КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНДАН ГАЗ САТЫП АЛУУГА ДАЯР

250
0

  “Кыргызгаз Пром” компаниясынын Оштогу филиалынын жетекчиси Маматкалык Аматов “Интерфакс” маалымат кызматына берген интервьюсунда: “Эгерде “Узтрансгаз” компаниясы менен Ош шаарына үзгүлтүксүз газ жеткирип берүү боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктабаса, анда бул маселе Казакстан менен сүйлөшүлөт”, – деди.

 Аматовдун маалымдашынча, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү эми “Газпром” жүргүзүп жатат, а бирок, азырынча бул да күтүлгөн натыйжаны бербей жатат.

“Өзбекстандан Кыргызстан түштүгүнө жеткирип берилүүчү жаратылыш газынын баасы 290 долларга барабар, мамлекеттин түндүгүндө болсо Казакстандан газдын ар бир миӊ метр кубу 240 доллардан сатып алынат”, – деди Аматов.

Өз кезегинде Ош шаарынын бийлиги да газ проблемасы чечилишин сабырсыздык менен күтүп жаткандыгын билдирди. Мэриянын кабар беришинче, газ жеткирип берүүнүн токтолушу электр тармагындагы чыӊалууну күчөтүп жибергендигинин натыйжасында авариялык абалдар тез-тез кайталанып, Оштун жарым миллион калкы бир нече саатка, кээде күндөп электрсиз калып жаткандыгы элдин арасында нааразылыктарга себеп болууда.

Туркистон:

Өзбекстан бийлиги көптөгөн жылдардан бери газ маселесинен Кыргызстанга басым өткөрүү куралы катары пайдаланып келет. 2014-жылдын 10-апрель күнү кол коюлган “Кыргызгаз” компаниясын Россиянын “Газпромуна” сатуу жөнүндөгү келишимди шылтоолоп, Өзбекстан Кыргызстанга кезектеги басымын баштады. Келишим мөөнөтү аяктаганын жана келишимде “эгерде “Кыргызгаз”дын ээси өзгөрө турган болсо, Өзбекстан тарабы газ берүүнү токтотушу” туурасындагы документти шылтоо кылып, 14-апрель күнү Өзбекстан Ош шаарына газ жеткирип берүүнү токтотту. Ошондон бери Оштун эли газы жок отурат.

 Өз кезегинде Кыргызстан расмийлери буга жооп иретинде Өзбекстанга суу жеткирип берүүнү токтотууга чакырууда. Парламенттин  отун – энергетика комплекси жана жаратылыш байлыктарынан пайдалануу боюнча комитети 21-май күнү Кыргызстан өкмөтүн Өзбекстанга суу берүүнү токтотууга чакырды. Комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев муну бир жарым айдан бери Ошко газ берүүнү кайрадан калыбына келтирүүгө болгон аракеттер ийгиликсиз аяктап жаткандыгы менен түшүндүрдү.

 “Өкмөткө сунуш бердик. Учурда бул жаатта тийиштүүмекемелер иштеп жатат. Азыр кандай чечим кабыл алсак жакшыраак болот деген маселе турат. Анткени, Өзбекстанды суу менен камсыздоо жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдер бар. “Кыргызстан бул келишимден бир тараптуу көрүнүштө чыгышы керекпи же жокпу?” – деген суроонун үстүндө иштеп жатабыз”, –деди Кожобек Рысбаев.

 Премьер-министрдин мурдагы орунбасары Базарбай Мамбетов: “Эч кандай айла калбагандан кийин, биз эң акыркы ыкманы колдонушубуз керек. Учурда Нарын бассейнинде суу аз. Ошондуктан, “суу өзүбүзгө да жетишпей жатат” деген шылтоо менен берилип жаткан суунун көлөмүн азайтсак боло берет. 2000-жылы да Өзбекстан газ берүүнү бир жарым айга токтотуп койгондо Кыргызстан Үч-Коргон суу сактагычынан Наманган каналына берилүүчү сууну бир аптага токтотуп койгон эле. Ошондо арадан эки күн өтпөстөн, Өзбекстан делегациясы Бишкекке келип, натыйжада газ менен камсыздоо калыбына келген эле. Бишкек Өзбекстанга таасир өткөрүү максатында өз мойнуна алган милдеттемеден убактылуу баш тартышы керек”, – деди.

 Эгерде Кыргызстан Казакстан менен газ жеткирип берүү туурасындагы келишимге жетише турган болсо, Өзбекстанга ушул жайдын саратанында суу жеткирип берүүнү токтотушу мүмкүн, бул болсо, негизинен айыл чарбасына адистешкен Өзбекстан үчүн катуу сокку болушу мүмкүн.

 Сыртынан алып караганда эки кошуна мамлекет бири-бири менен келише албай жаткандай болуп көрүнсө да, бул тирешүүнүн артында АКШ менен Россия турат. Бүтүндөй кайгысы өзүнүн бийлигин сактап калуу болгон акимдердин болсо карапайым калк менен эч кандай иши жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here