CA-NEWS сайтынын жазышынча, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев шаршемби күнү Шанхайда “чагымчыл иштер Кыргызстанда кырдаалды курчутуу жана шарт алардын пайдасына болушун каалаган саясатчылар тарабынан ишке ашырылып жатат” деп билдирди.
Анын айтымында, ал бул маселе туурасында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да сүйлөшкөн жана Рахмон да чегара чатактарынын чыгышында үчүнчү тараптар бар экендигин баса белгилеген.
Атамбаев айрым тараптар өз кызыкчылыктары же саясий максаттары үчүн чегара аймактарындагы элдин ортосунда жаӊжал чыгарышын айтты.
Мындан эки апта мурда Тажикстан жана Кыргызстандын чегарасында чыккан чатактан 8 тажикстандык жана 17 кыргызстандык жарадар болгон эле.
Туркистон:
Атамбаев үчүнчү күчтөр дегенде азыр АКШ же Россияны назарда тутуп жатканы менен, эртеӊки күнү алардын мамилесинин өзгөрүшүнө же басымына ылайык, үчүнчү күчтөр дагы кайрадан исламий террористтерге айланып калат.
Түпкүлүгүндө, ал азыр назарда тутуп жаткан “чоӊ мамлекеттердин кызыкчылыктары жана ошол кызыкчылыкларды турмушта ишке ашыруу үчүн кылып жаткан аракеттери биз мусулмандардын ортолорубузга жасалма чегараларды пайда кылды” деген түшүнүктөрү туура. Эми ушул чегараларда ар бири өз кызыкчылыктары үстүндө бири-бирибиз менен ортолорубузду буза турган иштерди, улутчулдук, мекенчилдик жана ал тургай диний чатактарды келтирип чыгаруу менен болсо да фитнакечтик иштерин уюштуруп келишет.