КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГАРАСЫ АЧЫЛАТ

224
0

“CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Кыргызстан Тажикстан менен чегарасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарын 5-март күнү эртелеп ачат. “Азия-плюс” сайтынын тажик өкмөтүндөгү булагына таянып кабар беришинче, 3-март күнү Душанбеде өткөрүлгөн эки мамлекеттин өкмөттүк комиссияларынын жолугушуусунда мына ушундай келишимге жетишилген.

О.э. жолугушууда эки мамлекеттин чегарачылары жана күч түзүмдөрү өзгөчө кырдаалдарда бири-бирине карата ок атпастыкка келишилген.

Эскертип өтөбүз, үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү эки мамлекет чегарачылары ортосунда жүз берген атышуунун артынан чегара жабылган эле.

Туркистон:

Кыргызстандын расмий телеканалдарында акыркы кездерде саясий эксперттер жана мамлекеттик кызматкерлер тарабынан “бажы биримдиги” уюуна кошулуудагы пайдалар жана көрө турган зыяндар тууралуу талкуулар башталды. Алар дээрлик бир добуштан, бул биз үчүн ыктыярдуу мажбурий абал экендигин түшүндүрүүдө. Бул уюмдан биз көрө турган пайдалар арасына Россиянын экономикалык, саясий, аскерий жана башка  басымдарынан кутулуп калуу кызыкчылыгын негиз кыла башташты. Украинада жүз берип жаткан окуялар кыргыз өкмөтүн коркутуп жиберген окшойт. Алар: Ал тургай оппозиция бийликке келсе да бул жараянды токтотуп кала албайт, алар да бул биримдикке кошулууга мажбур болушат, – деген маанидеги сөздөрдү айтышты.

Бирок, кулдук бул саясатчылардын кандарына сиӊип кеткени, эл аралык системанын ушунчалык даражада адилетсиз түзүлгөнү жана  аларга өз өлкөсүнүн ичинде, өз калкынын кызыкчылыгынан келип чыгып бирер маселени чечишине мүмкүнчүлүк берилбей жатканы алардын намыстарына тийип жаткан жок. Тажикстан менен Кыргызстан чегарасындагы чатактар да Россиянын бизге көрсөтүп жаткан басымдарынын бири болду. Ал өз кызыкчылыгына дээрлик жетишкенден кийин кыргыз өкмөтүнө болгон басымдарын да биринин артынан бирин жеӊилдете баштайт.

Бул намыссыз саясатчыларга наалат болсун, алар куфр мамлекеттеринен коркуп, же алардан пайдалануу үмүтүндө өз элине жана бири-бирине зыян жеткиришүүдө. Инша Аллах булар жакынкы күндөрдө Халифанын Валийлери менен алмаштырылат. Ошондо бүгүнкү күндөр тарыхтын кара тактары болуп жазылып калат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here