Irfan Abu Naveedдин
Суроо:
Бисмиллахир Рохманир Рохим
Урматтуу шейх, сизди Аллах Өз коргоосуна алсын.
Индонезиядагы Хизбут-Тахрирге тиешелүү маанилүү суроо:
Менден Индонезиядагы мусулман жаштар Хизбут-Тахрирдин Индонезия мамлекетинин өкмөттүк иштер боюнча министрлигинде расмий түрдө каттоодон өтүшү жөнүндө суроолорду беришти. Мен дагы айрым адамдардын (алар көпчүлүк эмес) бул жаатта: Индонезиядагы Хизбут-Тахрир акыйкат менен батылды айырмалабайт – мындан Аллах сактасын – деп дааба кылып жатышканына күбө болдум.
1 – Эй шейхибиз, бул маселе боюнча канааттандырарлык жооп кандай?
2 – Хизбдин Индонезия сыяктуу дарул куфрдагы өкмөттөрдүн астында каттоодон өтүшүнүн өкүмү кандай? Кичипейилдик кылып далил келтирүү көрүнүшүн бизге шархтап берсеӊиз.
Аллама Шафеий «Умм»да: «Дарул Исламдагы адал дарул куфрда да адал, дарул Исламдагы арам дарул куфрда да арам», – деген. Эй шейхибиз, биз сиздин илимиӊизден пайдаланууну каалайбыз. Аллах сизге тавфик берсин, каталарыӊызды оӊдосун, сизди Исламий Үммөткө таяныч кылсын. Мен аны сиздин жакшылыктарыӊыз таразасына коюшун Аллахтан сурап каламын.
Аллах жолундагы боордошуӊуз: Аллахга муктаж пенде Ирфан Абу Навид.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух.
Эй боордошум, ооба туура, дарул Исламдагы адал дарул куфрда да адал, дарул Исламдагы арам дарул куфрда да арам… Бирок, сиздин сурооӊуз идарий иштерге тиешелүү. Бул иштер болсо – дарул куфрда болобу, же дарул Исламда болобу, айырмасыз – мубахтар бөлүмүнө кирет. Себеби, сиз мисалы паспорт же виза алуу үчүн алдын ала арыз жазасыз, же жол эрежелерине моюн сунасыз, самолёт же поездде сапарга чыгуу үчүн билет сатып аласыз, ишканадагы иш убактыӊызга, же университет жана мектептеги окуу убактыларына амал кыласыз, же жумушка ким келип кимдин келбегендиги белгилеп турулат… Булардын бардыгы – дарул куфрда болобу, же дарул Исламда болобу, айырмасыз – жайиз болгон идарий иштер болуп эсептелет. Сиз аларга амал кылышыӊыз мүмкүн. Балким, сиз айрым идарий услубдарды дарул куфрдан дарул Исламга алып келишиӊиз да мүмкүн. Умардын рум жана фарстан девандарды т.а. олжолорду жарандарга бөлүштүрүү үчүн алардын аты-жөнүн тизмеге алууну алып келгени белгилүү:
Ибн Абу Шайба өзүнүн «Мусаннаф»ында Абу Саламадан, ал Абу Хурайрадан риваят кылды: Ал Умардын алдына Бахрейнден келген эле. Ал айтат: Мен анын (Умардын) алдына келип аны менен куптан намазын окудум. Ал менин ага салам бергенимди көрүп: «Эмне алып келдиӊ?» – деп сурады. Мен: Беш жүз миӊ алып келдим, – деп жооп бердим. Ошондон кийин ал адамдарга: «Мага көп мал келди, кааласаӊар силерге аны бирме-бир санап берели, кааласаӊар теӊме-теӊ өлчөп тартып берели», – деди. Ошондо бир киши: Эй момундар амири, мен тиги ажамдардын карыздарды деван кылып жазышканын жана адамдарга ошонун негизинде беришкенин көргөнмүн, – деди. Ошондон кийин Умар девандарды түзүп, мухажирлерге алар алып жаткан беш миӊ үстүнө дагы беш миӊ, ансарларга төрт миӊ үстүнө дагы төрт миӊ, Набий Aдын аялдарына он эки миӊ үстүнө дагы он эки миӊ кошуп берүүнү буйруду».
