Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция өткөрүлдү

237
0

Бишкек шаарында 31-март жана 1-апрель күндөрү Бишкек ИИБнин 10-бөлүмү жана  УКМК кызматкерлери менен биргеликте Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция өткөрүлдү.

 Белгилүү болгондой, Хизбут-Тахрирдин бир нече мүчөлөрү колго түшүрүлгөн жана УКМК абагына жайгаштырылган. Камакка алынгандар: Ыссык-Көл областында төрөлгөн, Бишкектин “Ак-Тилек” жаңы конушунда жашап жаткан 34 жаштагы А. Деркенбаев, Жалал-Абад областында төрөлгөн, Бишкекте жашап жаткан 24 жаштагы С. Акматов, Нарын областында төрөлгөн, “Манас” кыргыз-түрк университетинин даярдоо курсунда билим алып жаткан “Жал” кичи районундагы жатаканада жашоочу 19 жаштагы К. уулу Кубанычбек жана Жалал-Абад областында төрөлгөн, “Ак-Жар” жаңы конушунда жашап жаткан 38 жаштагы Ж. Токтобаевалар.

 Туркистон:

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп  жаткан Хизбут-Тахрир төмөнкүнү маалымдайт, бул сыяктуу куугунтуктоо жана камакка алуулардын бийликти курал менен басып алууга даярдык көрүү, улуттар аралык же расалар аралык негизде тополоӊдорду уюштуруу жана кала берсе бирер террористтик чабуулду ишке ашыруу сыяктуу бирер-бир мыйзамсыз иш-аракет менен байланыштуу жери жок. Жогоруда айтып өтүлгөн бардык иштер Хизбдин Ислам идеологиясына негизделген саясий жана пикирий күрөшүнө таптакыр тескери болгон ыкмалар.

 Хизбут-Тахрирдин жүргүзүп жаткан иш-аракетине каршы күрөш – бул Ислам  динин кармануучуларды узак мөөнөткө камакка таштап жаткан, майып болгонго чейин кыйнап жаткан, коркутуу үчүн өлтүрүп жаткан, Исламий пикирлерди эле эмес, балким ыйык Куранды басып чыгарууга да тыюу салып жаткан жана мечиттерди бузуп таштоо аркылуу өз динине этикад кылуудан тосуп жаткан, Исламга карата ашкере күрөш баштаган Россиянын саясий буюрутмасы.

 Эгерде Хизбут-Тахрир тарабынан Кыргызстан калкына карата жеткирген зыяны жөнүндө айтыла турган болсо, анда өз калкын улуттук же аймактык жактан бөлүүгө болгон Хизбдин аракетин далидеген бир да факты жок. Анткени, Хизб бүтүндөй Исламий Үммөттү өз ара боордоштор деп эсептейт жана колонизатор Батыш мамлекеттеринин ууландыруучу сакафаты себептүү пайда болгон бардык проблемаларга Ислам шарияты негизинде чечим берүүгө даяр абалда ар дайым Үммөттүн кызыкчылыктарын коргойт.

 Хизбут-Тахрир кайрылат:

 Өзгөлөрдүн садакасына жетишүү үчүн бизди саясий жана пикирий ишмердүүлүгүбүз себептүү камакка алууну качанкыга чейин улантышат?! Саясатта колонизаторлорго жана алардын уюмдарына кызмат кылуудан башка эч нерсени түшүнбөй турган о.э. мусулмандарды өз дининен алыстатуу үчүн репрессияларды ишке ашыра турган жаман акимдер качанкыга чейин бизге өкүмдарлык кылышат?! Ислам басымы астында чөгүп бара жаткан Россиянын көрсөтмөлөрү, болгону өлүм алдындагы жандалбас гана экендигин – себеби эртеӊки күнү аны шерменделик жана кордук күтүп жатат –  түшүнүп жетүүнүн убагы келбедиби?! Пайғамбарыбыз Мухаммад с.а.в.дан бизге калтырылган Исламий максатты эч кандай темир тор менен тосууга болбостугун эскертип өтөбүз!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here