ДҮЙНӨЛҮК БАЗАРДА БИР БАРРЕЛЬ НЕФТИНИН БААСЫ 50 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН ТҮШҮП КЕТИШИ МҮМКҮН

336
0

Bloomberg” маалымат агенттигинин кабар беришинче, АКШ энергетика министрлигинин алдындагы энергетикалык маалымат агенттигинин башчысы Адам Семиниский дүйнөлүк базардагы нефтинин баасы 50 долларга чейин арзандашы мүмкүн экендигин билдирди.

Анын айтымында, бул “ыктымалдуу баалар” түркүмүнөн болуп эсептелет. О.э. ал көпчүлүк эксперттер WTI маркасындагы Америка жеӊил нефтисинин бир баррелинин баасы 2015-жылдын орто ченине барып 62 долларга түшүп кетишин болжолдоп жатышканын кошумчалап өттү.

Учурда бул түрдөгү нефтинин бир баррели 75 доллардан сатылууда. Дагы бир эталон маркадагы нефть – Brent болсо континенттер аралык ICE Futures биржасында 78-80 доллар аралыгында сатылууда.

Семининский нефть баасынын өзгөрүшү боюнча салыштырмалуу анык жана кеӊири прогноздорду бербеди. Анын  айтымында, нефть баасынын өзгөрүшү эл аралык геосаясий кырдаал Ливия, Ирак жана башка бир катар мамлекеттердеги куралдуу кагышуулардын кандай көрүнүштө өнүгүшүнө өтө бекем байланышкан.

Дүйнөлүк базарда нефть баасынын тездик менен түшүп кетиши Россия өкмөтүн катуу кабатырга салып койду. Анткени, Россия өкмөтү нефть баасынын орточо 100 доллар өлчөмүнөн келип чыгып мамлекеттин 2015-жылдагы бюджетин түзгөн эле. Буга Украина бороону себептүү АКШ жана Батыш мамлекеттеринин Россияга карата колдонуп жаткан санкциялары кошумча болууда.

Ошондуктан да Россиянын финансы министри Антон Силуанов 18-ноябрь күнү берген билдирүүсүндө: “Эгерде кырдаал дагы начарлай турган болсо, 2015-жылы Россияда рецессия жүз бериш анык. Нефтинин бир баррели 60 долларга түшүп кете турган болсо экономикалык көрсөткүчтөр жагымсыз болот”, – деди.

Ушул орунда нефть баасынын түшүп кетишинде негизги ролду ойноп жаткан АКШ ушундай жол аркылуу дүйнөлүк саясатта өзүнө шерик болмокчу болуп жаткан Россияны жазаламакчы болуп жатканын, аны дүйнөлүк саясаттан четтетүүгө катуу киришкенин кошумчалап өтүү керек.

Өтүп бара жаткан 2014-жылдын март айында АКШнын мурдагы президенти Рональд Рейгандын уулу Майкл Рональд Рейган АКШ президентине кат аркылуу кайрылуу жолдогон эле. Ошол кайрылууда ал Барак Обамага өзүнүн атасы 20-кылымдын 80-жылдарында Саудияга барганын жана дүйнөлүк базарда нефтинин баасын түшүрүүнү талап кылганын эскертип өттү. Кичине Рейган Путинге каршы да ушундай стратегия колдонууну сунуштап: “Эгерде биздин президент Россияны Украинадан алыстатууну чындап эле олуттуу каалап жаткан болсо, жаӊы советтик империя пайда болбой туруп өз аракеттерин жакшылап ойлонуп көрүшү жана Рейгандан өрнөк алышы керек болот. Ал Россияны экономикалык жактан муунтуп таштоо керек, анткени муну менен ал жерде жашап жаткан адамдар ич кийим сатып алууга да кудуреттүү болушпасын”, – деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here