Крымда Хизбут-Тахрирге тыюу салууга чакырык

303
0

Крым премьер-министринин орунбасары Рустам Темиргалиев Хизбут-Тахрир Исламий партиясы Россияда террордук уюм катары кабыл алынгандыгын айтып “Крым Россияга байланыштуу болгондугу себептүү Крымда да ага тыюу салуу керек” деп билдирди.

Рустам Темиргалиев: “Крым Россия федерациясынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Федералдык мыйзамдар бул жерде да колдонулушу керек. Хизбут-Тахрир Исламий жамаатына Россияда тыюу салынган. Ушундан келип чыгып, Крымда да тыюу салынышы керек”,  – деди.

Хизбут-Тахрир Исламий партиясы Крымда расмий каттоодон өтпөгөндүгүнө карабастан, ал жерде болжол менен он жылдай убакыттан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал Акмечитте бир нече жолу конференцияларды жана митингдерди уюштурган. Мындан тышкары Крымда Хизбут-Тахрир бир газета да чыгарат.

Хизбут-Тахрир Исламий партиясынын Крым мусулмандарынын ойгонушуна өтө чоӊ таасири болгондугу көрүнүп турган болсо да, Рустам Темиргалиев акыркы жылдарда анын калкка таасири болбой калгандыгын дааба кылды. Анын айтымында, ошол себептен улам Хизбут-Тахрир Исламий партиясына муктаждык калбаган.

Ал: “Хизбут-Тахрир Исламий партиясынын өсүп-өнүгүшү заман талабы болчу. А бирок, эми анын Крым татарларына дээрлик таасири калбады. Учурда анын курамындагы адамдар да партиядан чыгат деп ойлоймун”, – деди.

Рустам Темиргалиев эмне үчүн Россияда Хизбут-Тахрирге тыюу салынгандыгы жөнүндө о.э. анын Крым татарларына дээрлик таасири калбаган болсо, анда ага тыюу салууга кандай муктаждык бар экендиги жөнүндө ооз ачпады.

Туркистон:

Аллах сабыр берсин, Крымдагы боордошторубузга катуураак сыноо келе жаткан окшойт. Ал боордошторубуз ушул күнгө чейин Аллах берген мүмкүнчүлүктөн  өтө жакшы пайдаланышты. Алар Хизбут-Тахрирдин дүйнөгө таанылышына о.э. бул Хизб өзү үчүн нажат табуунун жападан-жалгыз шаръий жолу экендигин адамдар түшүнүп жетишине өтө чоӊ салым кошушту. Алар араб дүйнөсү менен Европа дүйнөсү ортосунда көпүрө болуп, Европа мусулмандары жана кайры мусулмандарынын Исламга болгон көз караштарын иш жүзүндө өзгөртө алышты. Аллах жакшы көргөн пенделерине – алар акыреттеги даражаларын ушул дүйнөдө бийигирээк көтөрүп алышы үчүн – ушундай көрүнүштө т.а. ар түрдүү балээлерди жиберүү менен шарт түзүп берет. Боордошторубузга Аллахтын жардамын жана нусратын сурап калабыз. Биз силерди Аллах үчүн канчалык жакшы көрсөк, силердин душмандарыӊарды ошончолук жаман көрөбүз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here