РАСУЛУЛЛАХ С.А.В.ДАН ЧЫНЫГЫ МААНИДЕ ӨРНӨК АЛУУ

277
0

Түркиянын бардык шаарларында Расулуллах с.а.в.дын мавлюд күндөрү кеӊири белгиленди. Ал тургай, мамлекеттик кызматкерлер да бул салтанаттарга катышып же телеканалдар аркылуу өз пикирлерин билдирип, Расулуллах с.а.в.га болгон сүйүүсүн билдиришти.

Ошол эле убакта Түркиядагы Хизбут-Тахрир жигиттери да “Биз кандай Пайгамбар с.а.в.га ыйман келтирдик”, “Расулуллах с.а.в.ды туура таануу”, “Расулуллах с.а.в.ды сүйүү – ал зат алып келген шариятты ээрчүү менен болот” деген аталыштагы бир нече конференцияларды өткөрүштү.

Конференцияда Расулуллах с.а.в.га ыйман келтирүү жана ал затты сүйүү кандай болушу туурасындагы назик чекиттерге көӊүл буруу менен, Расулуллах с.а.в.дын аты аталганда ал затка салават айтуучу мусулмандарга мындай суроолор менен кайрылуу жолдонду:

Биз Расулуллах с.а.в.ды бир жылда болгону бир жолу эстешибиз жетиштүүбү же ал затты жакшы таанып, өмүр бою ээрчүүгө муктажбызбы? Пайгамбарыбыз с.а.в.га болгон сүйүүбүз христиандардын Иса алайхиссаламга болгон сүйүүсү сыяктуу болуп калышына ыраазы болобузбу? Расулуллах с.а.в.га болгон сүйүүбүз биздин мойнубузга эмнелерди жүктөйт?

О.э. мамлекет бойлоп белгиленип жаткан Расулуллах с.а.в.дын мавлюд күндөрүндө ал зат өрнөк алына турган бир үй-бүлө башчысы болгондугу,  кошуналары менен жакшы мамиледе болгондугу жана көркөм кулк-мүнөз ээси болгондугу кайра-кайра айтылгандыгына көӊүлдү буруп: “Аллахка ант болсун, буга күмөнүбүз жок, а бирок, эмне үчүн ал зат Ислам мамлекетинин жетекчиси болгондугу жана бул мамлекетти тикелөөдө кандай гана кыйынчылыктарды көргөндүгү жөнүндө сөз кылынбай жатат?” – деген суроону ортого таштады.

Чындыгында Расулуллах с.а.в.ды сүйүү бир жылда бир жолу мавлюд күнүндө ыксыз кооздолгон ураандарды айтып кыйкыруу менен же ал затты эскерип көз жаш төгүү менен эмес, тескерисинче, ал зат алып келген шариятты турмушка колдонуу менен ишке ашат.

Ибн Касир Али Имран сүрөсүнүн

 قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

“Айткын (эй Мухаммад): «Эгерде Аллахты сүйсөӊөр, мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөлөрүӊөрдү кечирет. Аллах (күнөөлөрдү) кечирүүчү, мээримдүү Зат”. Аятынын тафсиринде “кимде-ким Аллахты сүйө тургандыгын айтып, а бирок, Расулуллах с.а.в.дын жолу менен жүрбөсө жана ар бир сөзүн, ишин Расулуллах с.а.в. алып келген динге ылайык ишке ашырбаса, демек ал жалган айтып жатат” деген.

Эгерде бардык мусулмандар Расулуллах с.а.в.дан чыныгы мааниде үлгү алышканда эле, анда Сирияда кафир Асад күн сайын жүздөгөн мусулмандарды өлтүрүүгө, Бирмада бутпарас кафирлер мусулмандарды тирүүлөй өрттөөгө, Борбордук Африкада христиан топтор мусулмандарды өлтүрүп этин жегенге, Палестинада яхудийлер Масжидул Аксаны тебелеп тепсөөгө, Чыгыш Түркстанда коммунист Кытай бийлиги уйгур мусулмандарды кордоого, Индиядагы уйга сыйынуучу мушриктер мусулмандарды кыргын кылууга, Мисирде АКШ жана Батышка көз каранды бийлик бир эле убакта жүздөгөн мусулманды беймарал өлүм жазасына өкүм кылууга жана куурчак кыргыз бийлиги атасы өлгөнгө чейин камакта кармалышына нааразылыгын билдирген бир муслима кызды террорист деп камакка таштоого батына алышат беле?!

Киямуддин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here