СҮЙЛӨШҮҮЛӨР НАТЫЙЖА БЕРБЕЙ ЖАТАТ

323
0

Палестина жана Израиль жооптуулары АКШ ортомчулугунда уланып  жаткан сүйлөшүүлөр аяктап эч бир натыйжа бербегендигин жана үмүт үзүлүп бара жатканын ачыкташты.

Франс Пресс маалымат агенттигине интервью берген палестиналык жооптуу: “Кризис уланууда. Сүйлөшүү башталгандан бери Израиль бизди коркутуп келет, бир да чечимге жетишилбеди”, – деди.

Израилге караштуу “Ynet” сайтына интервью берген Израилдик жооптуу да сүйлөшүүлөр жардын жакасында экендигин билдирип, АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин да көӊүлү калгандыгын айтып өттү.

Ал: “Сүйлөшүүлөр бир нече апта ичинде мурдагы таасирин жоготуунун астанасында турат”, – деди.

Израилдин премьер министри Бинямин Нетаняҳу министрлер кеңешинде сөз сүйлөп, Палестина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин билдирди. А бирок, бул үчүн эч кандай формадагы төлөмдү кабыл албастыгын баса белгиледи. Эгерде Палестина тарап эл аралык уюмдарга кайрыла турган болсо, Израиль да өз кадамдары менен буга жооп кайтарышына басым жасады.

Туркистон:

Израиль проблемасы – бул Палестина чыккынчы бийлигинин проблемасы эмес. Ал Халифалык мамлекети аркылуу чечиле турган Ислам жана мусулмандар проблемасы!  50-жылдардан бери ар түрдүү айла-амалдар менен уланып келе жаткан бул сүйлөшүүлөр Палестинанын чечими эмес, тескерисинче Израиль бул региондо көбүрөөк бар болуп турушу үчүн ойлоп табылып жаткан айла-амалдардан башка нерсе эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here