Коалиция Керри жана Форддун буйругу менен Женева кылмышына малынууда

431
0


«
Жакында мындай кылмышкерлерге кылып өткөн айлаамалдары себептүү Аллах алдында кордук жана катуу азап жетет»

Коалиция Керри жана Форддун буйругу менен Женева кылмышына малынууда

Коалиция башчысы Жарба Керринин жана Форддун буйругу менен коалиция 2014-жылы 18-19-январда «Женева-2» конференциясына катышууга ыраазы болгонун жарыялады. Жарба муну менен коалиция тарабынан жарыяланган Башар режими менен сүйлөшүү алып барбоо жөнүндөгү бардык билдирүүлөрдү, жада калса, коалициянын 121 мүчөсүнүн 2/3 бөлүгү макулдук берсе гана конференцияга барууга ыраазылык берилиши керектиги жөнүндөгү коалициянын мыйзамын да тебелеп-тепседи. Ал булардын баарын – кожоюндарынын басымы астында – унутту. Ошондуктан, ал коалициянын 81 эмес, 58 мүчөсүнүн ыраазылыгы менен «Женева-2» конференциясына катышууга ыраазы болгонун жарыялады. Кордук менен баш ийген коалиция – ыраазы болгон коалиция мүчөлөрүнүн саны канчалык аз болбосун – Американын буйругун четке кага албашы дайын эле. Анткени, бул куурчак коалицияны Американын өзү пайда кылган. Ошондуктан, жасалган куурчак өз жасоочусунун буйругуна кантип каршы чыга алат?!

Коалиция башчысынын айтымында, алар өздөрүнүн бекем позицияларынан баш тартышпаган имиш. Негизи, алардын эч кандай бекем позициялары калбады! Анткени, Башар режими менен сүйлөшүү алып барбоо жокко чыкты. Алар Башардын жок болушуна кепилдик берилиши шарты менен сүйлөшүүгө киришип жан беришмекчи эле. Эми, мындай кепилдик берилиши да бүтүндөй унутулду! Демек, эч кандай бекем позициялар да, кепилдик да калган жок. Тескерисинче, Америка жана анын союздаштарына кордук менен баш ийип моюн сунуу гана калды. Мындан кудум мурункудай Америка таасири улана турган дагы бир жаңы малай башкарууну пайда кылуу көздөлгөн. Ошондуктан, Башардын ордуна кийинки Башар келет, мындан башкасы болбойт! Бул коалиция пайда болору менен эле Аллахка, Расулуна жана момундарга кыянаттык кылды. Анткени, бул коалициядагылар тогут – Сирия демократиялык илманий республикасы – аракет кылган максаттардын дал өзүнө чакырышууда, кудум тогут сыяктуу Америкага малай болууну макулдашууда… Көздөрүн парда баскан айрым адамдар муну коалация пайда болгондо түшүнүп жетишпеген болсо, азыр караңгылыкты жарып чыгып бул коалициянын чыныгы жүзү, жада калса, көзү көрлөргө да ачыкталып калды. Себеби, бул коалиция төгүлгөн ушунча кандарды жана берилген ушунча курмандарды тебелеп-тепсеп бийликти бөлүштүрүп алуу үчүн тогут режим менен сүйлөшүү алып барууну кабыл алды. Муну кан дайралары үстүндө, үйлөрдүн ойрон болушу, инсан жана жанзатты, тоо-ташты тогуттун ракеталары жана бомбалары менен, а түгүл, химиялык куралдар менен өлтүрүү үстүндө – өрттөп жиберүүлөрдү, талап-тоноочулук жана намыстардын тебеленип жатканын го айтпай эле коёлу – кабыл алды.

Эй Шам жериндеги садик мусулмандар Эй каныңарга, ар-намысыңарга, мал-мүлкүңөргө, жерлериңерге мусийбат жеткен инсандар!

