизбдин иш-аракети – исламий даъватты саясий жол менен алып чыгуу, ошондуктан, Хизб маддий амалияттар менен алектенбейт. Себеби, Хизб Исламий мамлекетти тикелөө үчүн даъватты көтөрүп чыгууда Расул Aга ээрчийт жана Хизбдин мабдасы Ислам. Бул болсо, исламий акыйда жана бул акыйдадан келип чыккан шаръий нусустар гана Хизбдин пикирлерди жана өкүмдөрдү алышындагы негиз экенин түшүндүрөт… Булардын баары Аллах Тааланын Азиз Китебиндеги көрсөтмөгө моюн сунуу үчүн аткарылат:
﴿وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
«Араңардан жакшылыкка даъват кыла турган, маъруфка буйруп, мункардан кайтара турган үммөт-жамаат болсун, дал ошолор нажат табуучулар» [3:104]
Эми макалага келсек… бул макала Хизбге жалган жалаа жабуудан турат. Бул орун макаладагы жалган-жалаалардын баарына раддия берүүгө аздык кылат. Ошондуктан, белгилүү бир жагдайларга гана раддия берип, автордун Хизбди жаман көрүшүн, жалган жалааларын, Хизб жана анын пикири жөнүндө сөз кылууда калыс болбогонун баяндайбыз:
Биринчиден: автор макаланы «Хизб-ут-Тахрир идеясындагы караңгы, зордукчул жана такфирчил көз караш» деп атаган. Ал Хизбдин көз карашын «караңгы» деп көрсөткөн. Автор Хизбдин көз карашы жана пикирлери исламий гана экенин билбейби? Ал кантип аларды «караңгы» деп аташы мүмкүн?! Автор «зордукчул» деген сөздөн эмнени максат кылганын ачыктабаган… Ал эми, автордун «такфирчил» (куфрга чыгаруу) деген сөздөрүнө келсек, ал «Хизб башка исламий кыймылдарды кафирге чыгарат» деп Хизбге жалган жалаа жапкан! Бул жөнүндө автор дагы мындай дейт: «Абдан аз уюм, же бирикме, же исламий кыймыл тахрирчилердин куфрга чыгарышынан четке калган». Акыйкатта болсо, чындык бүтүндөй тескери. Ошондуктан, биз автордон Хизбдин китептеринде жана баракчаларында, же интернеттеги сайтында Хизб исламий кыймылдарды куфрга чыгарганы жөнүндө айткан бирер текстти далил катары көрсөтүүнү талап кылабыз. Табигый болгондой, мындай текст жок жана автор эч бир далилсиз айыптап жатканына толук ишенебиз. Биз автор Хизбге жалган жалаа жапканы үчүн Кыямат күнү Аллах алдында эсеп-китеп беришин эске салабыз… Акыйкат болсо төмөнкүдөй: Хизб-ут-Тахрир исламий даъватты жеткирип жаткан мабдаий хизб катары даъватты жеткирүү, насаат кылуу, Ислам өкүмдөрүнө тескери иш кылуудан эскертүү негизинде башка кыймылдар менен алака кылат… Хизб исламий кыймылдарды кафирге чыгарбаганы үчүн бул кыймылдар автор айтып жаткан сөздөрдү айтпайт. Ошондой болгон соң, автор бул жалганды кайдан алды?!
Ал эми, Хизб-ут-Тахрирдин «демократия – куфр» деген сөздөрүнө келсек, бул Хизбдин фантазиясы эмес, тескерисинче, Исламдын көз карашы. Демократия – бул автор жана башкалар «демократия калктын өз акимдерин шайлашы гана» деп көрсөтүүгө урунуп жаткандай эмес. Тескерисинче, демократия негизинен бийлик элдики деген маанини түшүндүрөт т.а. калк өзүнүн жашоо таризи үчүн тандаган түзүмдөрдү шайланган өкүлдөр аркылуу мыйзамга айлантат. Автор бийлик Шарияттыкы деген Исламдын катъий өкүмдөрүнүн бирин билмексен болууда. Т.а. Шарият – түзүмдөрдүн жана мыйзамдардын булагы, калк болсо ушул түзүмдөрдү жана мыйзамдарды колдонуп Аллах Тааланын буйругун гана аткарат. Демек, демократия фикраты – куфр, анткени, демократияда бийлик Шариятка эмес, калкка таандык. Аллах Таала айтат:
﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ﴾
«Силер болсо, Ал Заттан башкага, өзүңөр жана ата-бабаларыңар атап алган наамдар-буттарга гана ибадат кыласыңар. Акыры, Аллах аларга (ибадат кылуу жөнүндө) эч бир далил түшүргөн эмес го? Өкүмдарлык Аллахка гана таандык. Ал Зат силерди Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт» [12:40]
﴿وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ﴾
«Пайгамбар силерге тартуу кылган нерсени алгыла, кайтарган нерседен тыйылгыла жана Аллахтан корккула! Албетте, Аллахтын жазасы катуу» [59:7]
Экинчиден: автор Хизбдин пикирлерин «жалпы инсандык формулаларга ылайык жашоо үчүн инсан ойлоп тапкан түзүмдөргө жана эркиндикке бүтүндөй карама-каршы» деп сүрөттөгөн.
