КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕГАРАСЫНДА ОК АТЫШУУ БОЛДУ

353
0

Мамлекеттик чегара кызматынын басма сөз бөлүмүнүн кабар беришинче, 23-январь күнү эртелеп Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагындагы кыргыз-кытай чегарасында кыргыз чегарачылары жана белгисиз топтун ортосунда атышуу болгон.

Кытай тараптан куралданган жыйырма чакты адамдын Кыргызстан аймагына бастырып кириши жана токойчуну өлтүрүп, анын аӊчылык куралын тартып алышы атышуунун келип чыгышына себеп болгон.

“Окуя болгон жерге жетип барган кыргыз чегарачылары белгисиз адамдар тарабына аткыланган. Бул атышуунун натыйжасында мыйзамбузуучулардын экөөсү өлтүрүлгөн. Ошол убакта кылмышкерлер чегарачылар тарабынан “Пикертык” жылынуучу жайында курчап алынган”, – деб кабар берет маалымат кызматы. Окуя болгон жерге Чүй чегара бөлүмүнүн атайын даярдыктагы тобу жөнөп кеткен.

Кечке барып болсо, кыргыз-кытай чегарасынан 40 километр алыстыкта жайгашкан “Пикертык” жылынуучу жайында курчап алынган жана чегарачылардын “өз ыктыярыӊар менен колго түшүп бергиле” деген талабына көнбөгөн 11 кылмышкер жок кылынганы кабарланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here