Эми сиздин: Хизбдин Индонезия өкмөтү алдында каттоодон өтүшүнүн өкүмү кандай? – деген сурооӊузга кайтып келебиз.
Бул иш маалымдап коюу жана кабардар кылып коюу бөлүмүнө кирет. Т.а. биз аларды Хизбдин атынан, программасынан, жүргүзө турган ишинен… кабардар кылып коёбуз. Булардан кабардар кылып коюунун эч кандай зыяны жок. Эгерде кайсы бир мамлекет кабардар кылышыбызды куфр мыйзамдарына моюн сунууга мажбурлабай кабыл ала турган болсо, Хизбди бир идарий иш катары каттоодон өткөрөбүз. Бүгүнкү күндө мамлекеттер бизди ушул негизде – куфр мыйзамдарына моюн сунууга мажбурлабай каттоодон өткөрүүнү кабыл алышпады. Болгону үч гана мамлекет: Ливан, Индонезия жана Тунис кабыл алды. Ал тургай, бул үч мамлекет да Хизбди каттоодон өткөрүүнү бекер кылуу үчүн түрдүү шылтоолорду издеп жатат.
Маалымат үчүн айта кетебиз, хизб-партиялардын маалымдап коюу жана кабардар кылып коюу менен эле чектелиши усманий мамлекеттен калган таасирлердин бири болуп эсептелет. Себеби, 1909-жылдагы хизбдер жөнүндөгү мыйзам хизбден, болгону хизбдин аталышы жана расмий штабы тууралуу кабардар кылып коюуну талап кылат. Ливанда бул мыйзам бүгүнкү күнгө чейин күчүн жогото элек. Себеби, алар анын ордун баса турган бирер мыйзамга келише алышпады. Ошондуктан, Хизбди ал жерде катоодон өткөрүүлөрү «усманий мамлекеттин 1909-жылдагы мыйзамы»на ишара кылган абалда болгон.
Тыянак: Дарул куфрдагы арам дарул Исламда да арам т.а. мисалы хамр (мас кылуучу ичимдик) дарул куфрда да, дарул Исламда да арам. Эгерде дарул куфрда жашап жаткан мусулман аны ичсе арам иш кылган болот…
Мубахка карата да ушундай. Себеби, идарий иштерге амал кылуу, мисалы эртелеп саат сегизден күндүзгү саат экиге чейин иштөөгө туруктуу амал кылуу дарул Исламда мубах болду. Ал дарул куфрда да мубах. Бул Хизбди каттоодон өткөрүүгө, же паспорт алууга, же виза алууга да туура келет. Бирок, Хизбди куфр мыйзамдарына амал кылуу шарты менен каттоодон өткөрүү таптакыр жайиз эмес. Себеби, бул арам. Кудум ушул сыяктуу эле, паспортту хамр ичүү шарты менен алуу да таптакыр жайиз эмес ж.б…
Т.а. идарий иштер эгерде дарул Исламда мубах болсо, алар дарул куфрда да – эгерде аларда арамды кылуу шарт кылып коюлбаса – мубах болот. Ошондуктан, Индонезияда Хизбдин каттоого алынганы маалымдап коюу жана кабардар кылып коюу бөлүмүнөн болгон бир идарий иш болуп, анда куфр мыйзамдарына эч кандай амал кылынбайт. Кайсы мамлекет маалымдап коюу жана кабардар кылып коюу бөлүмүнөн бизди идарий каттоого алууну кабыл алса жана мында куфр мыйзамдарына амал кылууга мажбур кылынбаса, бул жайиз болот. А бирок, эгерде куфр мыйзамдарына амал кылуу милдетин шарт кылып коё турган болсо, анда арам болуп, таптакыр жайиз болбойт. Бул тема сизге түшүнүктүү болгондур деп үмүттөнөмүн.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта
11-робиул-аввал, 1435-х.
12-январь, 2014-м.