КЫРГЫЗСТАНДЫН БАЖЫ СОЮЗУ ЖАНА ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК СОЮЗУНА КОШУЛУШУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

288
0

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабар беришинче, премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2-май күнү өкмөт мүчөлөрү жана президенттин аппарат жетекчилиги менен Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык мейкидигине кириши тууралуу маселе боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Премьер-министр жыйындын катышуучуларына, Россияга болгон иш сапарынын натыйжалары жана Кыргызстан-Россия ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты дагы да күчөтүү маселелери туурасында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, кеңешме жыйындын катышуучулары интеграциялык бирикмеге кирүү боюнча жол картасынын долбоорун талкуулашты. Ошондой эле, эки тараптуу мүнөздөгү документтер долбоорлорун жана Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык мейкиндикке кирүү боюнча маселелерди орусиялык тарап менен акыркы макулдашуу үчүн жумушчу топту жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Туркистон:

Кыргызстан өкмөтү Бажы союзуна мүчө болуп кирүүнүн акысына Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын Бажы союзуна мүчө мамлекеттер аймагында жеӊилдетилген шарттар негизинде жүрүшүн о.э. өз аймагында иштеп чыгаруу өнөржайын өнүктүрүүгө жардам берилишин каалап жатат.

Кыргызстан өкмөтү коюп жаткан мындай талаптар бул уюмду түзгөн Россия кызыкчылыктарына туура келбегендиктен, ал  расмий Бишкек менен келишим түзүүгө шашылбай жатат. Себеби, Россиянын Бажы союзун түзүүдөгү негизги максаты бүгүнкү күндө заманбап талаптарга жооп бере албай калган продукциялары үчүн жаңы базар пайда кылуу болчу.   

А бирок ошого карабастан, расмий өкмөт Кыргызстандын Бажы союзуна жана Евразия экономикалык мейкиндигине мүчө болушу кескин каршылыктарга дуушар болбостугу үчүн  өз жарандарынын бул уюмга карата көз карашын өзгөртүү максатында расмий Массалык маалымат каражаттары аркылуу үгүттөө иштерин баштап жиберди.

Кыргызстандын Бажы союзуна мүчө болушу боюнча “жол картасы”на  май айынын ортолорунда кол коюлушу мүмкүн. Ошондон кийин бул долбоор талкуу кылуу үчүн парламентке жөнөтүлөт. Эгерде парламент да бул долбоорду тастыктай турган болсо Кыргызстандын Бажы союзуна кириши боюнча өкмөттүн акыркы токтому кабыл алынат… 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here