ЭРДАГАН ЖО БАЙДЕН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

374
0

БУУнун башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Түркиянын президенти Режеп Таййиб Эрдаган АКШ президенти Барак Обаманынын кеңешчиси Жо Байден менен жолугушту. Жолугушууда “Террорчу” (Исламий) топторго, ошону менен бирге ИШИМге каршы күрөшүү талкууланды.

О.э. президент Обама да телефон чалып, аны менен сүйлөшкөнү айтылууда. Президенттик булактардан алынган маалыматка ылайык, эки жетекчи ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүү Эрдагандын Жо Байден менен жолугушуусунан мурда болуп өткөн.

Эрдаган АКШнын вице-президенти Жо Байден менен “The Peninsula” мейманканасында жолугушту. Эки саатка созулган жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы алакалар жана “Террорго” (Исламга) каршы биргеликте күрөшүү о.э. аймактык маселелер, айрыкча Сирия жана Ирактагы акыркы кырдаал жөнүндө пикир алмашылды.

Жолугушууда Түркия менен АКШ ортосундагы кызматташтык чөйрөсүн дагы да кеӊейтүү жана Сирияда жаңы түзүмдү пайда кылып, туруктуулук менен камсыздоо керектиги жөнүндө да талкуу кылынды. Аймакта качкындар проблемасы барган сайын күчөп бара жаткандыктан, бул проблемага чечим табуу үчүн да кызматташтыкта иш-аракет жүргүзүү өтө маанилүү экендигине басым жасалды.

Жолугушууда эки мамлекет ортосунда террорго (Исламга) каршы ортоктош стратегия жана биргеликте каршы күрөшүү маселесинде ар дайым пикир алмашып турууга келишип алышты. Каршы күрөшүү ИШИМге эле эмес, Сирия жана Ирактагы бардык террорчу (Исламий) топторго карата ишке ашырылат. Ортоктош стратегиянын кандай экендиги болсо Эрдаган Түркияга кайтып келип өкмөт жана коопсуздук органдары менен өткөргөн жыйындан кийин гана белгилүү болот.

Алынган кабарларга ылайык, президент Эрдаган Сирияда Асаддын бийликтен кетиши керектигин жана демократиялык башкарууга өтүү керектигин айтып өткөн. Эрдагандын баса белгилешинче, Сирияда демократиялык бир өкмөт түзүү өтө зарыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here