«Мемориал» адам укуктарын коргоо борборунун төрагасы Виталий Пономарев: «Каримов демократиялык мамлекеттин оппозициячыл күчтөрүн жок кылуу үчүн Ислам идеологиясынан пайдаланды», деп баса белгилеген. Пономаревдун пикиринде, ошол убакта Каримов мусулмандарды моюн сундуруу жана күчсүздөнтүү үчүн Ислам пикирлерин кабыл алышы керек деген көз караштар болгон.
Бирок, Каримов мусулмандарды жек көргөндүктөн 1991-жылдан тартып, ушул күнгө чейин күрөш ыкмасын кескин өзгөрттү. Эксперттердин пикиринде, ошол убакта Наманган шаарында кеңири жайылган жана ошол жерде исламий башкарууну тикелөөгө киришкен «Адилет» исламий кыймылы күчөгөндөн улам Каримов күрөш ыкмасын өзгөрткөн. Ошондо Наманган шаарынын акимиятынын имаратын ээлеп алгандар менен алып барылган сүйлөшүүлөр учурунда адамдар Каримовду катуу акараттап, жада калса, андан исламий мамлекетти жарыялоону талап кылышкан.
Бирок, Каримов Ислам жана мусулмандарга каршы согушту аста секин, иреттүүлүктө, эки жүздүүлүк менен алып барды. Ал тургай, ажылык фарзын аткаруу үчүн Маккаи Мукаррамага да барды. Ошол эле учурда, Акыретин өткүнчү дүйнө маталарына сатуудан баш тарткан исламий уламаларды арты-артынан жок кыла баштады. Аларды курал, ок-дарылар, айрымдарын болсо наркотикалык заттар чыкты деген шылтоо менен камакка алды, көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Бирок, чыныгы согуш 1999-жылы Каримов режими Өзбекстанда бекем орношуп алганда башталды. Ал учурга келип Каримов Өзбекстанда исламий жана оппозициячыл күчтөрдү дээрлик жок кылган болчу.
Каримов өзүнүн «өзбек калкынын турмушунан Исламды бүтүндөй жок кылуу» долбоорунан келип чыгып жана бул максатын ишке ашыруу үчүн исламий саясий хизб болгон Хизб-ут-Тахрирге каршы аёосуз согуш баштады.
1999-жылы 9-июнда Адам укуктарын коргоо уюмунун Өзбекстандагы төрагасы Талиб Якубов Иран радиосунун өзбек бөлүмүнөн берген өз билдирүүсүндө, ички иштер министрлигине таандык маалыматтарды кабарлаган. Маалыматта ички иштер министрлигинде Хизб-ут-Тахрирдин 8000 мүчөсүнүн тизмеси бар экени, алардын 4000и камакка алынганы айтылган. Исламга каршы согуш ылдамдап, күндөн-күнгө күчөп барды. Бирок, күн сайын жүздөгөн Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү камакка алынышына карабастан, Исламды сүйгөн жаштардын Хизб сабына кошулушу токтогон жок. Каримов бул согуш мабдалар ортосундагы экенин жакшы түшүнбөдү, анын колунда Ислам акыйдасына каршы тура ала турган акыйда жок эле. Ал Исламдын турмука кайтышын кечиктирүүгө, анын ылдам жайылып жаткан акыйдасын изоляция кылууга аргасыз аракет кылып, ушул долбоорунун курманы болду. Ооба, Каримов жасап жаткан иштеринин акыбетин түшүнө албады, түшүнгөн болсо да кеч болгон эле.
Айрым саясатчылар о.э. Американын мурунку мамлекет катчысы Мадлен Олбрайт Каримов саясатын сынга алды. Олбрайт Каримовдун мындай зомбулугу Исламга чакырган адамдардын аракетин күчсүздөнтүүнүн ордуна, кайра күчөтүп жиберишине кызмат кылышын түшүнүп жеткен. Ал өз билдирүүсүндө мындай абал Өзбекстанды бүткүл дүйнөгө жайылчу «порох бочкасына» айлантышын Каримовго уктура албаганын баса белгиледи. Мына, бүгүнкү күнгө келип ошол саясий божомолдор жүзөгө чыгууда. Туура, Каримов бир нече майда саясий аракеттеринде максатына жетишти, бирок, үлкөн даражада жеңилди. Ал идеология катары Исламга каршы күрөштө жеңилди.
