АТАМБАЕВДИН ОТСТАВКАСЫ ҮЧҮН 50 МИҢ КОЛ ТОПТОЛДУ

246
0

K-News сайтынын кабар беришинче, Кыргызстанда президент Алмазбек Атамбаев отставкага кетиши үчүн оппозиция 50 миң кол топтогон. Бул тууралуу басылмага “Мекенчилдер элдик кыймылынын” жетекчиси Назарбек Нышанов кабарлаган.

Кол топтоо Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп жатат. Азырынча колдордун көбүрөөгү мамлекеттин түштүгүнөн топтолгон. Т.а. 40 миңи түштүктөн, 10 миңи түндүктөн топтолгон.

Оппозициядагылар жалпысынан 300 миң кол топтоо ниетинде. Ошону менен бирге алар, Атамбаевге убакытты текке кетирбестен өз ыктыяры менен отставкага кетишин эскертишти. “Болбосо, аны да мурдагы президенттердин тагдыры күтүп турат”, – деп коркутту Нышанов.

Ноябрь айында “Мекенчилдер элдик кыймылы” президентке “коомдук импичмент” жарыя кылган эле. Оппозиционерлер Атамбаевди “ 2010-жылы конституцияга каршы келген жолдор менен куралдан пайдаланып өкмөттү кулатып, мыйзамсыз түзүлгөн убактылуу өкмөттүн жардамы менен өкмөттү басып алгандыкта” айыпташкан эле. Мындан тышкары, 2010-жылдын жайында түштүктө жүз берген этникалык чыр-чатак маалында курман болгон адамдар үчүн жоопкер экендигин айтып о.э. мамлекетке пайдасыз болгон келишимдерди түзгөндүктө жана коррупцияга аралашкандыкта айыпташкан эле.

Назарбек Нышанов Кыргызстандын алгачкы эки президентине карата импичмент жарыя кылган болчу. О.э. эгерде Бакиев отставкага кетүүгө ыраазы болбосо өзүн-өзү өрттөй тургандыгын айтып коркуткан эле.

Туркистон: Атамбаевди жазында оор күндөр күтүүдө. Албетте, бул анын эл аралык саясий майдандагы ээлеген алсыз позициясына жана чоң мамлекеттердин ушундан пайдаланып жатышканына байланыштуу. Бирок, ал бул абалдардан ошол чоң мамлекеттердин бирин коюп экинчисин ыраазы кылууга аракет кыла берүү менен чыгып кете албайт. Бул аракеттердин бардыгы анын бийликтеги өмүрүн убактылуу узартышы мүмкүн. Аларды көпкө чейин ыраазы кылуу үчүн Кыргызстандын жерлери да байлыктары да жетпейт.

Атамбаевдин өзүнө койсо Түркиянын башкаруу системасына өтүүнү каалайт. Ал бир нече жолу эфирден өзүнүн намазмурда  окугандыгын айтып, учурда окуй албай калгандыгына өкүнгөндөй болуп сүйлөдү. Ооба аны Ислам гана сактап калат болчу. Ал тургай, Түркия сыяктуу бузук абалда аткара алганда да башкаруудагы өмүрү көпкө созулат болчу. Себеби, Кыргызстан калкынын Исламга болгон сүйүүсү ушунчалык күчтүү дейсиӊ, эгерде мусулмандар аны коргоого алгыдай болсо, эч кандай Америка же Россия аны мусулмандардан сууруп ала албайт болчу. Ошондо алар Атамбаев менен эӊ эле жок дегенде Эрдаган менен эсептешкендей сүйлөшөт эле. Себеби, учурда Кыргызстан алар үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп турат.     

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here