“Ата Журт” партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү үчүн Россия саясий башбаанек берген жок. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын биринде пайда болгон “экс депутат үч мамлекетке, ошолордун катарында Россияга да үй-бүлө мүчөлөрү үчүн саясий башбаанек берүүнү сурап кайрылууга мажбур болду” деген кабарга комментарий берип, Россиянын Кыргызстандагы элчиканасы маалымдады.
ММКнын кабар беришинче, өзүнүн адвокаты Икрамиддин Айткуловго каршы уюштурулган кол салуудан кийин о.э. бир катар партиялаштары камакка алынып, жакындары жана достору коркутулгандан кийин, Камчыбек Ташиев башбаанек сурап АКШ, Россия жана Казакстанга кайрылууга мажбур болгондугун айткан.
“Биринчилерден болуп оӊ жооп Россиядан келди. “Ата Журт” жетекчисинин баса белгилешинче, үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун ойлоп ушундай кадамга барууга мажбур болгон, өзүнүн болсо Кыргызстандан чыгып кетүү ниети жок”, – деп айтылат кабарда.
Бирок, Кыргызстандагы РФ элчиканасы бул кабарды четке какты. “Ташиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн саясий башбаанек берүүнү сураган арыз келип түшкөн жок”, – деп айтылат элчикананын кабарында.
Туркистон: Ташиев эле эмес, оппозициядагы саясатчылардын көпчүлүгү үй-бүлө жана капиталдарын чет өлкөгө алып чыгып коюу үчүн аракетке түшкөн. Мадумаров сыяктуу кээ бирлери гана жаӊы өкмөттөр менен бирде тил бириктиришсе кийин дагы кайрадан радикалдашат. Саясий майданда активдүү иш алып барып жаткан оппозиционерлердин көпчүлүгү өкмөттүн авторитардык болуп барышы менен эӊ эле жок дегенде кылмыш жоопкерчилигине тартылышын билишет. Мелис Мырзакматов да ушуларга кошулуунун астында турат.
Бул сыяктуу оппозиционерлердин алдында эки жол турат. Биринчиси: Өлкөдөн чыгып кетүү, жогорудагы Ташиевдин үй-бүлөсүн алып чыгып кетиши, өзү үчүн качып кетүү жолун жеӊилдетет.
Экинчиси: Аягына чейин күрөшүү, жогорудагы Ташиевдин үй-бүлөсүнө башбаанек издеши ушуга далалат кылат. Себеби, аларды кабыл ала турган мамлекет кыргыз өкмөтү менен алакаларынын бир аз начарлоосуна даяр болушу керек. Ошол мамлекет келечекте кыргыз оппозициясын колдошу мүмкүн болгон кубаттуу мамлекет болууга ыраазы болгондугун билдирет. Ташиев үй-бүлөсүн көчүрүү үчүн башбаанек сурашы шарт эмес. Бирок, ал келечекте өзү да барып калышы мүмкүн экендигин эсепке алууда.
Абдураззак