Жүрөгүндө исламий акыйда орношкон кайраттуу Хизб жигиттери ондогон жылдардан бери Каримовдун зындандарында жатышына жана куугунтукта жүрүшүнө карабастан, өз күрөшүн бир ирмем да токтотушкан жок. Тескерисинче, Исламга болгон ыймандары дагы да күчөдү, нусратка дагы да күчтүүрөөк ишеништи. Камакта жаткан мусулмандарда, алардын катарында, Хизб-ут-Тахрир жигиттеринде Аллахтан коркуу бар. Бийлик бул жигиттерди коомдо Каримовдун каалоосуна итаат кылбаган кимселер деп жазалады! Алардан айрымдары шейит болду, айрымдары болсо шейиттикти күтүүдө.
Бул, Каримов режиминин гана жеңилүүсү эмес, бул, бүткүл дүйнөдөгү бардык куфр акыйдаларынын Ислам акыйдасы алдындагы жеңилүүсү. Ошондуктан, Батыш саясатчылары Каримовду минтип эскертип жаткандай болушту: «Сен канчалык күрөшпөгүн, Ислам акыйдасы алдында жеңилишиң анык, муну менен сен бизди күчсүздөнтүүгө, мусулмандарда үмүт пайда кылып, кайратуулугун бекемдөөгө гана жетишесиң», ошондой да болду. Бүткүл дүйнө мусулмандары Өзбекстандагы мусулмандардын кайратынан үлгү алды. Хизбдин өсүп-өнүгүшүндө, калк арасында аброю көтөрүлүшүндө Өзбекстандагы Хизб жигиттеринин кайраты, бекемдиги маанилүү роль ойноду.
Каримовдун бул жылдагы эгемендүүлүк майрамында сүйлөгөн куттуктоо сөздөрүн күзөткөн киши ал коопсуздук маселеси жөнүндө көп, өтө кабатыр менен сүйлөгөнүнө күбө болот. Каримовдун сөздөрүнөн ал демократиялык Өзбекстанга каршы коркунучтар күчөп, Жакынкы Чыгыштагы терроризм коркунучу күн өткөн сайын жайылып келе жактанына, дүйнөдөгү окуялар жана туруксуздуктар ылдымдап бара жатканына басым жасаганы даана байкалып турду.
Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да кошуналарына ээрчип, Ислам жана мусулмандарга каршы согушун күндөн-күнгө күчөтүүдө. Ал болуп өткөн нерселерден сабак албаган көрүнөт.
Биз, Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы мүчөлөрү, президент Атамбаевге кайрылабыз:
Сени Каримовго окшоп Ислам жана мусулмандарга каршы позицияны карманбоого чакырабыз, насаат кылабыз. Себеби, биз исламий жашоону кайрадан баштоого, куфрга жана куфрдун Кыргызстанда о.э. бүткүл исламий өлкөлөрдө алып барып жаткан саясатына каршы Ислам акыйдасы негизинде күрөшүүдө бекем турабыз. Биз мусулмандардын бири-бирине каршы кандай түрдө болбосун күрөшүүсүнө таптакыр ыраазы эмеспиз!
Биз сенде мусулмандарга каршы эч кандай душмандык сезим жок деп ойлойбуз, жада калса, ишенебиз. Бирок, муну менен бирге, сен Каримов жана Путин сыяктуу баткакка малынган кимселердин басымдары астында калганыңды түшүнүп турабыз. Биз сени куфр жана кафирлердин тарабына эмес, Ислам жана мусулмандардын сабына өтүүгө, аларды колдоп-кубаттоого чакырабыз.
Cага насаат кылабыз, сен да кылмышкер кафирлердин Ислам менен куфр ортосундагы согушта пайдалана турган куралдарына айланып калбагын. Антпесе, биз да Кыргызстанда – Аллах Тааланын жардамы менен – бүткүл Ислам дүйнөсүнө жете турган сабыр жана кайраттуулук көрсөтөбүз. Бирок, Аллах Тааладан сурайбыз, бул сезимдер мусулмандарга каршы эмес, кафирлерге каршы күрөшүбүздө көрүнсүн.
Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы
Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net
Электрондук почта: webmaster@hizb-turkiston.net