Автор мабдасы Ислам болгон саясий хизб жөнүндө сөз кылып жатканын унутуп койгон же өзүн унуткандай көрсөткөн. Хизб табанний кылган бардык өкүмдөрдүн жана таянып жаткан бардык пикирлердин негизи – исламий акыйда. Ошондуктан, ким Хизбди талкууламакчы болсо, аны Ислам негизинде талкуулайт. Андыктан, автор Хизбди жана анын пикирлерин ал айткан ошол адамзат ойлоп тапкан инсаний түзүмдөр негизинде кантип талкуулашы мүмкүн?! Кала берсе, бул автор мусулман экенин, ошондуктан, пикирлөөдө жана амалда негиз катары Исламга таянышы важиб экенин кантип унутушу мүмкүн?! Кантип адамзат Роббисинин шариятын эмес, инсан ойлоп тапкан мыйзамдарды пикирлерге өкүм чыгарууда негиз жана өлчөө кылып алышы мүмкүн?! Жада калса, автор Хизб негизделген исламий пикирлерди «караңгы» деп атап чабуул кылган!
Үчүнчүдөн: автор Хизб жөнүндө мындай дейт: «Хизб инсан-мусулман эркиндикке, өзүнө аким шайлоого, оппозицияда болууга жана нааразылык акцияларына катышууга ээ экендигин таптакыр моюнга албайт».
Кандай гана жалган-жалаа?! Акыйкатта болсо, Хизб-ут-Тахрир түзүлгөн күндөн тартып эле адамдарды Батыш колонизаторлугунун бардык көрүнүштрүнөн азат болууга, колонизатордун жүгүртөк куралдарын кулатууга жана исламий жашоону кайрадан баштоого чакыра баштаган… Хизбдин акимдерди тергеп-тескөөнү, алардын зулумуна каршы турууну, аларды өзгөртүүнү жана бул жолдо курмандык берүүнү мусулмандардан талап кылган баракчалары абдан көп. Хизб мунун менен гана чектелип калбастан, мусулмандарды түрдүү ыкмалар менен, алардын катарында, күчтүү элдик демонстрациялар, массалык конференциялар, пикирий жана саясий жыйындар менен, Үммөт өкүлдөрү батыл жана анын калкынын жүзүнө тике карап акыйкат сөздү ачык айтышы жана башка ыкмалар менен аракет кылууга чакырат. Акимдер Хизб жана анын көз карашы калкты бул акимдерге, алардын зулумуна каршы козгоодогу коркунучун түшүнүп жетишти. Ошондуктан, алар Хизбге каршы согуш ачышты, камакка алуу, а түгүл, айрым абалдарда шейит болууга алып келген кыйноолор жана адилетсиз өкүмдөрдү чыгаруу менен Хизбди куугунтуктоого алышты… Ошондой болгон соң, автор кантип Хизбдин аракети жөнүндөгү бекем чындыктарды четке кагышы, ал тургай, аларга жалган жалаа жабышы мүмкүн?!
Төртүнчүдөн: автор дагы мындай дейт: «Патриоттук же улуттук деп аталган илманий партиялар тахрирчилердин пикирлөө чөйрөсүнөн тышкары партиялар т.а. илахий шариятты моюнга албаган индивидуалдык куфр стратегиясына ээ партиялар, арийне, алар менен күрөшүү туурасында сөз кылуу мүмкүн эмес».
