Ливандагы Америка элчисинин Триполи жана Арсал калкын кыргын кылып бастырууга үндөгөн сөзү Иран жамаатынын сөзүнө шайкеш келүүдө

246
0

Басма сөз баянаты
Ливандагы Америка элчисинин Триполи жана Арсал калкын кыргын кылып бастырууга үндөгөн сөзү Иран жамаатынын сөзүнө шайкеш келүүдө
Биз Иран менен Саудия кызматташтыгындагы өкмөттү түзүү америкалыктардын колдоосу, чечими менен ишке ашканын мурун да бир нече ирет айткан элек о.э. америкалыктардын уруксаты менен Саудия тарабынан армияга финансылык жардам берилгенин да, мындан Ливандагы козголоңго жардам бергендердин куугунтукталышын жашыруу көздөлгөнүн да айтканбыз. Мына азыр Исламга жана мусулмандарга кек сактаган Америка мамлекетинин элчиси армияны кыргын кылууга үндөө менен жогорудагы акыйкатты ашкереледи. Ал: «Ливан армиясынын акыркы кездерде жетишкен утуштары т.а. бир нече издөөдөгү кылмышкерлерди колго алышы жана өлтүрүшү – Ливан туура жолдо бара жатканын, Ливан жетекчилеринде туура стратегия бар экенин о.э. террорго каршы ушул согушта ийгиликке жетишерин көрсөтүп турат», деп бир нече утуштарга ишарат кылып өттү. Бул элчи «Биз армия жана коопсуздук күчтөрүн Ливандын ар тарабында, Триполи о.э. Арсал региондорунда оор, кооптуу тапшырыктарды ишке ашырууга чакырабыз» деп армияны жана коопсуздук күчтөрүн Триполи жана Арсал калкына душмандык кылууга чакырышы анын ыплас жүзүн ачыктап турат.
Шек-күмөнсүз, Ливан акимдери жана алардын артында турган жергиликтүү режимдер (Иран жана Саудия) Американы бетпактык кылууга шыктандырууда. Алар исламий долбоорго ээ калыс козголоңчуларга каршы күрөштө Америка менен тил бириктиришкени баарына ашкере болуп, аны жашыруу мүмкүн болбой калганын Америка жакшы билет.
Кала берсе, Америка элчисинин бул билдирүүсү Набих Берринин сөздөрүнө шайкеш келет. Набих Берри да бир нече күн мурун армияны зулумга жана Триполинин коопсуздугуна сокку берүүгө чакырган. О.э. элчинин бул билдирүүсү Иран хизбинин (Хизбулланын) ушул мазмундагы билдирүүсүнө да шайкеш. «Нусратыңды Ябрудда бер» деген Ирандын бул хизби азыр «Нусратыңды Арсал жана түндүктө бер» деп жатат. Алар муну менен армияны Триполи жана Арсалга сокку берүүгө чакырууда. Мына ушулардан кийин ирандыктардын, анын Ливандагы хизбинин, араб мамлекеттери акимдеринин Шам козголоңуна каршы, бул козголоңдун Ливанга жайылышына каршы жана бул козголоңдогу Үммөттүн үмүтүнө каршы тил бириктирүүлөрү туурасында бирер акылдуу адам күмөн кылышы мүмкүнбү?! Эй каршылык көрсөтүүнү бетке алып жаткандар, жалганыңарды токтоткула!!! Чүмбөт ачылып, силердин чыныгы жүзүңөр көрүнүп калды!
Алардын чыныгы жүзүн ачыктап, ашкере кылган козголоңго алкыштар болсун!!! Бул козголоң алардын чыныгы жүзүн көрсөттү, айлакерлердин айла-амалын жана душмандык кылуучулардын душмандыгын ачыктады!

Хизб-ут-Тахрирдин
Ливандагы басма сөз бөлүмү
Телефон: 009616629524
Факс: 009616424695
Электрондук почта: ht@tahrir.info
Хизб-ут-Тахрирдин басма сөз бөлүмүнүн сайты: www.hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here