АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “АКШ Ирак өкмөтүнө “Ал-Каида”га байланыштуу болгон террористтик топторго каршы күрөштө жардам берет, а бирок аскерий аралашууларсыз” деп билдирүү жасады. АКШнын Иракка бастырып киришине каршы күрөшкөн топтордун борбору болгон Фалужжа шаарын 4-январь күнү “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” тобунун мужахиддери ээлеп алышкан болчу. О.э. мужахиддер Рамади шаарынын да чоӊ бөлүгүн ээлеп алышкан.
Жон Керринин айтымында, АКШ Иракка аскерий кошуун жөнөтүүгө аракет кылып жаткан жок.
Жон Керри: “Бул ирактыктар алып барышы керек болгон согуш. Биз кайтып баруу жолдорун карап жаткан жокпуз. Биз аларга бул күрөштө жардам беребиз, ал эми алардын өзү жеӊишке жетиши керек. Алар мунун өтөөсүнөн чыга алат деп ишенемин”, – деди.
О.э. Керри “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” бул аймактагы эң кооптуу топ экендигин белгилеп өттү. АКШнын мамлекеттик катчысы Израилде болуп өткөн маалымат жыйынында: “Биз Ирак өкмөтүн жана кырдаалды изден чыгармакчы болуп жаткандарга (террористтерге) каршы күрөшүп жаткан бардык тараптарды колдоп-кубаттайбыз”, – деди.
Туркистон:Ирак калкын диктатордун чеӊгелинен куткарып, ирактыктарга “демократиялык эркиндик”терди берүү үчүн Иракка бастырып кирген АКШ өкмөтү ал жерди алгач оӊой эле ээлеп алган болсо да, кийинчерээк колонизатордук табиятындагы ачкөздүк жана бузгунчулуктарынын натыйжасында элдин жек көрүүсүнө дуушар болду. Мусулмандардын бул баскынчы күчтөргө көрсөткөн олуттуу жана кескин каршылыктары натыйжасында, АКШ өкмөтүнүн жеӊишке оӊой жетүүгө болгон ишеними жана текебердиги катуу соккуга учурап, өзү проблемалар айлампасына түшүп калды.
Ошондон кийин мусулмандардын бул каршылыгын сындыруу үчүн өзүнүн жийиркеничтүү ыкмаларын ишке сала баштады. Бул ыкмаларынын бири, мусулмандар арасында мазхабчылыкты күчөтүү болду. Бул максаттта АКШ Ирак өкмөтүнө жана күч түзүмдөрүнө өзүнүн шарттарына көнгөн о.э. бул баскынчы күчтөр менен кызматташууга ыраазы болгон шиа мазхабына таандык мусулмандарды алып келип, алардын колу менен сунний мазхабындагы мусулмандарды террор кыла баштады.
Мунун натыйжасында болсо мусулмандар өздөрүнүн чыныгы душманы болгон баскынчы күчтөр калып, бири-бири менен күрөшө башташты. Натыйжада Америка көздөгөн максатына жетип, Иракты өзүнүн малайларынын колуна калтырып чыгып кетти. Жийиркеничтүү колонизатор жагып кеткен мазхабчылык оту болсо бүгүнкү күнгө чейин бейкүнөө мусулмандарды өзүнө тартууда.