ӨЗБЕКСТАН КЫТАЙДАН “ДРОН” САМОЛЁТТОРУН САТЫП АЛДЫ

309
0

Өзбекстан аскерий аба күчтөрүнүн техникаларынын катары  Кытайдан сатып алынган учкучсуз “дрон” самолёттору менен толукталды.

 Кытайдын Чэнду шаарында жайгашкан Chengdu Aircraft Industry Group (Ченгду Айрцрафт Индустрии Групп) заводунда иштеп чыгарылуучу Pterodactyl (Птеродактиля)  “дрон” самолёттору тыӊчылыкка жана чабуул кылууга ылайыкташкан болуп, орто бийиктикте жана алыскы аралыкка уча алат.

Кабар берилишинче, Pterodactyl  “дрон” самолёттору өзүнүн абзелдиктери жана аткара турган милдеттери менен Американын General Atomics MQ-1 Predator  учкучсуз самолёттору менен атаандаша алат. 1100 килограмм салмакка ээ болгон “дрон” самолёту 200 килограммга чейинки жүктү көтөрүп учушу мүмкүн.

Жогорудагы аппарат үчүн бир нече түрдөгү курал-жарактар иштеп чыгарылган болуп, танкага каршы HJ-10 ракеталар жана 50 килограммдык авиабомбалар да булардын түркүмүнө кирет.

Туркистон:

АКШ Орто Азиянын борборунда жайгашкан Өзбекстанга жогорудагы самолётторду Кытайдан сатып алууга шарт түзүп берүү менен бир нече максаттарды көздөгөн болушу мүмкүн. 1. Кытай менен Россиянын ортосун бузуу. 2. НАТОнун Афганистандан алып чыгып Өзбекстанга жайгаштырылышы күтүлүп жаткан өтө чоӊ өлчөмдөгү аскерий техникаларына Кытайды да аз болсо да шерик кылып алуу. 3. Өзбекстан аскерий техникасын Россия арсеналынан модернизация кылуу үчүн, Кытайды да аралаштыруу менен ага Россиянын душмандыгын багыттоо.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here