ГЕНЕРАЛ АЛЛЕН: ИШИМДИ АСКЕРИЙ ЖАКТАН ЖЕӉҮҮНҮН ӨЗҮ ЖЕТИШТҮҮ ЭМЕС

297
0

ИШИМге каршы АКШ тарабынан түзүлгөн колицияга жетекчилик кылып жаткан генерал Жон Аллен ИШИМди жок кылууга караганда маанилүүрөөк иш бар экендигин билдирди. Генерал Аллендин баса белгилешинче, ИШИМдин өзүн эмес, тескерисинче, ал көтөрүп чыгып жаткан пикирди (т.а. Халифалык мамлекети пикирин) жана экстремизмди (т.а. саясий Исламды) жок кылуу маанилүүрөөк.

Генерал Аллен ИШИМге каршы күрөш жалаӊ гана аскерий чараларга чектелип калбагандыгына басым жасап, “ИШИМди жеӊүүнүн өзү жетиштүү эмес, тескерисинче, ИШИМ сунуштап жаткан пикир о.э. экстремизм үстүнөн жеӊишке жетишүүбүз зарыл”, – деген билдирүү берди.

Генерал Аллен Англияда “BBC 2” маалымат агенттиги таркаткан “Newsnight” программасында чыгып, ИШИМге каршы уюштурулган аба чабуулунун Англия позициясына байланыштуулугу туурасында сөз сүйлөдү. Аллен Англия АКШнын Сирияга кылып жаткан чабуулуна жардам бериши же бербестиги жөнүндө берилген суроого жооп берип, Англия АКШ пландарын колдошунан үмүттөнгөндүгүн билдирди.

“Англия Иракта АКШ менен жанма-жан турду. Афганистанда да ушундай болду. Эми ИШИМди бир тарап кылуу маселесинде кеӊешип жатабыз. Менин оюмча, кыска убакыттын ичинде жанма-жан турабыз деген чечимге келишибиз мүмкүн. Бул алака өзүнө таандык жана тарыхий болуп эсептелет. Бул стратегия туурасында Англия бизге жардам берет деп ойлоймун”, – деди генерал Аллен.

Аллен Англиянын Сирия боюнча кандай позицияны ээлеши күтүлүп жаткандыгы туурасындагы суроого да жооп берди. Генералдын билдиришинче, Англиянын бир нече маанилүү ролу бар. Булар Азат Сирия армиясын машыгуудан өткөрүүдөн жана аскердик техникалар менен камсыздоодон турат.

Генерал Аллен кечээ Лондондо Англиянын тышкы иштер министри Флип Хамонд менен жолугушту. Ал 31-октябрга чейин Франция, Саудия, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Амирлиги сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушат.

Туркистон:

Аллен ИШИМ көтөрүп чыгып жаткан пикир дегенде, Ислам идеологиясын назарда тутуп жатат. Ал куфр системасынын негизги максатынын бир бөлүгүн ачыктады. Куфр дүйнөсү исламий кыймылдардан эмес, аларды ушул аракетке үндөөчү фактор болгон ислам идеологиясынан катуу коркот.

Алар Халифалык мамлекетин кулатууда, исламды кулатуу мүмкүн болгон кудум ушул ыкмадан пайдаланышкан болчу. Т.а. Халифалык башкаруусу астындагы мусулмандар турмушунда учураган бирер ишти ишке ашырууда же проблемаларды чечүүдө Исламдан башка мабдаъга кайрылышкан эмес. Натыйжасы кандай болушуна карабастан, ар бир аракетинде шаръий өкүмдү негиз кылып, Исламдан башка түзүмгө ыраазы болушкан эмес. Куфр дүйнөсү алардын ушул адатка айланып кеткен жашоо образын бузуу үчүн жүздөгөн жылдар аракет кылышты. Алар Үммөттүн арасында пайдапарас мусулмандарды даярдап алууга жетишүү менен, алардын жардамы аркылуу калгандарын да өз идеологиясынан алыстатууга мүмкүнчүлүк табышты. Ушундай жол менен Халифалыкты кулатууга жетишишти.  Учурда алар үчүн өтө чоӊ коркунуч болуп келе жаткан проблема – бул Үммөт дагы кайрадан Ислам идеологиясын таап алып, аны колдонуу менен,  исламий мабдаъны (системаны) турмушка алып келе баштады. Алар үчүн тарых артка кайтып бара жаткандай болуп, Ислам турмуштан кандай четтетилген болсо, кудум ошонун тескерисиндей дагы кайрадан кайтып келе баштады. Муну Аллен эле эмес, куфрдун башка адистери да айтып келе жатышат.

Өкүнүчтүүсү, мусулман боордошторубуздун арасындагы кээ бир аалым жана саясатчыларыбыз ушуну түшүнө албай жатышат. Алар мужахиддер жихад кылып жатканда, соодагерлердин соодаларында, саясатчы жетекчилер өлкөлөрдү башкарып жатканда, социалдык турмушубузда, башкаруу системабызда, таалим системабызда… жана башка турмушубуздун бардык тармактарында Исламды гана негиз кылышыбыз менен биз мусулмандардын кубатыбыз кайтып келишин түшүнө албай жатышат. Ошондо Ислам турмушка кайтуусу үчүн шарт пайда болот. Кудум хижраттан эки жыл мурда Мадинага Мусъаб р.а. баш болуп, ыйманий чөйрөнү даярдаганы сыяктуу. Муну түшүнүп жеткен ар бир исламий аалым же муфаккир тынчын жоготот. Мойнундагы аманатты өтөө үчүн Үммөткө аралашат жана ага Аллах тагдыр кылгандан башка эч нерсе болбойт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here