Бул коалиция артыңардан гана эмес, алдыңардан көкүрөгүңөргө канжар сайды. Анткени, ал өзүнүн кыянатын жашырган жок, тескерисинче, бул кыянатын ачык-айкын көрсөттү… Ал өзүнүн уятсыздыгын эч нерсе менен жашырган жок, ал оңтойсуздук, кыжалаттык, уят деген нерселерди алда качан жоготкон. Бул коалициядагылардын кара жүзү кылмыштарга малынып турат, жада калса, алардын жүзү Аллах Субханаху:

«Кылмышкер кимселер көрүнүш-белгилеринен таанылып, бешене жана буттарынан алынат!»                                                                                                                                  

 

                                                                                                                                    [55:41]

деп айткандай өз кылмыштарына далалат кыла турган болуп калды. Андыктан, бул коалицияны тыйып, аны түкүрүп таштагыла, ал Шам жерине, Ислам диярынын борборуна жылжып кирип келишине эч кандай жол калтырбагыла, козголоңду «Ал Аллах үчүн, ал Аллах үчүн» деген кыйкырыктар менен баштаганыңардай муну да сүрөөн кыйкырыктар менен ачык жарыялагыла… Ушуну жакшы билип алгыла, «Женева-1» жана «Женева-2» конференциялары бир тузак, бул тузакты Америка жасаган. Америка бул тузак артынан өзү даярдап жетиштирген аралашуу күчтөрүн алып кирмекчи. Американын максаты азыркы режимдин малайлыгы сыяктуу жаңы режимдин да малай болушун кепилдөө… Ошондой болгон соң, бул тузакты талкалагыла, эл аралык аралашууга каршы күрөшкүлө, анткени, бул тузак силердин калыс кишилериңерге каршы каратылган. Америка жана анын союздаштарын дос тутпагыла, анткени аларды Акыретин дүнүйөнүн аз гана өткүнчү матасына, бирөөнүн дүнүйөсүнө сатып жиберген ар кандай саткын, шүгүрсүз кимсе гана дос тутат, ал муну менен кыйроо натыйжасын гана алат. Анын тагдыры ага окшогондордун тагдыры сыяктуу болот т.а. бул дүйнөдө кор болуу азабы болот, бактысыздыктарга толо күндөрү аны жок кылып жиберет.

«Шек-күмөнсүз, Акырет азабы болсо дагы да кор кылуучу жана аларга жардам берилбейт»                                                                                                                                        [41:16]

 

Эй Шам жериндеги садик мусулмандар… Эй каныңарга, ар-намысыңарга, мал-мүлкүңөргө, жерлериңерге мусийбат жеткен инсандар!

Силер үч жылдан бери Америка жана анын союздаштары тарабынан болуп жаткан эл аралык тил бириктирүүнүн карамүртөздүгү астында о.э. бул эл аралык тил бириктирүү артынан кыпындай да четке чыкпай бара жаткан араб жана ажам мамлекеттери тарабынан болуп жаткан регионалдык тил бириктирүүнүн карамүртөздүгү астында тогутка каршы күрөш алып барып жатасыңар. Жада калса, силерге жардам берүү үчүн ушул араб жана ажамдардын бийик үн менен кыйкыргандарынын кыйкырыгы да эч бир натыйжа бербеген курулай бакырык бойдон калды. Ошого карабастан, силер сабыр кылдыңар жана бекем турдуңар. Силер айткан такбир көккө жаңырды. Силер тогут тарабынан уюштурулган түрдүү кол салууларга кабылдыңар. Ошого карабастан, силер душманга сокку бердиңер, кайратыңар күчсүздөнгөн жок, эркиңер сынбады… Момун туурасында убада-шертке бапаа кылбаган кандайдыр бир коалиция тогут режим менен кудум эч нерсе болбогондой бийликти бөлүштүрүп алуу үчүн сүйлөшүүгө киришүүсүн кантип жарыя кылууда?! Эй Шам калкы, шек-күмөнсүз силер Америка жана анын союздаштарынын фитналарын, Женева жана коалиция конференциясын жок кылууга кудуреттүүсүңөр… Себеби, силер ичкериде сабыр кылып, бекем турасыңар… Силердин тараза ташыңар басып түшүүдө. Силер Шам ишинин тизгинин колуңарда кармап турасыңар. Ошондуктан, беш жылдыз мейманканаларда чалкасынан жаткан коалиция кыянаты жана кылмышы менен – бул кыянат канчалык даражага жетпесин жана бул кылмыш канчалык үлкөн болбосун – эч нерсе кыла албайт. Эгер, силер ага каршы акыйкат үстүндө бекем турсаңар, Аллахтын калыс пенделери болсоңор жана Расулуллахка садик болсоңор ошондо бул коалиция күчсүз болуп, куулуп артка качат… Бирок, бул коалиция айрымдарыңардын катарына кирип алышы бир мусийбат. Мындан да жаманы жана ачуусу – коалиция айрым бөлүмдөрдүн саптарына кирип алып алардын үстүнөн кожоюн болуп алышы, мурунку малай башкаруунун ордуна кезектеги дагы бир малай башкарууну пайда кылууда бул бөлүмдөрдү өзүнө таяныч кылып алышы. Ошондо, бул бөлүмдөрдү төгүлгөн кандар наалаттайт, берилген курмандар түкүрүп таштайт, акыбетте, бул бөлүмдөр жана коалицияга көз каранды болуп аларды кожоюн туткан кимселер кудум:

