“КАНДАЙ ПАЙГАМБАРГА ЫЙМАН КЕЛТИРДИК”

293
0

Түркиянын түрдүү шаарларында Расулуллах с.а.в.дын мавлюд күндөрү кеӊири көлөмдө белгиленип жаткан убакта, Хизбут-Тахрирге караштууу аялдар тарабынан уюштурулган “Кандай пайгамбарга ыйман келтирдик” деген аталыштагы конференция да ийгиликтүү болуп өттү.

Куран кырааты менен башталган конференция Робия Уйгундун кайрылуусу менен уланды.

Азхаб сүрөсүнүн “لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ“силер үчүн Аллахтын пайгамбарында көркөм өрнөк-үлгү бар деген аяты менен сөз баштаган Робия бул аятта эмне көздөлгөндүгү жана андан эмнени түшүнүү керектиги жөнүндө сөз кылды. Робия Уйгун Расулуллах с.а.в.дын ата, жетекчи, мамлекет башчысы жана саясатчы катары бизге кандай өрнөк калтыргандыгы тууралуу сүйлөп, булар мусулмандар жашоосуна кандай таасир тийгизиши керектигине токтолду. О.э. дүйнө жүзүндө Мухаммад с.а.в. үммөтү эки миллиардга жакындап калгандыгына, бирок ошондой болсо да, мусулмандардын башынан зулумдар арылбай жаткандыгына көӊүл бурду.

“Дүйнө жүзүндө эки миллиардга жакын мусулман Расулуллах с.а.в.ды пайгамбарым деп билет. Мындай көп сандуу мусулмандар Расулуллах с.а.в.ды эскерип жаткан бир убакта яхудий вужуду жана колонизатор кафирлер о.э. алардын малайлары болгон куурчак акимдер болсо бүтүндөй Ислам жерлерин канга булап жатат. Иракта, Афганистанда, Чеченстанда, Өзбекстанда, Пакистанда Кашмирде, Дарфурда, Чыгыш Түркстанда, Сомалиде, Яманда, Палестинада, Араканда, Сирияда, Мисирде жана жана башка бир нече Ислам өлкөлөрүндө кан төгүүлөр, эркектерди зындандарда кыйноого салуу, муслима аялдар менен кыздардын намысына кол салуу, жаш балдарды аёосуз өлтүрүү тынымсыз уланууда. Бир ойлонуп көрүӊүздөр, мусулмандардын саны эки миллиардга жакындап калган болсо да мына ушундай оор абалга түшүп калгандыгы таң калычтуу болбой жатабы? Эгерде мусулмандар Расулуллах с.а.в.дан чыныгы өрнөк алышканда колонизатор кафирлер мусулмандарды мынчалык беймарал кордой алышат беле?!”, “Расулуллах с.а.в.дан чыныгы мааниде өрнөк алуу үммөттү бул караӊгы-зулматтан куткара турган бирден-бир чечимге алып барат. Бул чечим болсо, мусулмандарды күч-кубатына, азиздигине, улуулугуна, башкаүммөт үчүн чыгарылган эӊжакшы үммөттүгүнө кайтара турган Расулуллах с.а.в.дын минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө”, – деди Робия Уйгун Расулуллах с.а.в.дан чыныгы мааниде өрнөк алууга үндөп.

Конференция дагы бир Куран кырааты жана Пакиза Айдиндин кызуу дубасы менен аяктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here