7- апрель күнү Тажикстандын тышкы иштер министринин орунбасары Низомиддин Зохидов Европарламенттин депутаты Анри Вебер менен жолугушту. О.э. жолугушууда Франциянын Душанбедеги элчиси Дидие Леруа да катышты.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргенде й, жолугушууда көптөгөн маселелер о.э. Тажикстан менен Франциянын алкалары, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
О.э. тараптар аймактык кызматташтык маселелерин, Таджикистандын Евробиримдик менен алакасы жана Афганистандагы кырдаал тууралуу сүйлөшүштү.
Туркистон:
АКШ Евробиримдик менен Россияга каршы кызыкчылыктарын параллелдештирүүдө. Россиянын эл аралык саясатта жеӊилүүсү, мына ушул кызматташтыктарын карамап кала албаган абалда т.а. бул кызматташтыктарга кайдыгер мамиле менен аракеттенип жаткандыгында.
Эми Евро биримдик да Орто Азия бойлоп АКШ сызып берген кызыкчылыктар менен аракеттенет. Бул аракеттер Россияга каршы багытталат. Муну Кытай жетекчиси Си Цзинпинге Ангела Меркель тараптан көрсөтүлгөн картанын айланасындагы жаӊжалдуу окуялар атайылап кылынгандыгынан түшүнүп алууга болот. Эми Евробиримдик ОБСЕ өкүлдөрүнүн саясий, экономикалык жана башка тармактарга аралашүүсү күчөй берет. Себеби, алар эми Россиянын кызыкчылыктарына каршы күрөшүү пикрий жетекчилиги менен АКШ тарабынан коргоого алынган.