Автор Хизб илманий партиялар илахий шариятты моюнга албайт жана индивидуалдык куфр стратегиясына ээ деп билет деп жатат. Ушул орунда авторго мындай суроо салабыз: партиянын, ар кандай партиянын илманий болушунун мааниси эмнени түшүндүрүшүн билесизби? Бул, ушул партия динди турмуштан бөлүү акыйдасына негизделгенин түшүндүрөт, ошондуктан, инсан Роббисинин шариятын эмес, инсан ойлоп тапкан түзүмдөрдү колдонууга чакырат, ал тургай, Исламдын турмушка кайтышына каршы күрөшөт дегени… Андыктан, илманий хизб кантип исламий болсун?! Илманий хизбдин мүчөсү болгон кимсенин мусулман же мусулман эмесине келсек, бул анын илманий хизб мүчөсү экенине эмес, анын итикадына байланыштуу. Ошондуктан, эгер ал динди турмуштан жана мамлекеттен бөлүү акыйдасына – бул акыйданын вакиъсин түшүнүп жетип – итикад кылса кафир болот. Эгер, бул акыйдага итикад кылбаса, исламий акыйдага ыйман келтирип, бирок, билбестик, же адашуу, же бирер пайда, же ушуга окшош нерселер натыйжасында бирер илманий хизбге мүчө болуп калган болсо, ал күнөөкөр мусулман болот.
Андан кийин автор Хизб башка партияларга каршы «согушууга» чакырат деп айткан… Автор Хизб курал колдонууга чакырат деген ой пайда болушу үчүн «согушуу» сөзүн чечмелебестен окурмандын өзүнө калтырган! Акыйкатта болсо, Хизбдин илманий хизбдерге карата позициясы анык: Хизб бул партиялардын негизи Ислам эмес, динди турмуштан бөлүү фикраты болгону үчүн алар негизделген пикирлер куфр экенин баяндайт. Хизб бул партиялардын мүчөлөрүн партиядан чыгууга чакырат, мусулмандарды бул партияларды четке кагууга, алар менен бирге аракет кылбоого үндөйт. Бул партиялар мусулман өлкөлөрүн колония кылган Батыш мамлекеттеринин таштандылары экенин баяндайт. Хизб бул түркүн илманий партиялардын баары колонизатор кафирлердин хазаратынан алынган пикирлерге негизделет деген этибарда карайт.
Бешинчиден: автор Хизб-ут-Тахрир менен «Ихванул Муслиминдин» алакасы жөнүндө бүдөмүк, жада калса, карама-каршы көрүнүштө сөз кылат. Автор мындай дейт: «Хизб-ут-Тахрир бийликке жетүү үчүн түрдүү ыкмалар менен жихад кылууга таянат, бул нерсе Хизб-ут-Тахрир үчүн ачык-айкын, Ихван болсо мунун тескериси, Ихванчылар саясат менен зомбулук ортосунда көп манёвр жасоо менен ыксыз методдорго таянышат».
Автор «Хизб-ут-Тахрир бийликке жетүү үчүн түрдүү ыкмалар менен жихад кылууга таянат» деген сөздү көп жолу кайталаган, башка орундарда болсо «Хизб куралдуу амалияттарды колдонот» деген… Биз жогоруда Хизб-ут-Тахрир исламий даъватты саясий жол менен жеткирип жаткан саясий хизб экенин айткан болсок да, ушуларды кошумчалайбыз: Хизб бийликке жетүү туурасындагы тарыйкатын өзүнүн китептеринде жана баракчаларында ачык-айкын баяндаган. Ошондуктан, бул тарыйкат акыйкатты издеген ар бир кишиге гана эмес, алыс-жакындагы баарына маалым… Хизбдин тарыйкаты Ислам негизиндеги ваъй оммдон келип чыккан исламий раъй оммду жүзөгө келтирүүгө жана Исламды турмушта колдонуу үчүн кубат ээлеринен нусрат талап кылууга негизделет. Демек, Хизб Расулуллах Aга ээрчигендиктен өз максатына жетүү үчүн курал көтөрүп чыкпайт. Белгилүү болгондой, айыптоочу анык далил келтириши керек. Ошондуктан, биз жалган жалаа жапкан автордон өзүнүн сөздөрүнө далил келтирүүнү сурайбыз! Хизб өзгөрүү жасоо манхажында пикирий жана саясий күрөшкө гана таянышын дос тиякта турсун, ал тургай, душман да жакшы билет!
