СИРИЯДА ЖАҢЫ ПАРТИЯ

331
0

Сирия улуттук коалициясынын мурдагы жетекчиси Муаз ал-Хатиб Сирия президенти Башар Асад менен бир столдун тегерегинде отурууга даяр болгон жаңы саясий партия түзүлө тургандыгын билдирди. Муаз ал-Хатибдин билдиришинче, оппозиция саптарынан жаңы түзүлө турган партия даяр абалга келтирилген. Анын аты болсо жакынкы күндөрдө белгилүү болот.

Хатиб жаңы түзүлө турган партия эч бир мамлекеттин куурчагы болбостугун айтып, ошол эле убакта Сириядагы бардык тараптар менен алака орното тургандыгын баса белгиледи. Хатибдин айтымында, бул партия Исламий топтордон баштап муътадил (демократияны жактоочу) оппозицияга чейин, либералдардан баштап солчулдарга чейин т.а. бардык-бардык тараптарга кол сунат. Азаттык жана адилеттүүлүк издеген ар бир адам үчүн бул жаңы түзүлө турган партия табигый союз формасына айланат.

Муаз ал-Хатиб партия курамында Сирия режимине жакын болгон адамдар да, оппозициялык топтордун өкүлдөрү да бар болушун өзгөчө баса белгиледи. Ал жаңы партиянын эч бир мамлекетке көз каранды болбостугун билдирген болсо да, бул партиянын түзүлүшүнө Иран жардам бергендигин айтып өттү.

Сирия улуттук коалициясынын атын атабоону өтүнгөн бир жооптуусу, бир нече аптанын ичинде расмий түрдө жарыя кылынуучу жаңы партия азыркы улуттук коалицияга альтернатива боло тургандыгын билдирди. Бул жооптуу жаңы партиянын жетекчиси Муаз ал-Хатиб болушуна өзгөчө көӊүл бурду.

Ошол эле убакта Муаз ал-Хатиб башчылыгындагы бир делегация Россияга сапар кылганы кабарланууда. Делегация мүчөлөрүнүн бири Сирия улуттук коалициясынын Катардагы элчиси Низар ал-Хиракинин дааба кылышынча, Россия Асад режимине катуу жан тартып жаткан жок. Бирок, Россия “Асаддын кулашы өтө чоӊ кооп-коркунучту пайда кылат” деп билет.

“Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жолугушууда орус жооптуулары Асаддын бийликте калышы маселесинде катуу туруп албагандыгын, а бирок, Асад куласа Сириянын келечегинен катуу тынчсызданып жаткандыгын билдирди”, – деди ал-Хираки.

Низар ал-Хиракинин билдиришинче, Москвага сапар кылган делегациянын жетекчиси Муаз ал-Хатиб Россия жооптууларына Асаддын бийликте калышын кабыл алуу саясий чечим боло албастыгын жана оппозициячылар Женева 1 токтомдорун ишке ашыруусу зарыл экендигин билдирген.

Туркистон:

АКШ баш болгон куфр системасы тарабынан иштеп чыгылып, Сирия оппозициялык коалиция күчтөрү деп аталган топтун өкүлдөрүн Сирия калкы кабыл албады. Бирок, Асаддын режими Дамаскта болсо да шайлоо өткөрүп, Асадды дагы кайрадан президент кылып шайлап алышты. Эки топ теӊ АКШнын продукциясы болгондуктан, жогоруда аларды бириктирүү жана куфрга жакын болгон күчтөрдү бир жерге топтоо иши жүрүп жатат.

Алар оболу өздөрүн Асаддын режиминен зулум көргөндөр кылып көрсөтүшүп, Сирия калкынын ишенимине кирүүгө аракет кылып көрүштү. Түпкүлүгүндө, алардын көпчүлүгү режим ичиндеги саясатчылардан же аскерий жетекчилерден болушкан. АКШ буларды запаста т.а. кокустан Асаддын режимин алмаштыруу талап кылынып калса, алып келүү мүмкүн болгон жетекчи топ кылып сактап турду. Бирок, учур талабына ылайык аларды дагы кайрадан өз ордуна т.а. Асаддын режими ичине кайтарууга мажбур болду.

Эми согуш ачык-айкын жүрүү жараянына карай жакындап келди. Мында адамдык баалуулуктар бир четке сүрүп коюлуп, чыккынчылар өздөрүн ашкере жарыя кылышат. Эрдоган өкмөтү сыяктуу жасалма исламий жетекчилер да өздөрүнүн чыныгы жүзүн ачууга мажбур болушат. АКШ түзгөн коалиция, Асаддын режими менен ынкылаптык күчтөр ортосунда жүрүп жаткан согушта бардык исламий өлкөлөрдү куфр кызыкчылыгын көздөй аракеттенүүгө мажбур кылууда. Алар, көӊүл бурган болсоӊуз, исламий өлкөлөрдө ИШИМ жамаатын бүткүл дүйнөлүк коркунуч борборуна айландырып, бүт дүйнө жүзүн бойлоп Ислам жана мусулмандарга каршы өз өлкөлөрүндө өзгөчө кырдаалдарды пайда кылып алышмакчы. Бул үчүн алар мусулмандардын атынан, өтө жырткычтык абалдарды чагылдыруучу жасалма көрүнүштөрдү же провакация кылуучу чыккынчылар тарабынан атайын уюштурулган сюжеттерди өздөрүнүн маалымат тармактары аркылуу бүт дүйнөгө кеӊири таркатып жатышат. Түпкүлүгүндө, согуштун негизи аскерий эмес. Тескерисинче, алар маалыматтык чабуул аркылуу Исламга каршы идеологиялык согуш жүргүзүп жатышат. Аскерий согуштар болсо, идеологиялык боштукту Ислам Мабдаъсы ээлеп алышынын алдын алуу максатында атайылап эле улантылууда. Дүйнөлүк маалымат тармактары мусулман дүйнөсүнүн ойгонуп кетишинин алдын алуу максатында жалган кабарларды таркатуу менен убара. Шам аймагындагы согуш жергиликтүү согуш эмес, тескерисинче, дүйнөлүк согуш экендигин куфр дүйнөсү түшүнүп жетти! Эми мусулмандар да түшүнүп жетиши менен маселе бир тарапка карай чечилет! Куфр ошол күндөн коркот! Бар болгон күчүн ошол күндү кечиктирүүгө каратат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here