Самих Райхан Абу Майсаранын Исламий мамлекетте бажыканалар туурасындагы суроосуна жооп

471
0

Суроо:

Ассаламу алайкум, Ислам түзүмү китебинде Исламий мамлекеттин каражат менен камсыздоо булактарына машруъ (шарият уруксат берген) жолдор аркылуу гана ээ болушу айтылган. Анда мамлекет бажы төлөмдөрүн мамлекеттин ички жана тышкы сооданы көзөмөл кылышы өкүмү менен алышы да айтылган.

Бул Расулуллах Aдын:

«لاَ يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»

«Макс ээси (туура эмес салык салуучу) бейишке кирбейт», –деген хадисинен туруп каралса, сиздердин бүгүн бажы төлөмдөрү саясатын жүрүгүзүшүӊөргө канчалык туура келет? Ички соода деп айтылганда мамлекеттин Исламий мамлекеттин вилаяттары ортосундагы соодага бажы төлөмдөрүн киргизүү назарда тутулабы?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух.

–     Макс (салык) жөнүндөгү хадис. Бул хадисти Хаким Мустадракта риваят кылып ал тууралуу «Муслим шартына ылайык сахих, эки шайх аны риваят кылбады» деген. Анын тексти төмөнкүдөй, Укба ибн Аамирден: Мен Расулулла Aдын

«لاَ يَدْخُلُ صَاحِبُ مَكْسٍ الْجَنَّةَ»

«Макс ээси (туура эмес салык салуучу) бейишке кирбейт»дегенин укканмын”, – деп айтканы риваят кылынды. Бул хадис мамлекеттин жарандарына т.а. мусулмандар жана ахли зиммага карата айтылган. Анткени алардын соодалары үстүнөн бажы салыктарын алуу жайиз болбойт, ошондуктан, алар соода-сатык жүргүзө беришет,  аларга салык салынбайт. Бул Исламий мамлекеттин вилаяттары ортосунда т.а. ички соодада болобу, же Исламий мамлекет менен чет мамлекет ортосунда т.а. тышкы соодада болобу, мунун айырмасы жок… Анткени, Исламий мамлекет соодагерлеринен, мусулмандардан да, ахли зиммадан да эч кандай салык алынбайт. Муну Расулулла Aдын Исламга киргендерге жазган катындагы сөздөрү тастыктап турат. Алардан ушр алынбай турган болгон т.а. соода үстүнө салынуучу бажы ушру алардан алынбай турган болду:

–     Абу Ахмад Хамид ибн Мухаллад ибн Кутайба ибн Абдуллах Хуросоний (ал Ибн Занживайх аты менен таанылган болуп, хижрий 251-жылы дүйнөдөн кайткан) өзүнүн «Амвал» китебинде риваят кылышынча, Расулулла A Сакифке алар Исламга кирген убакта бир кат жазды. Анда төмөнкүлөр келген: Бизге Хамид… Урва ибн Зубайрдан хадис риваят кылып мындай деди: Бул Расулулла Aдын Сакифке жиберген каты:

«بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ، هَذَا كِتَابٌ مِنْ مُحَمَّدٍ النَّبِيِّ رَسُولِ اللَّهِ A لِثَقِيفٍ… وَلاَ يُعْشَرُونَ…»

«Бисмиллахир Рохманир Рохим, бул Мухаммад Набий Расулулла Aдан Сакифке жөнөтүлгөн кат… алардан ушр алынбайт…». Т.а. алардан соодалары үстүнөн бажы төлөмдөрү алынбайт.

