ӨЗБЕК КАЛКЫНЫН МАЛЫ МЕНЕН ЖАНЫНЫН АКЫСЫНА ПАХТА ПЛАНЫ АТКАРЫЛДЫ

349
0

Расмий отчётко ылайык, Өзбекстанда 3 миллион 400 миң тоннадан ашуун пахта терилип, план аткарылды. Ушуга байланыштуу Ислам Каримов дыйкан жана фермерлерге куттуктоо жолдоду.

“Жаз мезгилинде аба ырайы адаттагындан суук болгону, чигиттин өнүп чыгышы 8-10 күнгө кечиккени, айрым аймактарда пахта көчөтүн сел жана мөндүр уруп кеткени, ар түрдүү оору жана зыянкечтер көбөйгөнү, жайдагы суу таӊкыстыгы о.э. күздүн эрте жана суук келгени дыйкан жана фермерлерибиз үчүн олуттуу кыйынчылыктарды пайда кылды, – деп айтылат куттуктоодо. Ушул сезондун мына ушундай ыңгайсыз жана татаал болушуна карабастан, биринчи кезекте көптөгөн жылдардан бери топтолгон тажрыйбаны жана заманбап агротехниканы натыйжалуу колдонгонубуз, ошону менен бирге пахтаны өз убагында “шербет” ыкмасында сугарып, жергиликтүү угуттун ашыкча берилгени, окумуштуулар жана адистердин сунуш жана кеӊештери себептүү, кандай гана оор болбосун, түшүмдү сактап калууга жетишкенибиз, бир сөз менен айтканда, дыйкан жана фермерлерибиздин эрдиги жана бекемдиги быйылкы утушубуздун кадыр-баркын ого бетер көтөрөт”.

Президенттин айтымында, алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, ушул жылы пахтачылыктан алынуучу жалпы киреше өткөн жылга салыштырганда 12 пайыздан же 400 миллиард сомдон ашык болушу күтүлүүдө. Быйыл пахта сырьёсун жогорку сортторго сатуунун өзүнөн фермердик чарбалар 200 миллиард сомдон ашуун кошумча киреше алууга жетишишти.

Ислам Каримов: “Мунун эсебинен биз дыйкан жана фермерлерибиздин, айыл калкынын кирешелерин көбөйтүүгө, көздөгөн изги максаттарыбызга жетүүгө, эл-журтубуздун дагы да бейпил болуп, гүлдөп-өнүгүшүнө жетишебиз, инша Аллах”, – деди.

Туркистон:

Өзбекстан калкынун үлүшүнө тийген, мурдагы Советтер доорунан мурас болуп келе жаткан пахта териминин кезектеги сезону аяктап жатат. Мурдагы Советтер доорунда борбордон план түзүлүп өзбек дыйкандарына милдет жүктөлүп келген болсо, “эгемендүүлүктөн” кийин бул ыйгарым-укук Каримов башчылыгындагы Өзбекстан өкмөтүнүн ыктыярына өттү.

 Айрыкча, быйылкы пахта терими мурунку жылдарга караганда кеӊ көлөмдүүлүгү менен айырмаланып турду. Мунун себеби, мурунку сезондордо Өзбекстан өкмөтү пахта териминде эң арзан жумушчу күчү болгон мектеп окуучуларынан кеӊири көлөмдө пайдаланат эле. А бирок, Батыш мамлекеттери мектеп окуучуларынын күчүнөн пайдаланып терилген пахтаны сатып алууга бойкот жарыя кылганы жана буга дүйнөнүн жүздөн ашуун токуучулук фирмалары кошулганы себептүү Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияевдин быйылкы териминде мектеп окуучуларынын күчүнөн пайдаланбоо туурасындагы буйругу жарыя кылынды. Бул буйрукка ылайык, мектеп окуучуларынын ордуна аларга билим бериши керек болгон мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик ишканалар, жэке менчик ишканалар, шаар жана айылдардан ашарчылар ыктыярдуу-мажбурий көрүнүштө пахтага чыгарылды жана жан алып, жан берип пахта кырманын толтурушту. “Азаттык” радиосу жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, быйылкы пахта сезонунда он тогуз жаран өлгөн.

 Каззоб Каримов болсо өзүнүн адаты боюнча бул ирет да элди алдоого аракет кылып: “Мунун эсебинен биз дыйкан жана фермерлерибиздин, айылдын калкынын кирешелерин көбөйтүүгө, көздөгөн изги максаттарыбызга жетүүгө, эл-журтубуздун дагы да бейпилдикте болуп, өсүп-өнүгүшүнө жетишебиз, инша Аллах”, – деди.

 Жыйырма төрт жылдан ашуун мезгилден бери көкүрөгүнө шамал тийбеген Өзбекстан калкы жана айрыкча айылдын эли ушул күнгө чейин кандай турмуш өткөрүп келген болсо, дагы деле ошондой гозо пая (пахтанын отуну) тийгенине курсант болуп, эптеп турмушун өткөрө берет. Пахта, алтын, газ жана башка көптөгөн жер астындагы жана жер бетиндеги байлыктардан болсо болгону бир ууч мансаптагылар гана пайдаланып кала берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here