Бишкек шаарынын өзүндө эле 1 суткада “Тез жардам” кызматына жардам сурап 597(!) киши кайрылды. Мындай жогорку көрсөткүчтүн күнөөкөрү “жаңы жыл майрамы” болгон. Станциянын дарыгери Айнагүл Шамбетованын “Азаттыкка” билдиришинче, кайрылгандардын 418ине доктурлар барып жардам берди, ал эми 179у бейтапканага бармай болду. 5 жол кырсыгы катталды, аларда жабыркагандардын саны 7 киши. Баары ооруканага жеткирилди. 6 өлүм катталды. Катталбай калган кырсыктардын саны бир Кудайга маалым.
Ислам көз карашы боюнча алганда, жыл жаңырган күндү майрам катары белгилөө арам амалдардан болуп саналат.