АКШНЫН МУЖАХИДДЕРГЕ БОЛГОН ЧАБУУЛУ СИРИЯ РЕЖИМИН КУРСАНТ КЫЛДЫ

365
0

Сирия өкмөтү АКШ жана араб мамлекеттеринен турган коалициялык күчтөрдүн Сирияга уюштурган абадан болгон чабуулдарына кубанычта экендигин ачыктады. Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллим билдирди.

Колициянын чабуулунан мурда Валид Муаллим Сирияга кылынган ар кандай чабуулду – эгерде  режим менен кеӊешилбей туруп ишке ашырылса – өздөрүнө каратылган чабуул деп эсептей тургандыгын жарыя кылган эле.

Бирок, АКШнын Нью-Йорк шаарында Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттигине интервью берген Сириянын тышкы иштер министри чабуул уюштурулушунан мурда Сирияга кабар берилбегендигин билдирип, бул алар үчүн проблема жаратпагандыгын курсант болуу менен тилге алды.

Муаллимдин айтымында, терроризмге (Исламга) каршы күрөш Сирия өкмөтүн да Батыш мамлекеттери жана Араб мамлекеттеринен турган алардын союздаштары менен бир катарда ушул душманга каршы согушууга тартууда

Муаллим: “Биз террорчу (Исламий) топторго каршы согушуп жатабыз. Бул ишибиз менен сыймыктанабыз. Сирия жана Ирактагы “террористтердин” турумдары бутага алына турган болсо биз буга курбанычта болобуз”, – деди.

Сириянын тышкы иштер министри Муаллим абадан болгон чабуулдарды Сириядагы башка жихадий топторду да бутага ала турган көрүнүштө кеӊейтүү сунушун ортого таштады. Анын баса белгилешинче, режимге каршы согушуп жаткан бардык топтор ушул “радикалдык идеология” ээ.

АКШнын абадан болгон чабуулунда бутага алынышы керек болгон топтордун арасында Сирия азат армиясы да болушу же болбостугу жөнүндө берилген суроого, ал “Сирия азат армиясы деген нерсе калбады ” деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here