Алтынчыдан: автор Хизбдин ичинде карама-каршылык бар экенин айтып мындай дейт: «Хизб бир тараптан, демократиялык түзүм – куфр түзүмү деп, башка тараптан Хизбдин айрым бөлүмдөрү шайлоолорго катышат жана аракет алып баруу үчүн бийликтин мыйзамдуу уруксат беришин моюнга алат, бул карама-каршылык ушул түрдөгү исламчылардын негизи болуп эсептелет».
Эгер, автор биз жогоруда көрсөтүп өткөн, Хизб куфр түзүмү деп атаган демократиянын акыйкатын түшүнгөндө эч кандай карама-каршылыкты көрмөк эмес… Хизб жогоруда баян кылганыбыздай Исламга тескери болгону үчүн демократиялык түзүмдү четке кагат… Ал эми, шайлоолорго т.а. адамдар өз көз карашын билдирүүдө өкүл шайлоолоруна келсек, Хизб шаръий түрдө мубах деген этибарда, Ислам өкүмдөрүнүн алкагынан чыкпоо шарты менен шайлоолорго катышат. Ошондуктан. Хизб Батыш мыйзамчылыгы негизиндеги шайлоолорго катышууну эч качан кабыл албаган.
Жетинчиден: автор мындай дейт: «… алардын басылмаларынан ачык-айкын көрүнүп тургандай, алардын назарында Исламий Халифалыктын ордун ээлей турган эч бир альтернатива жок, алардын бири да мистикалык Халифалык дүйнөсүнө кандай өтүү керектигин түшүндүрүп бере албайт».
Бул автор таң калтырат! Ал Исламий Халифалык Хизб китептеринде анык баян кылынбаган деп жана Халифалыкты мистикалык деп кантип айтышы мүмкүн?! Же ал Халифалык жөнүндө Хизбдин «Исламдагы башкаруу түзүмү» жана «Халифалык мамлекетинин жихазы (башкаруу жана идара)» сыяктуу китептеринде кеңири жана анык баян кылынганын окубаганбы?! Андан кийин автор Хизбди «алардын бири да мистикалык Халифалык дүйнөсүнө кандай өтүү керектигин түшүндүрүп бере албайт» деп доомат кылып айыптаган! Акыйкатта болсо, Хизб бийликке кандай жетүүнү өзүнүн көптөгөн китептеринде жана барачаларында кеңири баяндап түшүндүрүп берген. Бирок, бул автор карөзгөйлүктөн улам Хизб китептерин окуу туурасында аракет кылбаган!
Сегизинчиден: автор мындай дейт: «Изилдөөчү (Саид Хамуда) минтип баса белгилейт, Хизб-ут-Тахрир Палестина маселесинде китептерде, макалаларда жана элге даттанууда теориялык кайрылууларга гана чектелди, Элдик Каршылык Кыймылына же Улуттук Азаттык Кыймылына дээрлик катышпастан, эч кандай куралдуу канатты түзбөдү. Мындан да жаманы, бул Хизб баскынчылыкка каршы күрөшүп жаткан кишилерди куфрда айыптады, ошол эле учурда, бул Хизбдин айрым мүчөлөрү араб дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүндө мусулмандарга каршы курал көтөрүп чыгууда».
Хизб-ут-Тахрир Палестина маселеси үчүн баяндап берген тупкү чечимди теориялык деп атаган бул кимсеге таң каласың… Негизинен, Палестина басып алынган, баскынчылар ал жерде бир вужудду тикелеген, ошондуктан аны азат кылуу үчүн жихад алып баруу шаръий түрдө важиб… Яхудий вужудун коргоп жаткан Палестинанын тегерегиндеги тизмек мамлекеттер жана башка мамлекеттерден жардам алган жамааттарды жана кыймылдарды түзүү эмес, армияларды аракетке келтирүү Палестинанын чыныгы азат кылынышына алып барат… Палестинаны азат кылуу үчүн мусулман армиялары аракетке келтирилбеди, Палестина маселесине үстүртөн назар салуу менен Палестинаны дарыядан деңизге чейин азат кылуу жөнүндө сүйлөп келген кимселердин көпчүлүгү Палестинанын эң чоң бөлүгү басып алынганын мыйзамдуу деп эбак эле моюнга алышкан. Ошондой болгон соң, туура чечимди ишке ашыруу үчүн алкыштоого жана ээрчүүгө ылайык ким бар, ал Хизб-ут-Тахрир эмеспи?! Адамдарды алдабаган, яхудий вужудун жок кылуу үчүн мусулман армияларын аракетке келтирүү азаттыктын жолу деп көрсөтүп берген Хизб-ут-Тахрир эмеспи?! Үммөттүн важиб вазыйпасы – армияларды аракетке келтирүүгө жолтоо болуп жаткан акимдерге каршы туруу деп көрсөтүп берген Хизб-ут-Тахрир эмеспи?! Же көз каранды мамлекеттерге жана өздөрүн да, Палестинаны да, Палестина калкын да сатып жиберген малай акимдерге таянып калган башка кыймылдарбы?! Азаттык ураандарын көтөрүп чыккан бул кыймылдар бир карасаңар «мындан ашыгын аткаруу мүмкүн эмес» деген шылтоо менен адамдарга берген убадаларынан баш тартып жатышат. Ко-ош, ушул кыймылдар ээрчүүгө ылайыктуубу?!
