МУАЛЛИМ: АЛАР ӨЗДӨРҮНҮН ДА БУТАГА АЛЫНЫШЫН УНУТУП КОЮШТУ

349
0

Швейцариянын Монтрё шаарында өтүп жаткан Женева конференциясынын ачылышында сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия убактылуу өкмөтүн түзүү зарыл экендигин баса белгиледи. Пан Ги Мун бул конференция Сирия маселеси боюнча бир чечимге келүү үчүн бир мүмкүнчүлүк экендигин айтып өттү.

Тышкарыдан кирип келген мужахиддер Сириянын ар жеринде кезип жүргөндүгү жана “радикалдык” Исламий топтор  өздөрүнүн “кооптуу” көз караштарын көтөрүп чыгып жаткандыгын айтып өткөн Пан Ги Мун: “Бул чекитке чейин жетип келишибиз өтө кыйын болду. Муну баарыбыз жакшы билебиз, өтө көп убакытты өткөрүп жибердик”, – деди.

Сирия режиминин атынан өкүл катары катышып жаткан Сирия тышкы иштер министри Валид Муаллим Сирияда Исламга т.а. анын тили менен айтканда “терроризм”ге каршы күрөш жүрүп жаткандыгын маалым кылды.

Кошуналарын “террорист”тер деп т.а. мужахиддерге жардам берип жатат деп айыптаган Муаллим: “Бир күн келип бул террор өздөрүн да бутага алышын алар унутуп коюшту”, – деди.

Ал мужахиддерге каршы күрөш уланышына басым жасап: “Сирия терроризмге каршы күрөшүү үчүн керек болгон иштин баарын кылат”, – деп баса белгиледи.

Берилген мөөнөт аяктагандыгы себептүү сөзүн токтотуу талап кылынгандыгына карабастан, сөзүн уланткан Валид Муаллим АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин: “Асад келечектеги өкмөттүн бир бөлүгү боло албайт”, – деген билдирүүсүнө терс жооп кайтарды. Ал Керриге карата: “Керри мырза, Сирия калкынан тышкары эч бир адамдын Сирия президентинин мыйзамдуулугун жокко чыгарууга акысы жок”, – деди.

Туркистон: Асад жана анын режими куфр системасы үчүн өтө чоӊ кызматтарды көрсөттү. Эми бул система аны кудум бир колдонулуп бүткөн буюм сыяктуу чыгындыга ыргытып жибермекчи. Ал өзү үчүн жаӊы буюмдарды тандап жатат. Женева-2 конференциясынын максаты да, учурда пайдасына караганда зыяны көбүрөөк болуп калган Асад режиминин ордун алмаштырууга жана анын ордуна сунуштап жаткан улуттук коалициянын келишине мыйзамдуу түс берүү болчу. Бул иш АКШ, Россия жана бүтүндөй куфр дүйнөсүнүн ыраазылыгы менен ишке ашырылуунун астында турат. Бирок, булардын сценарийлери боюнча бул жаңы малайлар калкта топтолуп бара жаткан эң күчтүү туйгулардан пайдаланышы керек. Топтолгон бул туйгулардын эң башында Асаддын режимине каршы душмандык тургандыктан, ага каршы аракеттенмейинче бир да күч бийликке жакындай албайт. Жогорудагы чыккынчы күчтөр болсо, Асадды Каддафий сыяктуу атып таштаганда да, же Саддам сыяктуу асып таштаганда да, ал тургай Нажибулла сыяктуу иттей кылып кордоп асып өлтүргөндө да, Сирия бийлигин колго ала алышпайт. Муну куфр да жакшы билет. Алар бул конференцияны жарыя кылышканда, бирер күчтүүрөөк кубатты илинте алабыз деген үмүттөрү бар эле. Демек, алар бул чыккынчыларга Сириянын бир бөлүгүн алып берип, жалаӊ ушуларды гана мамлекет деп таанып, Афганистан сыяктуу абалды пайда кылышмакчы. Инша Аллах куфр жеӊилди. Ал түзүп жаткан бир да долбоор турмушта аларга пайда келтире турган эмес. Бул, инша Аллах, Аллахтын нусратынын келиши.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here