ШЕЙИТТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КАРАТА БАСЫМ ӨТКӨРҮҮЛӨР УЛАНУУДА

344
0

Боордошубуз Аманов Хамидуллах Инатзинович 1963-жыл, 5-апрель күнү Кыргызстан республикасынын Ош шаарында төрөлгөн, Ош шаарынын Моминов көчөсүндөгү №68 үйдө жашаган, Кыргызстан республикасынын жараны болгон. Бул боордошубуз Хизбут-Тахрирдин пикир жана максаттары менен таанышкан соӊ, бүтүндөй көӊүлүн, күч жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорудагы пикирлерди элдин арасына жеткирүүгө о.э. адамдарды Ислам өкүмдөрү менен жашоого чакырууга арнады. Анын бул иш-аракети Кыргызстан жана Өзбекстандын күч органдарынын тынчын алды. Боордошубуз Хамидуллахтын даъватына чек коюу үчүн бул эки мамлекеттин күч органдары кантип болсо да аны камакка таштоо жолун издей башташты. Жана акырында бул күч органдары “Хамидуллахтын даъват жолуна чекит коюунун эң жакшы жолу – аны Ислам жана мусулмандарга каршы аёосуз күрөшүп жаткан Өзбекстан камагына тыгуу” деген токтомго келишти.

Ушундай максатта Ош областы боюнча терроризмге каршы күрөш башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн ошол убактагы башчысы Муртазаев Жахангир Өзбекстан республикасы Кожо-Абад району Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Курбанов Тажимамат менен тил бириктирип, 1999-жылдын ноябрь айында Хамидуллахты Ош шаарынан уурдап, “Достук” чегара пункту аркылуу Өзбекстанга алып барышат жана аны Кожо-Абад районунда машинадан түшүрүп калтырышты. Машинадан түшкөн Хамидуллах беш-он кадам жүрбөй туруп өзбек милициясы тарабынан колго алынат жана жергиликтүү милиция таяныч пунктуна алып келинип, чөнтөгүнө Хизбут-Тахрир баракчалары, “Мемориал” укук коргоо уюмунун китепчеси жана 0,26 гр. героин салып коюлат. Кийинчерээк Кожо-Абад районунун ички иштер бөлүмүндө “калыс күбөлөр” катышуусунда кайрадан тинтүү өткөрүлгөн убакта анын жанынан жогоруда айтып өткөнүбүздөй, тыюу салынган адабияттар жана героин “табылат”. Бул болсо, боордошубузду узак мөөнөткө залимдин зынданына таштоо үчүн жетиштүү болчу.

Ошондон кийин, 2000-жылы 21-январь күнү болуп өткөн Андижан областы Кожо-Абад соту тарабынан боордошубуз Аманов Хамидуллах Өзбекстан республикасынын ККнин 145-берене 3-пункту, 156-берене 2-пункт.”д”, 158-берене 3-пункту, 159-берене 4-пункту, 216-берене, 242-берене 1-пункту, 244-1-3- пункт “а”, 244-2-берене 1-пункту, 246-берене 2-пункту жана 273-берене 5-пункту менен айыптуу деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды.

А бирок, бул залим режим жана анын малайлары Аманов Хамидуллахты узак мөөнөткө камап да өздөрүнүн жийиркеничтүү максаттарына жете алышпады. Анткени, боордошубуз камакта да өзүнүн даъватын токтотпостон, өзүнүн сабыры, такыбалыгы жана залим алдында акыйкатты айтуудан коркпостугу менен камактагы калган боордошторубузга да үлгү болду. Ошол себептен улам 2007-жылдан баштап Аманов Хамидуллахка “мекеме жетекчилигинин мыйзамдуу талаптарына моюн сунбастык” айыптары менен төрт жолу жаңы жаза мөөнөтүн кошуп беришти.

Канкор өкмөттүн желдеттери ушунча зулум жана жырткычтык кыйноолор астында да боордошубуз Аманов Хамидуллахты тандаган жолу жана максатынан кайтара алышпаган соӊ, аны жок кылуу жолуна өтүштү. Акыры узакка созулган ырайымсыз жана соо-саламат адамдын оюна да келбей турган кыйноолор натыйжасында боордошубуз Аманов Хамидуллах 2013-жылы 4-апрель күнү Кашкадарыя областынын Касан шаарында жайгашкан АЯ 64/51 камагында – Аллах Тааланын уруксаты менен – шейиттик даражасына жетишти. Камактын жетекчилиги өздөрүнүн кылмышын жашыруу максатында боордошубуздун жүрөгү кармап өлгөндүгү туурасында документ даярдап, “туугандары келбеди” деген шылтоо менен Касан шаарындагы көрүстөнгө коюшту.

Боордошубуз Аманов Хамидуллахтын туугандары ал өлгөндөн бир аптадан кийин, 2013-жыл, 11-апрель күнү камаккана жетекчилигинен “ал жүрөк оорусу себептүү өлгөндүгү жана Касан көрүстөнүнө коюлганы” туурасында телеграмма алышты. Телеграмманы алары менен боордошубуздун аялы, уулу жана кайниси Өзбекстан республикасынын Кашкадарыя областына карай жолго чыгышты. Бирок, жолдо кыйынчылык көрүп Касан шаарына жетип барышканына карабастан, боордошубуздун мубарак сөөгүн Кыргызстанга алып келе алышпады.