–     Ибн Шабба “Мадина тарыхы” китебинде риваят кылышынча, Расулулла A Нажрон насронийлерине ахли зимма катары алардын соодаларынан бажы төлөмдөрү алынбастыгы жөнүндө кат жазып жиберди… Анда төмөнкүлөр келген: Бизге Абу Валид… Абу Фатхтан хадис риваят кылышынча, Расулулла A Нажрон калкы менен сулх түзүп, аларга мындай деп кат жазып жиберди:

«بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ، هَذَا كِتَابُ مُحَمَّدٍ النَّبِيِّ رَسُولِ اللَّهِ لِأَهْلِ نَجْرَانَ إِذَا كَانَ حُكْمُهُ عَلَيْهِمْ… وَلاَ يُعْشَرُونَ»

«Бисмиллахир Рохманир Рохим, бул Мухаммад Набий Расулулланын Нажрон калкына жиберген каты, эгерде алардын үстүнөн анын өкүмү жүрө турган болсо… алардан ушр алынбайт». Т.а. ахли зиммадан соода үстүнөн бажы төлөмдөрү алынбайт. Мунун себеби, Нажрон насронийлери менен ахли зимма катары сулх түзүлгөндүгү. Анын далили мындай, ошол катта «Эгерде алардын үстүндө анын өкүмү жүрсө» т.а. Расулулла Aдын өкүмү жүрсө деген сөздөр келген.

–     Абу Убайд «Амвал»да Абдуррахман ибн Маъкалдан риваят кылды, ал мындай деди: Мен Зияд ибн Хадирден: Кимдерден ушр алат элеӊер? – деп сурадым. Ал: Мусулмандан да, муахидден да ушр албайт элек, – деди. Мен: Анда кимдерден ушр алат элеӊер? – дедим. Ал: “Дарул харб соодагерлеринен алат элек, биз алардын өлкөлөрүнө барганыбызда бизден ушр алышкандай эле биз да алардан ушр алат элек”, – деди. Дарул Исламга дарул харбдан кирүүчү товарлардан ушр алуучу адам ашир (ушр алуучу) деп аталат.

  • Ошондуктан, Исламий жарандыкка ээ болгон соодагерден – ал мусулман болобу же зиммийби, айырмасыз – бажы төлөмдөрү алынбайт.
  • Ал эми хукман согуш абалындагы мухарибдердин соодаларынан, алардын мамлекеттери биздин соодагерлерибизден бажы төлөмдөрүн алгандай эле, бажы төлөмдөрү алынат. Бул Абу Убайддын «Амвал» китебинде келгендей: «Мен: Анда кимдерден ушр алат элеӊер? – деп сурадым. Ал: Дарул харб соодагерлеринен алат элек, биз алардын өлкөлөрүнө барганыбызда бизден ушр алышкандай эле, биз да алардан ушр алат элек, – деди». Ибн Кудаманын «Мугний» китебинде да төмөнкүлөр келген: «Абу Мужлиз Лахик ибн Хамидден мындай дегени риваят кылынды: «Алар Умардан: Эгерде ахли харб бизге келе турган болсо алардан канча (төлөм) алабыз? – деп сурашты. Умар: Силер алардын өлкөсүнө киргениӊерде силерден канча алышат? – деп сурады. Алар: Ушр (ондон бир) алышат, – деп жооп беришти. Умар: Алардан да ушундай алгыла, – деди».

Тыянак:

  • Исламий мамлекет соодагерлеринен – соодагер мусулман болобу же зиммийби, айырмасыз – бажы төлөмдөрү алынбайт.
  • Муахид соодагерден келишимде көрсөтүлгөн шарттар боюнча бажы төлөмдөрү алынат.
  • Хукман согуш абалындагы мухариб мамлекеттери соодагерлеринен ушул мамлекеттер биздин соодагерлерибизден алгандай өлчөмдөгү бажы төлөмдөрү алынат.
  • Ал эми амалда согуш абалындагы мамлекеттерге келсек, биз жана алар амалий согуш абалындабыз. Демек, алардын соодагерлери  өлкөлөрүбүзгө кирбейт. Анткени, алар менен болуучу алака амалий согуш алакасы болуп эсептелет.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                          

  16-робиулаввал, 1435-х.

  17-январь, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here