СИРИЯДАГЫ АКЫРКЫ КЫРДААЛ

275
0

Сирияда өтө маанилүү окуялар жүз беришине карабастан, массалык маалымат каражаттарынын кабарларды АКШ жана Батыш мамлекеттеринин каалоосуна ылайык көрүнүштө таркатышы, чыныгы кабарлар болсо ачыкталбай кала бериши эч кимге сыр болбой калды. Себеби, бүт дүйнөдөгү массалык маалымат каражаттары колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат.

Хизбут-Тахрирдин – Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Хишам Баба ал жердеги чыныгы абалды мындай сүрөттөйт.

Бүгүнкү күндө Сириядагы кырдаал – Аллахка алкыш мактоолор болсун – өтө жакшы. Адамдардын руху күтүлгөндөн да бийик. А бирок, маалымат каражаттары ал жердеги кабарларды таркатышпайт, болгону өздөрүнө туура келгенин гана таркатып жатышат.

Көбүнчө бирөөлөр менден бул козголоңдун натыйжалары жөнүндө сурап калышат. Мен бул жаатта мындай демекчимин, козголоң ушундай бир чекитке келди дейсиӊ, эми артка кайтуунун мүмкүнчүлүгү калбады. Сирияда жүз берип  жаткан иштер – бул түптөн өзгөртүү. Халифалык мамлекети жакынкы күндөрдө тикеленеби же кийинчерээкпи, эмнеси болгондо да, өзгөрүү башталды.

Учурда Сириянын төрттөн үч бөлүгү режим өкүмдарлыгынан тышкарыда  жашап жатат. Алар бардык проблемаларын Исламга ылайык чечип жатышат. Мындай абалга адамдар аябай ыраазы. Артка кайтууга таптакыр мүмкүнчүлүк калбады. Т.а. Сириянын режимден азат кылынган аймактары адамдар өз проблемаларын эч кандай полиция аралаштырбай кемтиксиз көрүнүштө өздөрү чечип жаткан дүйнөдөгү бирден-бир аймактар болуп калууда. Себеби, ал жерлерде мамлекеттик мекемелер жок, полиция же укук коргоо органдары таптакыр жок. Ал тургай, жолдордо эч кандай светофорлор да жок. Ошондой болсо да жол эрежелерин бузуу окуяларын жана бирер-бир чатак, жаӊжал жүз берип жатканын көрбөйсүз. Бул болсо, Үммөт шариятка ылайык өз ишин башкалардын аралашуусусуз өзү чечүүгө кудуреттүү экендигин көрсөтүп турат.

Режимге көз каранды маалымат каражаттары “эч кандай козголоң жок, бардыгы өз алынча жакшы жашап жатат, болгону кээ бир террорчу топтор согушуп жатат” деген кабарды таркатууда. Түпкүлүгүндө, режимдин өзү коркуу менен жашап жатат. Себеби, ал ар кандай ирмемде кулашы мүмкүн экендигин жакшы билет. Тынч жарандарды алыстан туруп бомбалоосу анын өтө алсырап калгандыгын билдирет. Режим өкүмдарлыгынан азат болгон жерлерде табигый турмуш уланууда. Дыйканчылык, соода-сатык иштери, өнөржай иштери ар дайымкыдай эле өз жолунда жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин соода иштери токтогон эмес. Иордания, Ливан жана Ирак мамлекеттерине керектүү продукциялар жеткирип берилүүдө. Ал эми режим болсо өзү чегаралап алган жерден эч кимди чыгарбай жатат. Эгерде бирер киши ал жерден чыкмакчы болсо снайперлердин бутасына айланат. Коркуу да, ачарчылык да режим өкүмдар болгон аймактарда уланууда.

Биздин бардык жихадий топтор менен мамилебиз жакшы. Себеби, биз саясий иш-аракет алып барабыз. Алардын бардыгы менен мамиле орнотуу биздин милдетибиз. Ошондуктан, Сириядагы бардык үммөт менен байланышабыз, ошону менен бирге бардык жихадий топтор менен да байланышабыз. Алар Аллахтын жолунда согушуу үчүн жолго чыккан мужахиддер. Демек, алар Аллах жана Расулу айткан нерсени башкаларга караганда көбүрөөк кабыл алышат. Ошондуктан, алар биз сунуштаган нерселерге канааттанышты. Туура, алар Халифалык жөнүндө айтышпады, ал эми Халифалык эмне экендигин толук мааниде билишпейт. Мисалы, Жабхатун Нусранын командачыларынын биринен “эгерде бийликти колго алсаӊар эмне менен өкүм жүргүзөсүӊөр, силерде элди башкаруу үчүн бирер дастур долбоору барбы” деп суралганда бир аз ойлонуп туруп, андан кийин “Хизбут-Тахрирден алабыз” деп жооп берди. Ушуга ылайык, биз ар дайым алардын пикирлерин Ислам тарапка багыттоо үчүн алар менен тынымсыз байланышып турабыз.

Алар биздин сөздөрүбүз туура экендигине канааттанып жатышат. Биз адамдарга да, мужахиддерге да жүздөнүп, аларга кылып жаткан иштеринин шариятка туура келиши же келбестигин баяндап берип жатабыз. Аллахка хамду-саналар болсун, бул нерсе аларга таасир кылып жатат. Мужахиддердин өтө көпчүлүгү Аллах Таалага кайтышты жана Аллахтын жолунда согушууга өтүп өтө көптөгөн жеӊиштерге жетишти.

Жалпысынан алганда, бул жерде мужахиддерди чалгытуу үчүн Батыш тараптан түзүлгөн пландар бар. А бирок, бул пландар алар каалагандай натыйжа бербей жатат. Күндөн-күнгө алардын колунан тизгин чыгып бара жатат. Инша Аллах, үммөт ар бир кадам сайын Халифалык мамлекетин тикелөөнү көздөй жакындап бара жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here