Украина борбору Киевде өкмөттүк имаратты карай жүрүш кылган демонстранттар менен милиция ортосунда кагышуулар уланууда.
Кечээ демонстранттар Украина Жогорку Радасында 16-январь күнү кабыл алынган укуктук нормаларга каршы нааразылык билдирип, өкмөттүк имараттар жайгашкан Грушевского көчөсүнө карай жүрүштү баштаган. Өкмөттүн штабына карай жөнөгөн миӊдеген демонстранттардын агымын мамлекеттин куралдуу күчтөрү тоскондугу себептүү демонстранттар менен мамлекеттик күчтөр ортосунда кагышуу келип чыккандыгы айтылууда.
Кабарларда айтылышынча, демонстранттарга карата белгисиз адамдар тарабынан добуш чыгаруучу гранаталар жана газ чыгаруучу шашкалар атылган. Бир нече маскачан адамдар демонстранттарды камакка алуу менен убара. Украина коопсуздук кызматы Киевде демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.
Ички иштер министрлиги болсо коопсуздук күчтөрүнүн өмүрүнө коркунуч пайда боло турган болсо, курал колдонуу мүмкүн экендигин айтуу менен эскертүүдө. Украина ички иштер министрлиги милицияга чабуул кылган ондогон активисттердин камакка алынгандыгын кабарлады.
Акыркы бир нече сааттын ичинде “Беркут” атайын күчтөрүн жана ички кошуундарды ташууга болжолдонгон бир топ машина өрттөлгөндүгү жана “Динамо” стадионунун жанында жайгашкан кассалар да өрттөнгөндүгү кабарланды.
Демонстранттар жана милиция ортосунда кагышуулар токтобой жаткан бир убакта президент Янукович оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ыраазы болгондугу тууралуу кабарлар пайда болду. Президент Янукович менен жолугушкан оппозиция лидерлеринин баса белгилешинче, мамлекет жетекчиси оппозиция менен жолугушууга ыраазы экендигин билдирген.
Туркистон: Россия үчүн Украина стратегиялык жактан өтө маанилүү. Украинадагы кырдаал Россия кызыкчылыктарына тескери багытталып жатканыдыгы Путинди ал жердеги кырдаалга олуттуу аралашууга үндөдү. Ал эски жана сыноодон өткөн провокация кылуу ыкмасын ишке салып, тынч митингди мыйзамсыз экстремисттик аракетке айландырууга катуу аракет кылууда. Көӊүл буруп жаткан болсоӊуздар, европачыл оппозиция лидерлери калкты агрессивдүү аракеттерден тосмокчу болуп тынымсыз билдирүүлөр менен чыгышына карабастан, калк саясий тизгинден чыгып бара жатат. Кличко призидентке кайрылып бул сыяктуу провокацияларды жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерин токтотууну талап кылды.