КЫРГЫЗСТАНДА ИСЛАМДЫ САЯСАТТАШТЫРУУ ЖАРАЯНЫ ЖҮРҮҮДӨ

489
2

ИИМдин биринчи орунбасары Бактыбек Жусубалиевдин ИИМ сайтында басылган макаласында: “Кыргызстанда акыркы мезгилдерде жашыруун, кээде болсо ачык көрүнүштө Исламды саясатташтыруу жараяны жүрүп жатат, айрым саясий күчтөрдүн радикалдык бөлүмдөрү радикалдык диний агымдар менен биригүүгө даяр”, – деп айтылат.

Анын маалыматтары боюнча, айрым саясий топтордун жетекчилери диний агымдардын жардамдарынан, ошону менен бирге финансылык жардамдарынан пайдаланышканы тууралуу далилдер бар.

Жусубалиев: “Экстремисттер саясатчылардын куралы болуп калышы, же тескерисинче экстремисттер саясий топтор аркылуу өз максаттарын ишке ашырышы мүмкүн. Мисалы, “Кумтөр”гө байланыштуу болгон маселелерде айрым интернет сайттарда Хизбут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун материалдарынан пайдаланган абалда даярдалган “Кумтөрдөгү ажыдаар 2013” деген аталыштагы видеоролик жайгаштырылды”, – деп кабар берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мусулмандар жамаатына ар түрдүү саясий күчтөр тарабынан чоӊ кызыгуу билдирилүүдө.

Дагы анын айтышынча, бузгунчу топтор камактарда туткундар арасында үгүттөө иштерин күчөтүп жиберишти, камактарда экстремисттик уюмдардын тарапкечтери көбөйүп барууда.

Макалада: “Мында эң кооптуу болгон жери, камактарда туткундар Ислам тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн альтернативдик булак жок болгондуктан камактагылар экстремисттик уюм даъватчыларынын олжосуна айланышууда. Камактардагы абалдарды анализдөө көрсөткөндөй, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн экстремисттик уюмдардын сабына тартуу иштери активдүү жүрүүдө”, – деп айтылат.

Туркистон: Чындыгында эле Ислам дини Кыргызстанда да өтө чоӊ күчкө ээ болуп барууда. Албетте, бул абалдын кооптуу тараптары бар. Бирок, бул коркунуч адамдардын дүйнө караштарына байланыштуу болуп, ар бир адам өзүнүн хазаратынан келип чыгып баалайт.

Мисалы, мусулман адам өзүнүн дүйнө карашынан туруп караса, мусулмандар учурдагы куфр системасы айла-амалдары астында ишенимдерине тескери болгон кыймылдарга кошулуп калышы мүмкүн. Алар Исламдан башка негиздерге курулган илманий же демократиялык кыймылдар менен биригип, ал тургай исламды даба кылышы да чоӊ коркунуч болуп эсептелет. Себеби, азыркы мусулмандарга берилип жаткан айбат, сыноо Аллахтын нусраты  болуп, аны кандай пайдалануудан албетте жоопкербиз.

Албетте, куфр системасы мындан коркот. Себеби, Исламдын өнүгүшү куфрдун алсырашынын эсебине жүз берет. Бирок, жогорудагы өзүн мусулман деп эсептеген чиновниктердин тынчсызданышын кандай түшүнүүгө болот. Алар системанын жана ушул системадан келүүчү мал дүйнөнүн кулдарына айланышты. Ал тургай, диний ишенимдери жана аталарынын диний ишенимдерин да урматтоодон баш тартышты. Дүйнө маталары алардын көздөрүн көр кылды.

Алар куфрдун тынчсыздануусун түшүнө алышпайт. Түшүнбөгөн абалдарында алардан материалдык пайда көрүү же аларды ыраазы кылуу акысына мансаптарын сактап калуу үчүн ит сыяктуу желип-жортушат. Ушул жолдо боордошторун, ал тургай ар-намыстары болгон эже-сиӊдилерин аябастан камакка таштоого чейин жетип барышты. Эми камакта да алардан ыраазы эместигин айтышууда. Жусубалиев сыяктуулар, ал тургай ал айтып жаткан уюшкан күчтөрдү ким жана кандай максаттарга багыттай алышы мүмкүндүгү тууралуу ойлонуп да коюшпайт. Себеби, Афганистанда АКШ СССРге каршы Талибдерден кандай пайдаланганын, ал тургай 2010-жылдагы Ош коогалаӊын Россия ошол кездеги бийликке келип жаткан алсыз коалициялык өкмөттөн жана кыргыз улутчулдарынан пайдаланып Бакиевди алмаштыруу операциясын ишке ашырганын билишет. Азыркы ар кандай уюшуп бара жаткан күчтөр да мына ошол эл аралык күчтөрдүн кызыкчылыгына жана алардын кыйыр түрдөгү катышуусу менен ишке ашырылышын жакшы билишет.

Бул жердеги проблема, куч структураларынын кызматкерлери да, саясий жана идеологиялык күрөшкө киришип алышкандыгы болууда. Бирок, алар күрөш кимдер ортосунда болуп жатканын жана мааниси-маӊызы эмнеде экендигин билишпейт.

Ушундан келип чыгып айтуу мүмкүн болгондой, коркунуч Жусубалиев айтып жаткан тарапта эмес, тескерисинче, алардын өздөрү тараптан жүргүзүлүп жаткан дайынсыз жана максатсыз аракеттерде. Бул аракеттер мусулмандардын бир нече бөлүктөргө бөлүнүшүнө жана Ливия же Сириядагы сыяктуу боордоштор аралык согуштарга себеп болушу мүмкүн. Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер тарабынан алып барылып жаткан күрөш, мусулмандардын Исламга каршы күрөшү болуп, бул кудум өзү отурган бутакты тескери тараптан араалап жаткан Апендинин ишине окшойт. 

2 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here