Суроо:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!
Мен Хизбден эмесмин, бирок, менин сиз мырзадан бир талабым бар.
Мен силердин таалим программаңарды жана башка адабияттарыңарды окуп абдан таң калдым.
Бардык шаръий жана илимий фандарды өз ичине алган жетик программаңар жокпу? Биз аны, мисалы, Шамдагы азат кылынган региондордо же эркин таалим алуу мүмкүнчүлүгү бар башка ар кандай жайда, өзгөчө азыркы шартта окутуп колдонот элек. Себеби, азыр каалаган адам бирер пикир же максатка ээ болуу же болбошуна карабастан, атайын медреселерди ачып алды. Билбедим, бул абалда бул муун кандай калыптанат. Аллах бизге жардамчы болсун.
Мен бардык исламий өлкөлөрдөгү китеп жазууга күчү жеткен жана перзенттеринин тарбиясы үчүн кайгырган ар бир адамга бирер жетик таалим программасын түзүү сунушун киргизүү жөнүндө ойлонуп калдым.
Бирок, менин оюма дагы бир пикир келди: эгер силерде мындай программа жок болсо, мен программа түзүү үчүн убагымды текке кетирип эмне кыламын. Жооп берүү же бербешиңизге карабастан, Аллах сизди жакшылык менен сыйласын.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
Ооба, бизде таалим программасы бар, бирок, бул программаны колдонуу үчүн медреселерди жана мударристерди даярдоо зарыл. Бул үчүн аны шарият өкүмдөрүнө негизделип ишке ашыра турган жана аны мектеп күбөлүгү катары моюнга ала турган (окуучу бардык окуу баскычтарын аяктай алышы үчүн) салтанат керек. Булардын баары үчүн Ислам менен өкүм жүргүзө турган, таалим берүүдөгү бул прогарамманы моюнга ала турган мамлекет болушу кажет. Азыркы убакта мындай салтанат жок. Ошондой болгон соң, сиз кайда жана кантип таалим бере аласыз? Ошондуктан, биз исламий мамлекетти т.а. шарият өкүмдөрүнө ылайык таалим программасын колдоно турган рошид Халифалыкты тикелөөгө олуттуу аракет кылып жатабыз. Мүмкүн, бул, жакында ишке ашар.
Сөзүмдүн аягында, Аллах сизге камкордугуңуз жана көңүл бурганыңыз үчүн береке беришин сурап каламын.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушт