“Албетте ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган заттар үчүн Рахман достукту (бекем) кылат” (19:96).
Ахмад чыгарган хадисте Мусъаб ибн Саъд атасынан риваят кылат: “Мен: “Эй Расулуллах, кайсы адамдарга балээ катуураак болот”, – деп сураган элем, ал киши:
الأَنْبِيَاءُ ثُمَّ الصَّالِحُونَ ثُمَّ الأَمْثَلُ فَالأَمْثَلُ مِنْ النَّاسِ يُبْتَلَى الرَّجُلُ عَلَى حَسَبِ دِينِهِ فَإِنْ كَانَ فِي دِينِهِ صَلاَبَةٌ زِيدَ فِي بَلاَئِهِ وَإِنْ كَانَ فِي دِينِهِ رِقَّةٌ خُفِّفَ عَنْهُ وَمَا يَزَالُ الْبَلاَءُ بِالْعَبْدِ حَتَّى يَمْشِيَ عَلَى ظَهْرِ الأَرْضِ لَيْسَ عَلَيْهِ خَطِيئَةٌ
“Пайгамбарларга, андан кийин солихтерге, андан кийин аларга окшогондорго жана аларга окшогондордун окшошторуна ж.б.у.с…. Адам динине карап балээге учурайт, эгер дининде салабат болсо, балээлениши да күчөйт, эгерде дининде боштук болсо, балээлениши да жеңил болот. Пенде тээ жер жүзүндө эч бир катасыз жүрө турган болгонго чейин балээленип бара берет”, – деп жооп берди.
Өзү сүйгөн жана Өзү тандаган Акыйкат динде собит (бекем) болгон мусулмандарга сыноо жиберүү Аллах Субханаху ва Тааланын сүннөтү болуп, Аллах пендесине ыйманына карай сыноо берет.
Ислам дининде собит, өзү үчүн жакшы көргөн нерсени башкаларга да ыраа көрүп жашоочу боордошторубуздун бири Өмүрзаков Яхя 2014-жылдын 17-сентябрында залимдин камагынан азаттыкка чыкты.
Аллахтын дининде сабат (бекемдик) менен турган, акыйкат динди адамдарга жеткирүү үчүн тыным албай аракет кылган боордошубуз Яхяга да Аллах Өзүнүн сыноолорун тынымсыз жиберди.
Алгач, адамдарга “Ислам жалаӊ гана адеп-ахлак жана ибадаттар турган дин эмес, тескерисинче өз түзүмүнө ээ болгон мабда” деп түшүндүрүп келе жаткан Хизбут-Тахрирдин сабында аракет алып баргандыгы үчүн 2006-жылдын август айында анын үйүндө күч органдары тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн жана он даана снайпердин огу таштап коюлуп, камакка алынган. 52 күн Кара-Суу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу изоляторунда кармап турулган. Азаттыкка чыккандан кийин Яхя даъватын уланта берген.
Ошол себептен улам 2008-жылы ички иштер кызматкерлери кезектеги тинтүү өткөрүү үчүн үйүнө келген убакта Яхянын өзү үйдө жок болгондуктан күч органдары мыйзамды бузган абалда анын аялы менен уулун алып кетишкен. Яхя аялы менен уулун куткаруу үчүн ички иштер бөлүмүна барганда аны КР кылмыш кодексинин 299-берене 1-пункту (этникалык, диний жана улуттар аралык кастыкты козгоого аракет кылуу) менен айыптап камакка алып, аялы менен уулун бошотуп жиберишкен. Яхя камакта жаткан убакта анын аялын милиция кызматкерлери көчөдө токтотуп, “колуӊдан эмне иш келди, эми сенин да күнүӊдү көрсөтөбүз” деп коркутушкан. Яхя жогорудагы айыптоо менен беш ай Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу камагында кармап турулган. Бул иштердин бардыгын Аллах тарабынан өзү үчүн бир сыноо катары кабылдаган Яхя экинчи жолу азаттыкка чыккандан кийин да даъватын токтотподу.
Анын даъват ишмердүүлүгүнөн тынчын жоготкон расмий бийликтин буйругу менен 2011-жылы таӊ азанда Яхянын үйүн милиция кызматкерлери дагы кайрадан басып, тинтүү жүргүзүп жана камакка алышкан. Кийинчерээк болуп өткөн соттук жыйын Яхяны 299-берене,1-пункт менен айыптап сегиз жылга эркинен ажыратты.
Яхя Бишкек шаарындагы Беловодск жана Покровка камактарында туура эмес дайындалган жаза мөөнөтүн өтөдү. Камактардын биринде кошуна камерадан чыккан “тыюу салынган” китеп боюнча Яхяны айыптоого аракет кылып көрүшкөн. Яхянын акы-укуктарын коргоо максатында Кыргызстан омбудсменине болгон кайрылуусу омбудсмен тарабынан жоопсуз калтырылган.
Белгиленген сегиз жылдык жаза мөөнөтүнүн үч жыл, үч айын өтөп болгондон кийин Аллах Таала боордошубуз Яхяга жеӊилдик берди жана боордошубуз 2014-жылдын 17-сентябрында азаттыкка чыкты. Анын камактан чыгышы жамаатташтары жана эл тарабынан өтө чоӊ курсантчылык менен күтүп алынды. Эл аны кудум баатырды күтүп алгандай күтүп алды. Яхянын азаттыкка чыгышына байланыштуу уюштурулган эхсанда Кара-Суу шаарынан жүздөгөн адамдар катышты. Үч күнгө чейин аны көргөнү келгендердин аягы үзүлбөдү.
Аллах Таала өзүнүн сүйгөн пендесине сыноо бергени сыяктуу эле, аларды элдин арасында азиз кылып да коёт.
Анткени, Набий саллаллаху алайхи ва саллам: “Ким адамдарды каардантып туруп, Аллахты ыраазы кылса, Аллах ал үчүн адамдарга жетиштүү болот. Ким адамдарды ыраазы кыламын деп Аллахты каардантса, Аллах аны адамдарга тапшырып коёт”, – деген.