КЫТАЙ – КЫРГЫЗСТАН – ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН КЫРГЫЗСТАНГА ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ТААСИРИ ЖОК

271
0

  Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорун талдоо көргөзгөндөй, бул темир жолдун Кыргызстанга пайдасы жок. Бул тууралуу 26-декабрь күнү түз эфирде Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов айтып өттү. Анын айтымында, ар кандай долбоор ишке ашырылышынан мурда, ал долбоор мамлекет үчүн канчалык пайдалуу экендиги изилденет.

Ал президент Алмазбек Атамбаев “экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ача турган жолдор чектелген” деп айткан сөздөрдү эстетип өттү. Анын айтымында, ошол себептен улам учурда Россия – Казакстан – Кыргызстан – Тажикстан темир жолун куруу долбоору каралууда.

Долбоордун канчалык турмуштук экендиги туурасындагы суроого “долбоор турмуштук” деп жооп берди. “Бул долбоор мамлекеттин экономикасына таасирин тийгизет. Ал эми, толук маалыматты талдап чыккандан кийин гана сунуштайбыз”, – деди Дыйканов.

 Туркистон: Акыркы убактарда Орто Азия республикалары дүйнөлүк саясатты башкарууну дааба кылып жаткан колонизатор мамлекеттер тарабынан таасир талашуучу майданга айланып калды.

 Америка Кошмо Штаттары Россиянын Орто Азиядагы таасирин алсыратуу үчүн Кытай мамлекетинин экономикалык кубатынан пайдаланып, анын Орто Азияга кирип келишине мүмкүнчүлүк берип жаткан болсо, Кытай бул региондо жетекчи күчкө айланып калбастыгы үчүн Индияны аны менен атаандашуусу мүмкүн болгон күч катары майданга алып чыгууда.

  Кытай “Улуу жибек жолун” кайрадан тикелөөнү шылтоолоп, бул региондо эркин иш-аракет алып баруу үчүн шарт түзүп алмакчы болууда.  Түпкүлүгүндө, бул долбоор Америка көрсөтмөсү негизинде иштеп чыгылган болуп, мындан максат Россия таасирин сындырууга каратылган. Сентябрь айында  Бишкек шаарында болуп өткөн ШКУнун саммитинде Кытай уюмдун алкагында банк түзүүнү жана бул банкка 10 миллиард доллар каражат бөлүүнү сунуштаган эле. Ал эми бул демилгеге Россия катуу каршылык көрсөттү жана банк эмес, фонд түзүүнү сунуштаган болчу.          

  Өз кезегинде Россия да жогорудагы республикалардын колдон чыгып кетишине жол бербестик үчүн Бажы биримдиги, ОДКБ сыяктуу союздар аркылуу таасирин сактап калууга аракет кылууда жана бул союздарга кошулуусу үчүн керек болсо Кыргызстанга окшогон экономикалык жактан начар мамлекеттерге ачык эле басым өткөрүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here