Суроо:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, Аллах сизди Өз коргоосунда сактасын! Ушуну түшүндүрүп берсеңиз, эмне үчүн риказ зекет бөлүмүнө эмес, хирож бөлүмүнө киргизилген, риказ нисабга жетсе, анын бештен бири берилеби? Аллах кайратыңызга кайрат кошсун!
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
Бухарий жана Муслим Ибн Шихабдан, ал Саид ибн Мусайябдан, ал Абу Салама ибн Абдуррахмандан, ал Абу Хурайра Gдан ушул риваятты чыгарган: Расулуллах A мындай дейт:
«وَفِي الرِّكَازِ الْخُمُسُ»
«Риказда бештен бири берилет».
Риказ – көмүп коюлган мүлк же чектелүү кен болуп, ким аны өзүнүн жеринен же үйүнөн таап алса, ал анын мүлкү болот. Ким бирөөнүн жеринен же үйүнөн риказ же кен булагын таап алса, бул риказ же кен таап алган адамдын эмес, ошол жердин же үйдүн ээсинин мүлкү болот, риказ табылышы менен анын бештен бири Байтулмалга берилет жана аны кечиктирүүгө тыюу салынат.
Эми, риказдын зекет же фай (олжо) болушу туурасындагы суроосуна келсек, жооп ушул, ал зекет эмес, фай. Далилдер: Абу Убайда Мужалидден, ал Шаъбийден риваят кылат: «Бир киши Медина сыртында көмүлгөн миң динар таап алып, аны Умар ибн Хаттабга алып келди, Умар анын бештен бирин т.а. эки жүз динарды алып, калганын кайтарып берди, кийин эки жүздү айланасындагы мусулмандарга таратты, андан да артып калды: «Динарлар ээси кайда?», деп сурады, ээси ордунан турду, Умар ага: «Бул динарды алгын, ал сеники», деди».
Шаъбийдин ушул хадисинен айкын болуп жаткандай, Умар риказ таап алган кишиден риказдын бештен бири гана алган, бештен биринен калган бөлүгү аны таап алган кишиге кайтарылган жана риказдан алынган бештен бир бөлүк зекет эмес, фай катары болгон. Эгер, зекет болгондо аны зекет бериле турган орундарга сарптамак жана риказды таап алган кишиге да үлүш берилбейт эле, себеби, ал киши бай болгон, ал эми, зекет байга берилбейт.
Ошондуктан, риказдын кыйматы канча болбосун, анын бештен бири Байтулмалга, бештен биринен калган бөлүгү таап алган кишиге берилет. Бул, зекет болбогону үчүн нисабга өлчөнбөйт, риказдын кыйматы нисабга жетеби же жетпейби, айырмасы жок. Анын бештен бири мусулмандардын Байтулмалына берилиши керек. Бүгүнкү күндө мусулмандардын Байтулмалы жок убакта риказдын бештен бири мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн же муктаж мусулман кишилерге сарпталат, риказды таап алган киши экөөсүнүн кайсы бирине жумшаса, өз эрки.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта
23–зул–каъда, 1435-х.
18-сентябр, 2014-м.