АКШДАН КИЙИН ЕВРОПА СОЮЗУ ЖАНА ИЗРАИЛЬ КЕЗЕКТЕ

356
0

Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук маселелери боюнча өкүлү Кетрин Эштон Европа Союзу да Мисирдин жаңы өкмөтү менен кызматташууну каалай тургандыгын билдирди.

Эштон өзүнүн басма сөз билдирүүсүндө Европа Союзу Мисир президенти Абдулфаттах Ас-Сисиге куттуктоо жолдогондугун
айтып, Мисирде болуп жаткан кыйынчылыктарды жаңы президент жеӊип өтүшүнө ишене тургандыгын билдирди.

Мисирде болуп өткөн президенттик шайлоо демократияны туура колдонуу жолунда ташталган маанилүү бир кадам болгондугун баса белгилеген Эштон Европа Союзу Мисирдин жаңы жооптуулары менен жакындан кызматташууну каалай тургандыгын дагы бир жолу кайталады.

О.э. Эштон саясий оппозиция жана активисттердин камакка алынышынан Европа Союзу тынчсызданып жаткандыгын айтып, Мисир мекемелерин көп сандуу саясий туткундарга карата чыгарылган өлүм жазасын кайрадан карап чыгууга чакырды. Эштон Европа Союзу Мисирге колдоочу болууга даяр экендигин айтып өттү.

АКШ жана Европадан кийин Израиль да Ас-Сиси менен кызматташууга кызыкдар экендигин ачыктады. Израиль президенти Шимон Перес Мисир менен кызматташуу арзуусунда экендигин билдирди.

“The Jarusalem Post” гезитинин кабар беришинче, Мисирде шайланган президент менен кызматташуу боюнча Шимон Перес: “Израиль менен Мисир ортосунда тынчтыкты пайда кылуу үчүн кызматташууну жолго коюшубуз керек”, – деп айткан.

96% добуш менен жеӊип чыгып Мисирдин президенти болуп шайланган Ас-Сисиге Батыш мамлекеттери жана алардын шериктери тарабынан куттуктоолор агылып келүүдө. Азырынча Америка, Европа Союзу жана Израиль Ас-Сисиге кызматташууну сунуштады. Саудия жана Бириккен Араб Амирликтери жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Туркистон:

Ас-Сиси куфрдун колундагы бриллиант болуп турат. Ал  Мубарактын же Асаддын ордун ээлейт. Эки абал теӊ куфр дүйнөсүн канааттандыра берет. Бирок, Сисинин Мубарактын ордун ээлеп алышы алардын арзуусу болуп, бул үчүн алар бардык күч-кубаттарын пайдаланышат. Ал тургай, мусулмандарды коргоо үчүн, аларды азат кылуу компанияларын жаратышат.

Мурда айтып өткөнүбүздөй, бул региондо эки түрдүү кызыкчылык негизинде иш жүргүзүлөт. 1. Куфр дүйнөсү бири-бири менен регион кызыкчылыктарын талашуу негизинде. 2. Бүтүндөй куфр дүйнөсүнүн Ислам системасына каршы күрөшү негизинде. Ошондуктан, биз мусулмандар жаӊылып калбашыбыз жана алардын ар бир аракеттеринен ошол кызыкчылыктарынын  кайсы бири негизинде аракеттенип жаткандыктарын түшүнүп турушубуз керек. Болбосо Мурси жана аны ээрчигендер алданганы сыяктуу алдана беребиз.

Мунун алдын алуунун бирден-бир жолу, куфр системасын үйрөнгөнүбүздөй эле Ислам системасын да үйрөнүп, аны турмушка кайтаруу тарыйкаты менен аракеттенүү негизинде өзүбүздү жана айланабыздагыларды даъват кылышыбыз важиб болот. Бул болсо, Хизбут-Тахрирдин исламий ижтихады менен саясий багытталган, Пайгамбарыбыз с.а.в.дын Исламды турмушка алып келген тарыйкатына негизделген жолду түшүнүү менен жана ушул жолдон кылдай четтебестен аракеттенүү менен ишке ашырылат. Болбосо т.а. куфр тарыйкаты менен Исламды турмушка алып келүү жолдорунун бардыгы дагы кайрадан куфрга гана алып бара берет. Буга биз кайра-кайра күбө болуп жатабыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here