«Өзү токуган нерсесин бекем болгондон кийин чубап бузуп салган аял сыяктуу»       [16:92]

 

болуп калышат. Акыбетте, алар бул дүйнө жана Акыретте зыян көрүшөт. Мына ушул нерсе анык зыян.

Эй Шам жериндеги садик мусулмандар… Эй каныңарга, ар-намысыңарга, мал-мүлкүңөргө, жерлериңерге мусийбат жеткен инсандар!

Жетекчи өз калкын алдабайт. Хизб-ут-Тахрир эскертип жана куш кабар берип силерге кайрылуу жолдойт:

Хизб-ут-Тахрир силерди Женева отуна түшүүдөн эскертет. Анткени, коалиция менен режим алып бара турган сүйлөшүү алдына өтө алгыс жол т.а. мурунку тогуттан таптакыр айырмаланбаган, ысымы жана көрүнүшү гана айырмаланган жаңы тогутту жетиштирип чыгаруу жолу сызып коюлган. Бул нерсе ишке ашса, Америка Шамда мурункудай шүмшүңдөп жүргөндөй дагы беймарал шүмшүңдөй турган болот. Акыбетте, кыйынчылык жана бактысыздык силерди дагы эзип алыңарды курутат. Ошондо өкүнүп каласыңар, бирок, убакыт өтүп кеткендиктен өкүнүү эч кандай пайда бербейт. Эч бириңер эч качан «Мага эмне, күнөө жана кордук Женевага баргандарга тийет» дебегиле… эч качан мындай дебегиле. Анткени, бир коом ичинде мункар жүз берип, алар ага каршы турушпаса икоб-жаза алардын баарына тийет… Абу Давуд Сунанында Абу Бакр Gдан риваят кылат, ал Аллахка хамд-сана айткандан кийин мындай деди: Эй адамдар, мен Расулуллах Aдын мындай дегенин уктум:

«مَا مِنْ قَوْمٍ يُعْمَلُ فِيهِمْ بِالْمَعَاصِي، ثُمَّ يَقْدِرُونَ عَلَى أَنْ يُغَيِّرُوا، ثُمَّ لاَ يُغَيِّرُوا، إِلاَّ يُوشِكُ أَنْ يَعُمَّهُمُ اللَّهُ مِنْهُ بِعِقَابٍ»

«Бирер коум ичинде күнөө иштер кылынса, алар (муну)өзгөртүүгө кудуреттүү болуп туруп өзгөртүшпөсө, Аллах алардын баарына Өзү тарабынан бир икобду жибериши анык». Демек, өзүңөрдү ушундай азаптан сактап калгыла…

Хизб-ут-Тахрир силерге куш кабар берип ушуну айтат, эгер Аллах Субханаху үчүн калыс амал кылсаңар, Расулуллах Aга садик болсоңор, рошид Халифалык мамлекетин тикелеп Аллахтын шариятын өкүмдар кылууда сөздө да, амалда да бекем турсаңар, Америка жана анын союздаштарынын таасирин түп-тамыры менен жок кылууга бекем чечим кабыл алсаңар… анда, Аллах Субханаху душманыңарды кыйратып жок кылуучу жана силердин жардамчыңар болот.

«Ыйман келтирген заттарды үстөм кылуу Биздин мойнубуздагы акыйкат болгон»   [30:47]

 

Аллахтан да чын сүйлөөчү ким бар?!

«Албетте, мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болгон абалда (т.а. чын дилден) кулак салган киши үчүн эскертме-ибраттар бар»                                                          [50:37]

 

 Хизбут-Тахрир                     

 18робиул-аввал, 1435-х.

  19январь,2014м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here