Өз Китебинде ушул каламды айткан Аллахка хамду-сана болсун:
«Аллахтын мечиттерине, Аллахтын аты зикр кылынуусуна тоскоолдук кыла турган жана аларды кыйратуу аракетинде жүргөн кишилерден да залимирээк ким бар? Акыры бул адамдар үчүн андай жайларга корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн эле го?! Алар үчүн бул дүйнөдө кордук, Акыретте болсо чоң азап бар» [2:114]
Расулуллахка, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал затка дос болгондорго салату-саламдар болсун, амма баъд:
Эй мубарек жердеги мусулмандар!
Аллахтын үйүндө намазкөйлөр жана Ислам даъватчылары уруп-сабалып жатканы кантип болсун?! Рахмандын мечиттеринде Зати Илахий акааратталганы кантип болсун?! Аллахка сүйүктүү региондо Ислам урматтары тебеленип жатканы кантип болсун?! Мындай кылмышка кыпындай таквасы бар киши таптакыр кадам баспайт.
«Иш ушундай, ким Аллахтын шаир-ыйык нерселеринурматтаса, анда, албетте (бул урмат) жүрөктөрдүнтаквалыгынан болот» [22:32]
Палестина режими, анын коопсуздук кызматы жана коррупцияга малынган вакфтар министри чоң Бира мечитин бутага алышты. Ислам улууланган, Аллахтын аты зикр кылынган, маъруфка буйрулуп, мункардан кайтарылган бул жайды текебердик жана зомбулук менен бутага алышып, мечитке бастырып кирүү аркылуу Аллахтын үйүн булгашты, намазкөйлөрдү уруп-сабап, Аллахка даъват кылып жаткандарды камакка алышты, мечит ичинде Зати Илахийди акаарат кылышты. Ал тургай, коопсуздук кызматындагы бир шайтан даъватчы жигитти уруп: «Хубалды эстегин», деди. (Хубал – Ислам дооруна чейин Меккеде курайш арасында белгилүү болгон бут-санам)
Аллаху Акбар, бул кылмыштары кандай гана жаман, Аллаху Акбар, бул душмандыктары кандай гана жийиркеничтүү, Аллаху Акбар, Аллахтын пенделерине кылган бул зулумдары кандай гана оор…
Эй мубарек жер болгон Палестина калкы!
Силер бул мечитти Ислам улуулансын, Аллахка даъват кылынсын деп өз эмгегиңер жана каражатыңар менен курган элеңер. Демек, бул мечит акыйкат минбары бойдон калышы жана ал жерде Ислам аты жаңырышы үчүн режим менен анын вакфтарынын колун бул мечиттен тыйып койгула.
Силер мусулмандар ушул мубарек жер үчүн Аллах Таала алдында жоопкерсиңер, Өз ысымы зикр кылынышын ирада кылган ушул мечиттер үчүн да Аллах алдында жоопкерсиңер:
«Ал чырак) бир үйлөрдө (т.а. мечиттерде жагылат), Аллах аларды бийик көтөрүп (курулуш) салынышына жана аларда Өзүнүн аты зикр кылынышына уруксат берген(т.а. буйруган) эле. Ал (мечиттерде) эртели кеч Ал Затты аруулай турган кишилер бар, аларды соодагерлик да, алды-сатты да Аллахты зикр кылуудан, намазды толук аткаруудан жана зекетти (акылууларга) берүүдөн алек кыла албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган (Кыямат) Күнүнөн коркушат» [24:36-37]
Биз мындай кылмыш алдында ушуларды баса белгилейбиз:
1 – Палестина режими Америка буйруктарын аткаруучу катары ооздорду жабуу жана акыйкат сөздү тыюуга – өзгөчө, мечитте – аракет кылышы бул дүйнөдө шерменделик жана Акыретте оор азапка кириптер кылат.
2 – Исламды жеткирүүчүлөр – Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү – Аллахка даъват кылууда, шейиттер саййиди Хамза Gнун даражасына жетүүнү үмүт кылышып, Ислам жолунда жанын берүүнү улантышат.
3 – Шек-күмөнсүз, мечиттер – Ислам даргөйү, залимдер каалашпаса да, Аллахтын жардамы менен, бул даргөйлөрдө акыйкат сөз айтыла берет.
4 – Ушул мубарек жерде Ислам тамыры абдан терең тамыр жайган. Американын, яхудийлердин жана режимдин кылмыштары Ислам таңы атышын таптакыр токтото алышпайт, даъват калкынын үнүн таптакыр бастыра алышпайт. Тескерисинче, бул кылмыштар даъват калкы арасында күрөшүүнү, кайраттуулукту дагы да бекемдейт. Биз Аллахтын нусрат берүү жөнүндөгү убадасы алдында жана залимдердин кыйрап жок болушу астында турабыз:
«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз. Ал күндө залим-кафир кимселерге шылтоолору пайда бербейт жана аларга каргыш болот, алар үчүн эң жаман жай – тозок болот» [40:51-52]
Аллахым, биз Сенден Мухаммаддын Үммөтү зулум жана залимдерден, Акса мечити жана мусулмандардын бардык жерлери кафирлердин ыпластыгынан азат боло турган жарык күндөрдү жана кубаттуу нусратты жакын кылышыңды сурайбыз.
Аллахым, Пайгамбарың минхажы негизиндеги Халифалык – бул Сенин убадаң, Сенин убадаң болсо хак… Бүткүл ааламдар Роббиси Аллахка хамду-сана болсун.
Хизб-ут-Тахрир Палестина
11-жумадус-саний, 1435-х.
11-апрель, 2014-м.