ТҮРКИЯ ДИНИЙ КЫРДААЛДЫ ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН 10 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БЕРЕТ

424
0

Түркияга иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын натыйжалары боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Түркия диний тармакта реформаларды жүргүзүү үчүн Кыргызстанга 10 миллион доллар бере тургандыгын маалымдады.

“Диний реформа маселелери боюнча өтө чоӊ колдоо таптык. Силерге белгилүү болгондой, биз “Ыйман” деп аталган атайын фонд түздүк. Диний тармакта абалды жакшыртуу үчүн финансылоону ушундан баштоого токтом кылынды”, – деди Атамбаев.

“Албетте маселе өтө эле кыйын жана этибарсыз калтырылган. Бизде болсо ар дайымкыдай эле акча док. Бирок, биз колдоп-кубаттоого жетиштик жана 10 миллион доллар бөлүнө турган болду. Ар кандай реформа акча талап кылат”, – деди президент.

Туркистон:

АКШ өкмөтү Борбор Азиядагы бирер республика менен алакаларын жакшыртмакчы болсо же  таасир өткөрмөкчү болсо бул ишти Түркия аркылуу ишке ашырат. Түркия Америка үчүн түрк тилдүү мусулман мамлекеттери үстүнөн таасир өткөрүүдө пайдалануучу куралга айланып калган.

 2003-жылдан бери Түркияны башкарып келе жаткан премьер-министр Режеп Эрдаган – АКШнын уруксаты менен – өзүнүн мурдагы кесиптештеринен айырмалуу түрдө Ислам дининин жана баалуулуктарынын коомдо жайылышына, алардын тили менен айтканда, муътадил Исламдын күчөшүнө мүмкүнчүлүк берди. Ошолордун бири 2007-жылы институт жана университеттерде муслима кыздар үчүн хижаб кийүүгө уруксат берилиши болду. Мына ушундай жол менен Эрдаган Түркия мусулмандарынын ишенимине кирүүгө жетишти.

Диний тармакта реформаларды өткөрүү үчүн бөлүнгөн 10 миллион доллар Түркия моделинин Кыргызстанда да колдонулушуна о.э. расмий өкмөт өз саясатын колдоп-кубатоочу муътадил исламчыларды пайда кылышына жумшалышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here