ХИЗБ-УТ-ТАХРИРДИН АЯЛ МҮЧӨЛӨРҮ БОРБОРДУК АФРИКАДАГЫ МУСУЛМАНДАРДЫ КОЛДОО КАМПАНИЯСЫН ЖАРЫЯ КЫЛУУДА

305
0

Хизб-ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты Борбордук Африкадагы мусулман аялдар жана жаш балдар учурап жаткан жийиркеничтүү кылмыштарга дүйнө коомчулугунун этибарын тартуу максатында бир нече иш-чараларды өткөрүүнү баштады. Бул иш-чаралар «Борбордук Африкадагы мусулмандарга ким жардам берет?» деген аталышта Хизб бүткүл дүйнө бойлоп уюштуруп жаткан кампаниянын бир бөлүгү болуп саналат. Борбордук Африкада коргоосуз калган мусулмандар 2014-жылы февраль айынын башынан тартып геноцид кылынууда. Бул геноцид маалымат каражаттары жана эл аралык коомчулуктун тил бириктирүүсү негизинде ишке ашты. Эл аралык коомчулук жана маалымат каражаттары мусулмандарга каршы ишке ашырылган мындай кылмыштарды жашырууну камсыздады.

БУУнун 14-февралдагы отчётунда, Бангиде 133 баланын өлтүрүлгөнү же оор жаракат алганы катталган. 2014-жылы январь айынын акыркы он күндүгүндө катталган бир нече абалдар ичинде эл аралык маалымат агенттиктери эки жаш баланын союлганы туурасындагы кабарды келтирет.

Юнисеф жооптуулары Мануэль Фонтейн жана Сулайман Диабати болуп өткөн бул окуяларды «Динге таандык болгону үчүн гана түздөн-түз өч алуунун курманы» деп эсептөөлөрүн ачык айтышты. Хюман Райтс Вотч уюмунун чукул абалдар директору Питер Букерт 9-февралда «ВВС»ге берген интервьюсунда турак-жайлар мусулман калкынан толук бошотулганын, кала берсе, алар үй-жайларынан белгилүү бир тартипте эвакуация кылынганын, ал тургай, аларды ошол жайдын түпкү калкы экенин көрсөткөн документтер бүтүндөй жок кылынганын айтты. Эл аралык Амнистия Уюму Банги батышында жүз берген кыргынды тастыктады. Алар ал жерден жалгыз калган 11 жаштагы муслима кызды гана жолуктурушкан. Уюмдун кризистер боюнча башкы кеңешчиси Донателла Ровера мындай дейт: «Бул кыз бир четте көздөрү коркууга түшкөн, араң гана сүйлөгөн абалда табылган… ал төрт күн бою тамак да жебеген, суу да ичпеген… Бул айылда жалгыз ушул кыз гана аман калган». Отчётторго ылайык, Борбордук Африкада күчөп жаткан бул окуяларда зыян көргөндөрдүн көпчүлүгүн аялдар жана жаш балдар түзүшөт.

Мусулман акимдери мусулмандарды адаттагыдай аларды жардамсыз калтырышты жана Босния, Мяньма, Сирия жана башка жайларда болгондой эле, алар күнөөсүз мусулмандарды коргоодо өз вазыйпаларын аткарышпады. Бул акимдер Батыш кызыкчылыктарына гана кызмат кылып жаткан кулдар.

Биз, Хизб-ут-Тахрирдин аял мүчөлөрү, эже-сиңдилерибизге жана алардын үй-бүлөлөрүнө каршы ишке ашырылып жаткан мындай кылмыштарга унчукпай карап тура албайбыз. Аллах кааласа, келерки апталарда Борбордук Африкадагы аялдар жана жаш балдарга каршы ишке ашырылып жаткан үрөй учурган кылмыштарды ачыктоо максатында өткөрүлө турган кампанияда Хизб-ут-Тахрир басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты да катышат. О.э. биз дүйнөнүн ар тарабында каны төгүлүп жаткан мусулмандарды коргоого кудуретсиз акимдерди тергеп-тескөөгө да аракет кылабыз.

Биз, Хизб-ут-Тахрирдин мүчө аялдары, ушуну баса белгилеп айтабыз, исламий саясий түзүм эсептелген Халифалык гана мусулмандардын каны төгүлүшүн жана аларга каршы тынымсыз агрессияларды токтото алат. Халифалыкка Батыштын кулдук кишендеринен азат болгон адилеттүү имам жетекчилик кылат. Ислам Үммөтүнүн каны төгүлгүдөй болсо, анын башкаруусу астындагы Үммөт кошуунун эч кандай күч токтото албайт. Усман Gнун Халифалыгы доорунда абал мына ушундай болгон. Усман G ошол убакта Византия жана Фарс империяларынын баскынчылыгына учурап жаткан Түндүк Африка региондорун коргоо үчүн Исламий мамлекеттин үлкөн кошуунун бириктирди. Халифалык жер жүзүнө кайтышы менен куугунтукка учураган бүткүл дүйнөдөгү мазлум Ислам Үммөтүнө коопсуздукту камсыздайт.

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам кылуу мойнуңарда»       [8:72]

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here