НАТО Польшадагы аскерий аралашуусун күчөтөт

251
0

НАТО Польшадагы аскерий аралашуусун күчөтөт, бул Украинада пайда болгон кырдаалга жооп иретинде Чыгыш Европадагы өзүнө мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоого байланыштуу, – деп билдирди Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск.

 Анын айтымында, Россия менен жүз бериши мүмкүн болгон карама-каршылык коркунучун азайтуу үчүн НАТО Польшада туруктуу база түзүүнүн ордуна, ар дайым алмашып туруучу аскерий контингенттен пайдаланат.

Өтүп бара жаткан аптада өкмөт башчысы Дональд Туск Польшада аскерий аралашуусун өтө жай күчөтүп жатканы себептүү НАТОдогу шериктерине таарынычын билдирген болчу.

Март айынын аягынан НАТО Польша жана Румыниянын аба чектерин коргоого токтом кылган, расмийлердин мындай чечим кабыл алышына Украинада жүз берген кырдаал себеп болгон эле.

Туркистон:

Европа регионунда жүз берип жаткан саясий жана аскерий аракеттер АКШ, Россия жана Европа биримдиги ортосундагы кызыкчылыктар талашы негизинде жүрүп жаткан болчу. Акыркы кездерде АКШ жана Россия ортосундагы келишпестиктерден улам аскерий күчтөрүн регион бойлоп жайгаштырууга катуу киришип, Европанын кызыкчылыктары бир четке сүрүлө баштады. Россия Крымды басып алып ал жерди өтө чоӊ аскерий базага айландырып жаткан болсо. АКШ ошол ызы-чуудан пайдаланып НАТОнун таасирин күчөтүп, аны регион бойлоп кеӊейтип барууда. Бул жерде АКШ институттары о.э. алардын жана Обаманын үстүндө турган неоконсерваторлор түзүп жаткан пландар, диктатор Путин жеке өзү түзүп жаткан пландардан үстөм экендиги даана көрүнүп барууда. Россия Европаны коркутуу менен АКШнын Европадагы кадамдарын бекемдеди. Өтө маанилүү экономикалык шериги болгон Европа биримдиги менен алакаларын бузуп алды. Кытай менен Индия тарапка аракеттенишине каршы өтө чоң саясий күрөш башталды. Мисалы, уйгур эгемендүүлүк аракети жанданып баштады. Робия Кодирди АКШ маалымат менен майданга тартты. Си Цзиньпиндин өткөн аптадагы Германияга сапарында Ангела Меркел ага Кытайдын 1935-жылдагы картасын көрсөттү. Анда учурдагы Кытайдын аймагы 9.6 миллион кв/км, болсо, ошол кезде 13.5 кв/км болгондугуна, Монголия жана Владивосток Россия тарабынан кудум азыркы Крым сыяктуу басып алынгандыгына ишара кылынат. Учурда бул маселе Кытайдын ичинде бир нече акцияларга себеп болду.

Бул жана ушул сыяктуу аракеттердин бардыгы, Россиянын Кытай тарапка жүрүшүнүн астына олуттуу тосук боло алат. Эми Россия Кытайга басым өткөрүү максатында Каспий айланасындагы мамлекеттер болгон Казакстан жана Түркмөнстан аймактарын басып алып, Кытай тарапка кетип жаткан газ куурларын өз колуна алууга аракет кылышы мүмкүн. Казак президенти мындан тынчсызданып жатканына бир нече жолу ишара кылып өттү.

Кыскасы Европа биримдиги Россия менен АКШ ортосундагы кезектеги полигонго айланып калса ажеп эмес. Илгери исламий өлкөлөр ушул милдетти аткарып, миллиондогон адамдар курман болор эле. Инша Аллах, эми курмандык берүү кезеги алардын өздөрүнө келген болсо ажеп эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here