Боордошубузду узатуу ырасымы чоӊ ызы-чууга себеп болушунан корккон Кыргызстан бийлиги болсо өз жараны болгон бир мазлумдун сөөгүн алып келүүгө аракет кылып жаткан жакындарына жардам берүүгө да жарабады. Анткени, алар 2006-жыл, 7-август күнү Кыргызстан жана Өзбекстан күч органдары кызматташтыгында өткөрүлгөн атайын операция маалында атып өлтүрүлгөн жана – Аллахтын уруксаты менен – шейиттик даражасына жетишкен Кара-Суу шаардык “Ас-Сарахсий” мечитинин имам хатиби Рафик кары Камаловду узатуу ырасымы карапайым калк тарабынан кандай кабыл алынганын унута элек болчу. Бул боордошубузду узатуу ырасымы да кудум мурункудай болуп массалык түс алып кетишинен расмий бийлик өкүлдөрү коркушту. Ошого карабастан, боордошубуздун гойибана жаназа намазына Кыргызстандын түрдүү аймактарынан миӊдеген мусулмандар келишти.

Атасынын ак жеринен өлтүрүлүшүнө жана өз жаранын коргоого, же жок эле дегенде сөөгүн алып келип берүүгө жарабаган расмий өкмөттү жоопкерсиздиги үчүн сындаган жана бул жийиркеничтүү түзүмдөрдүн чыныгы жүзүн түрдүү Массалык маалымат каражаттары аркылуу бүт дүйнөгө ачып таштоого аракет кылган, маркум боордошубуз Аманов Хамидуллахтын кызы, 1994-жылы 24-январда төрөлгөн муслима карындашыбыз Аманова Зулфияга жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата расмий бийлик тарабынан болуп жаткан кысымдар бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Муслима карындашыбыз Аманова Зулфиянын бекем турушу, залимдин зулуму, жаманатты кылуучунун жаманатты кылышынан коркпостон аракет кылышы Кыргызстан бийлигин тынчсыздантып койду жана бул карындашыбызды коркутуу жана өз акы-укуктарынан баш тартууга мажбурлоо үчүн 2014-жыл, 31-март күнү Кыргызстан мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тарабынан камакка алынды. Мына ушундай жол аркылуу Кыргызстандын күч органдары өздөрүнүн алсыздыгын жана өзбек кесиптештеринин былыктарын жашырууга аракет кылууда. Эгерде маркум боордошубуз Аманов Хамидуллахтын Өзбекстан камагында шейит болгондугун жана карындашыбыз Аманова Зулфия да дал ошол Өзбекстан күч органдарына карата доо артып жатканын эсепке ала турган болсок, карындашыбыз Зулфияны камакка алууга өзбек күч органдары буйрутма берген болушу мүмкүн.

Кыргызстан бийлиги да акыркы убактарда Россия жана башка ири мамлекеттердин талабы жана басымы астында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп барууда. Бул максатта расмий бийлик Коргоо кеңеши аркылуу Ислам динине каршы ар түрдүү токтомдорду даярдап, күч органдары жана айрым дин уламалары аркылуу Исламий көрүнүштөрдүн коомчулук арасында жайылышына тосук коюуга аракет кылууда. Президент Атамбаевдин мусулмандар сакалын сындап айткан бир ооз сөзү Ош, Кызыл-Кыя шаарларында жана Ноокат районунда мусулмандардын сакалы милиция кызматкерлери үчүн акча өндүрүү булагына айланып калды.

Расмий бийлик мусулман эркектер жана алардын сакалы менен күрөшүүгө гана чектелип калбастан муслима эже-карындаштарыбызга каршы күрөшүүсүн да күчөтүүдө. Өткөн март айында Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Хизбут-Тахрирге мүчө деп күмөн кылынган он чакты муслима аялдар УКМК тарабынан камакка алынды жана айрымдарына карата кылмыш иши козголду. Бул аркылуу расмий бийлик калкынын 82,7 пайызын түзүүчү мусулмандар менен өзүнүн ортосундагы ажырымды дагы да чоӊойтууда.

Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир мүчөлөрү расмий бийликти – ар түрдүү ири мамлекеттер жана диктатор режимдердин малайы болуудан тыйылууга о.э. өзүнүн мусулман калкынын каалоосун эсепке алууга чакырабыз. Анткени, азыркы дүйнөдөгү саясий абал өткөн кылымдын акырларындагы абалдан жана азыркы мусулмандар да 1990-2000-жылдардагы мусулмандардан айырмаланышын, алар Ислам өз түзүмүнө ээ болгон дин экендигин алда качан түшүнүп жетишкендигин эскертип өтөбүз.

Учурда дүйнөдө жетекчиликти дааба кылып жаткан Америка да саясий жана экономикалык кризистер агымында толгонууда. Демократиянын негиздөөчүсү болгон Европа мамлекеттери да өздөрү ойлоп тапкан түзүм кризиске жүздөнгөнүн моюнга алып жатышат.

Мындан айырмалуу түрдө ушунча зулум, кыргын жана куугунтуктоолорго карабастан Ислам дини күндөн-күнгө күчкө толуп барууда. Мусулмандар да өз Исламын көздөй ири кадамдар менен алдыга умтулууда. Халифалык мамлекетинин таӊы кыйырдан баш көтөрүп келе жатат жана Халифалыктын тикелениши убакыт маселеси гана болуп калды. Муну ал тургай колонизатор мамлекеттердин өзү да моюнга алууда.

Аллах Таала айтат:

“Алар Аллахтын нурун ( Исламды) ооздору (бейпайда сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Аллах болсо, мейли(кафирлер) каалашпаса да, жалаӊ Өз нурун толук (ар тарапка) жаюуну каалайт. Ал (Аллах) өз Расулун хидаят жана акыйкат дин менен – мейли, мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат”   [Тообо: 32-33]

Абдурахман Адилов

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү

4-апрель, 2014-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here