МЕЧИТТЕ МУСУЛМАНДАР ӨЛТҮРҮЛДҮ

305
0

Бүт дүйнөдө жүз берип жатканы сыяктуу Борбордук Африка республикасында да мусулмандар кыргын кылынууда. Республиканын борбору Банги шаарында мечиттен башбаанек тапкан мусулмандар баскынчы насроний согушкерлери тарабынан өлтүрүлдү.

Чабуулга учураган “Нурул Ислам” мечитинин имамы Мухаммад Васил насроний дининдеги Анти-Балака согушкерлеринин мечиттеги мусулмандарга карата ишке ашырган чабуулун каралап: “Өкүнүчтүүсү, бул өлкөдө адамгерчилигин жоготкон, айбан сыяктуу адамдар бар. Тавхид калимасын айткан ар бир кишини, ал тургай жаш балдарды да өлтүрүшүүдө. Кошбойлуу аялдардын ичин жарууга чейин жетип барган кыйноолор ишке ашырылууда”, – деди.

Бул чабуулдар тууралуу маалымат агенттиктерине ачыктаган имам: “Мечитке келген жамаатка чабуул кылышты. Чабуулда жергиликтүү калктан жана мечиттин жамаатынан 23 адам өлтүрүлдү. Аялдарды жана жаш балдарды да аябай өлтүрүп жатышат. Шаардын тышындагы көрүстөнгө баруучу жол кооптуу болгондуктан сөөктөрдү ал жакка алып бара албай жатабыз. Аларды мечиттин короосуна көмүүдөн башка чарабыз жок”, – деди.

Ушул айдын башында Борбордук Африка Республикасынын борбору Банги шаарында насронийлердин чабуулу натыйжасында 105 адам өлтүрүлгөн эле. Мамлекеттеги маалымат агенттиктеринин билдиришинче, Банги госпиталына 52 өлүк келип түшкөн. 53 адамдын өлүгү болсо борбордун айланасындагы мечиттердин биринен табылган.

Франция өзүнүн мурдагы колониясы болгон бул мамлекетте тартип орнотуу үчүн кошуунун жайгаштырган. Учурда Франциянын 650 аскери тынчтык орнотуу миссиясын аткаруу шылтоосу менен Бангиде жайгаштырылган. Кийинки окуялардын артынан БУУнун Коопсуздук кеңеши Францияга Борбордук Африка Республикасындагы тынчтык орнотуучу күчтөрдүн санын көбөйтүүгө уруксат берди. Франция тышкы иштер министри Лоран Фабиустун айтымында, бул аймактагы француз аскерлеринин саны тез арада 1200 кишиге жетет.

Мамлекеттеги топторду куралсыздандыруу милдети менен келген француз аскерлеринин насроний топтордун иштерин көрмөксөн болуп, мусулмандарга каршы аракет кылышы мусулмандардын нааразылыгына себеп болууда.

Өлкөдө коопсуздукту сактоо жана жарандарды коргоо максатында БУУ тарабынан милдеттендирилген француз күчтөрүнүн насроний Анти-Балака согушкерлери менен өзгөчө мамиледе болгондугуна жана аларды курал менен камсыздап жаткандыгына мусулмандар нааразы.

Кабарларда айтылышынча, Борбордук Африкада тынчтыкты камсыздоо шылтоосу менен келген француз аскерлери жакын эле жерде жүз берген окуяларга да өтө кеч жетип келишет. Ал тургай, француз аскерлеринин өздөрү мусулман согушкери деп көрүнгөн адамдарды кармап, насроний жырткычтарынын таяктап өлтүрүшүнө коюп бергендиги кабарланууда.

Француз аскерлери жайгашкан аэропорттон 2 км аралыктагы мусулмандарга тиешелүү үйлөр талап-тонолду. Окуя француз күчтөрүнө жакын жерде жүз беришине карабастан, алар буга аралашпагандыгы таӊ калычтуу болду.

Француз аскерлеринин биринин баса белгилешинче, буйруксуз эч бир ишке аракет кылынбайт. Ал: “Качан командачыбыз буйрук бергенде гана аларды токтотобуз”, – деп айтты.

 

Туркистон: Эл аралык саясатты башкарып келе жаткан мамлекеттер, бири-бири менен колония талашуу иштерине өтө катуу киришип кетишти. Алар ушул кызыкчылыктары жолунда улутчулук, уруучулук жана диндер аралык  карама-каршылыктарды пайда кылуу жолдоруна катуу берилишти. Бул ыпылас колонизаторлордун үстүбүздөгү зулумдары чокусуна чыгайын деп калды. Алар ар кандай түзүм каралай турган жийиркеничтүү элементтерден ачык пайдаланууга өтүштү. Оштогу улутчулук согушун уюштуруу, Сирияда Асаддын жийиркеничтүү жырткычтыктары тарабында турушкандыгын ачык жарыя кылышы, Бирма, Мьянма сыяктуу кичинекей мамлекеттерди Бангладештен бөлүп алып, мусулмандарды массалык түрдө кыргын кылууга коюп берүүсү ушул иштердин катарына кирет. Эми насронийлердин туйгуларын мусулмандарга каршы коюуга аракет кылышууда. Алар бул аркылуу балким бири-биринен колония болгон бир өлкөнү тартып алууну максат кылышкандыр. Бирок, бул чөөнүн арстан менен ойношконуна окшойт. Булардын ал тургай Европанын өзүндөгү мусулмандарды басып алууга да кубаты жетпейт. Бирок, бул фитначылардын насронийлик же бутпарастыкка эч кандай тиешеси жок. Бул ар кандай динди турмуштан сүрүп чыгарууну максат кылган демократияга негизделген капиталисттик системанын мусулмандарга жана Ислам системасына каршы жүргүзүп жаткан согушу болуп эсептелет.

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here