ИРАК ӨКМӨТҮ ФАЛЛУЖА ҮСТҮНӨН КӨЗӨМӨЛ КОЛДОН ЧЫККАНДЫГЫН МОЮНГА АЛДЫ

318
0

4-январь күнү Agence France-Presse кабар беришинче, Ирак өкмөтү Анбар провинциясында жайгашкан Фаллужа шаарын көзөмөлдөй албай калды.

Ирак коопсуздук күчтөрүндөгү расмий өкүлдүн айтымында, 300 миңден ашуун калкы бар Фалужжа шаары толук бойдон суннийлерден турган “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети”  тобундагы исламий мужахиддердин колуна өтүп кеткен. Ирак полициясы шаарга туташ болгон айрым аймактарды гана көзөмөлдөөдө.

Анбар провинциясында өкмөткө каршы куралдуу козголоӊ 30-декабрь күнү башталган эле. Буга, Ирак өкмөтүндөгү көпчүлүк чечүүчү орундар шиалар тарабынан монополия кылып алынганына каршы Рамади шаарында суннийлерден турган нааразылар уюштурган лагердин таркатып жиберилиши себеп болгон эле.

Акыркы убактарда “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” тобунун колдоосу астында сунний козголоӊчулар Рамади жана Фалужжанын айланасында өкмөттүк кошуундар менен согушуп жатышты. 3-декабрдагы чабуулдун натыйжасында эки тараптан жалпысы болуп жүздөн ашуун адам курман болгон.

Туркистон: Сириядагы инкылаптык аракеттерден таасирленген мусулмандардын исламий туйгуларынын козголуп турганы, кээ бир туура эмес багыттарга багыттоо аракеттерине да ыӊгайлуу болушу мүмкүн. Иракта шиалар бийликке келип алышкан жок. Аларды АКШ Иракты басып алгандан кийин атайылап ушул орундарга дайындаган.

Мисирде конституцияны кабыл алуу референдумуна каршы аракеттер, кайсы бир топтон башкасына көбүрөөк артыкчылыктар өтүп кетип жатканы үчүн уюштурулушу  туура эмес. Себеби, проблема Мисир конституциясынын бири экинчисинен абзел экендигинде эмес. Иракта да проблема бийликке шийалардын келип калгандыгында эмес. Тескерисинче бул эки абалда теӊ бирдей адашып калуу коркунучу бар. Алар эл аралык системанын бузуктугун, ушул система негизиндеги ар кандай башкаруу куфр экендигин, учурдагы акимдер ошол куфрдун алсыз малайлары экендигин жана алардын башкаруу программаларынын бирин экинчисинен абзел көрүү мусулмандар үчүн арам экендигин түшүнүүсү керек. Болбосо куфр бизди боордоштор аралык согуштар айлампасына тарта берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here