Мындан да жаманы автордун ушул сөздөрү: « Мындан да жаманы, бул Хизб баскынчылыкка каршы күрөшүп жаткан кишилерди куфрда айыптады». Автор бул сөздү кайдан алды?! Деги, Хизб-ут-Тахрир «Хамас», же «Жихад уюму», же «Хизбуллах», же «Фатх» кыймылынын мүчөлөрүн кафирге чыгарганбы?! Акыйкатта болсо, Хизб-ут-Тахрир Ливан түштүгүндөгү июль согушунда, Газадагы согушта, Ирактагы америкалык баскынчыларга каршы күрөштө о.э. Афганистанда каршылык кыймылындагылардын амалияттарын каармандык деп, инша Аллах, алар ажр-сооптор берилет деп билдирген. Жада калса, Хизб муну менен гана чектелбестен, аларга жардам берүү важибдигин, өлкөлөрдү жана адамдарды азат кылуу үчүн армияларды аракетке келтирүү важибдигин да мусулмандарга баяндаган. Андан ары автор сандырагын улантып Хизб мүчөлөрү мусулмандарга да каршы курал көтөрүп чыгышууда деп доомат кылган! Бул жалган жалаага карата ушуну гана айтабыз: эй автор, Аллахтан корккун!
Тогузунчудан: автор мындай дейт: «Салих Захруддин Саид Махмудга шилтеме кылып, тахрирчилер үчүн жихад азаттыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө жетүүнүн максаты эмес, кандай гана жол менен болбосун бийликке жетүүнүн каражаты болуп эсептелет деп баса белгилейт».
Бул автор таң калтырат, ал Хизб-ут-Тахрирди жек көргөн кимсенин сөздөрүнөн цитата келтирүүдө, эгер макаланын автору Салих Захруддиндин сөздөрү жөнүндө пикир жүргүзүп көргөндө анын бул сөздөрү Хизб акыйкатына жана Хизб түзүлгөндөн баштап азыркы учурга чейин жасап келген аракетине карама-каршы экенин түшүнүп жетмек. Иш-аракет алып барып жаткан мамлекеттерде куугунтукка учураганына карабастан, фикратынан жана тарыйкатынан кылча да четке чыкпаган Хизб-ут-Тахрир кантип кандай гана жол менен болбосун бийликке жетүүгө урунушу мүмкүн?! Автор эң чоң максаты бийликке жетүү болгон кыймылдар кандай соодалашканын жана өз пикирлеринен кантип баш тартканын көрбөй жатабы?!
Жогоруда айтылгандарга ылайык, бул автор бир да маселени бирер күбөлүк же далил менен түшүндүрүп бере албаганы анык. Ал бир далай жалган жалааларды ойлоп тапкан дейсиң, а түгүл, биз ага раддия бербөөгө дээрлик чечим кылган элек. Бирок, биз үчүн сайт жетекчилиги өзүнүн сайтын ар кандай митаам кимселердин жайына айлантууга даярбы жана ага болгон бүткүл ишенимди жоготуу үчүн тобокелге барабы, ушул нерселер кызык болду! Бул сайт болбогур макалаларга орун бербеши үчүн сайттын жетекчилиги умтулуп жаткан профессионализм жана этикалык калыстыктын минималдуу деңгээли да жокпу?! Айрыкча, Хизбдин маалымат кеңселери кеңири жайылган соң, Хизбдин расмий өкүлдөрү бүткүл дүйнөдө бар болгон соң, алар менен байланышуу кыйынчылык туудурбаган соң, сайт бул маселеге калыс жандашса болбойбу?!
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү
Дареги: алМазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат
Почта кутусу 145010
телефон: 00961 1 30 75 94
уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43
электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info