АЛЛАХКА БЕРГЕН УБАДАСЫНА ИШЕНИМДҮҮ БООРДОШУБУЗ ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ

293
0

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир жамааты 2014-жыл, 11-сентябрь күнү оор жоготууга дуушар болду. Мына ушул күнү Кыргызстанда Хизбут-Тахрирди уюштурууда татыктуу салым кошкон боордошубуз Данияров Насриддин агабыз көпкө созулган оорудан кийин бул дүйнө менен кош айтышты.

Мейли, биз боордошубуздун өлүмүнө катуу кайгырып жаткан болсок да, Аллахты ыраазы кылуучу сөздү гана айтабыз.

إنا لله وإنا إليه راجعون

“Албетте, биз Аллахтыкыбыз, жана албетте биз Ал Затка кайтуучубуз”

 

Данияров Насриддин ага 1959-жылы Исламды бекем кармаган илимдүү үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын ата-бабалары кудайсыз коммунисттердин куугунтугунан качып, Өзбекстандын Фергана областына караштуу Кува районунан Ош областынын Кара-Суу шаарына көчүп келишкен эле. Насриддин ага Кара-Суу шаарындагы Энгельс мектебинде окуган. 1974-жылы мектепти аяктап Мансуржан карыдан алгачкы исламий илимдерди үйрөнгөн. Ошондон кийин, ал тургай, Аллахтын бар экендигин четке кагуучу коммунисттердин куугунтук жана кысымдарына карабастан, аны атасы 1975-жылы Маргилан шаарына алып барып, Абдулхаким карыга тапшырган. Насриддин ага ал карыдан үч жыл илим алган соӊ, 1978-жылы Кара-Суу шаарына кайтып келип, Алауддин Мансурдан бир жыл бою илим үйрөнгөн. 1980-жылы Андижан шаарына барып, коммунисттер тарабынан шейит кылынган аалым Рахматуллахтан үч жыл бою исламий илимдерди үйрөнгөн. 1983-жылы Кара-Суу шаарына кайтып келип хужра түзүмүнүн кеӊири өнүгүшүнө салмактуу үлүшүн кошкон жана миӊдеген шакирттерди чыгарган.

1987-жылы Кыргызстанда Хизбут-Тахрирге негиз салынганда биринчи жихаздын түзүлүшүнө өтө чоӊ кызмат көрсөткөн жана 1992-жылы анын өзү алгачкылардан болуп Хизбге мүчөлүккө өткөн. Кыргызстандагы Хизб мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы аны устазым деп билишет.

2009-жылы инсульт (мээге кан куюлуу) дартына чалдыгып, өз алдынча кыймылдай албай калышына карабастан бир мүнөткө да Хизбий ишмердүүлүгүн токтотпогон. Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Хизбий милдеттерди колунан келишинче аткарып, жергиликтүү жихазга байланышуу менен ишмердүүлүгүн жүргүздү.

Ислам динине болгон жакшы көрүүсү себептүү жана Аллах тарабынан түшүрүлгөн өкүмдөр турмушка кайрадан колдонулушун катуу каалагандыктан улам баскан турган жеринде адамдарды Исламга даъват кылат эле. Өзүнүн бекемдиги, исламий турмушту кайрадан баштоого болгон умтулуусу себептүү бир нече жолу күч түзүмдөрү тарабынан камакка алынып, соттолгон болчу. Ал тургай, оорулуу болушуна, өз алдынча кыймылдай албашына карабастан, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө да тергөөгө чакырылып турду.

Насриддин ага миӊдеген шакирттерди чыгарган болсо да, элдин арасында жөнөкөйлүгү, калыстыгы, адилеттүүлүгү менен таанылган. Мункар ишти көргөндө болсо жаманатты кылуучунун жаманаттысынан, залимдин зулумунан коркпостон акыйкатты айтуучу, чечкиндүү адам эле.

Биз Кудуреттүү Аллахтан Насриддин агабыздын кылган солих амалдарын өзүнө жолдош кылышын, башынан өткөргөн оорусун күнөөлөрүнө каффарат кылышын о.э. Өзүнүн бейиштеринде пайгамбарлар, сиддиктар жана шейиттер менен бирге кылышын сурап калабыз.

Боордошубуздун артында калган үй-бүлөсүнө, дос-туугандарына жана жамаатташтарына сабыр тилеп, тереӊ кайгыруу менен аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз.

 Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here